ай I 1. луна, месяц; ай караңгысы безлунная ночь; ар кимдики өзүнө, ай көрүкөт көзүнө погов. каждому своё луною кажется; своё не мыто, да бело; ай арасы 1) новолуние; 2) пасмурная погода; ай арасы болуп турат погода стоит плохая; ай арасы болгондой туманданган тоонун башы стих. вершины гор затуманены, будто при погоде пасмурной; ай тийген жердин баарысы подлунная (весь мир); ай тийген жердин баарысын алат экен балаңыз фольк. всю подлунную, как видно, завоюет ваш сын; ай башы 1) (или ай жаңысы) новолуние; 2) этн. канун праздника рамазана (в этот день производятся расходы на приготовления к празднику); ай башы думанадан үмүт кылат (или үмүт этет) погов. канун рамазана (даже) на нищего рассчитывает; и голыш не без праздника (т.е. и нищий что-нибудь израсходует); бүгүн ай башы, эртең - айт стих. сегодня канун, завтра праздник; 2. месяц (единица времени); айына жыйырма беш сомдон по двадцать пять рублей в месяц; ай, жылында келип жүр, ардактап баккан Олжобай фольк. приезжай (раз) в месяц, (а уж, если нет, так хоть) в год, взлелеянный (нами) Олджобай; айдын жарымы караңгы, жарымы жарык погов. половина месяца тёмная, половина - светлая (бывают горести, бывают и радости); названия месяцев старого народного календаря (наши соответствия даются приблизительно): бирдин айы февраль (по другой версии - январь; тогда соответственно передвигаются и остальные), жалган куран (см.куран II) март, чын куран апрель, бугу (см.) май, кулжа (см.) июнь, теке (см.теке I) июль, баш оона (см.оона I) август, аяк оона сентябрь, тогуздун айы октябрь, жетинин айы или майбилек ай ноябрь, бештин айы декабрь, үчтүн айы январь; 3. употребляется как символ женской красоты; ай десе - айдай, күн десе - күндөй сулуу кыз девушка, можешь сказать, красива, как луна, как солнце; ай жамал или ай жамалдуу или толгон айдай луноподобная; ай жамалдуу бото көз фольк. луноподобная и с глазами верблюжонка; ай тамак см.тамак 2; 4. изображение в виде полумесяца; ай балта см.балта; ай балка см.балка; ай казанак см.казанак; ай тийгендей сарала или ай сарала (о масти коня) булано-пегий с большими белыми пятнами; 5. при образном названии животного указывает, что данное животное предназначено в жертву; ай туяк лошадь; ай мүйүз корова; бал айы (калька с русского) медовый месяц; ай айланып, жыл тегеренбей эле не успели оглянуться, как...; прошло немного времени, и...; не прошло и нескольких месяцев, как...; айга колу жеткендей (он ведёт или чувствует себя так) будто он превыше всех и всего (букв. будто рука его луны достигла); айы оңунан тууган ему везёт; обстоятельства складываются для него благоприятно; он удачлив (букв. у него луна взошла справа); ай он бешинде кайда барар дейсиң? погов. куда, думаешь, пойдёт луна после пятнадцати (дней) ? (это предел, дальше луна может быть только на ущербе); бирдин айындай чоюл- см.чоюл-; ай жур, аман жур! желаю тебе счастливого пути (сколько бы ты ни ездил) !; айы-күнү жетип отурат или айы-күнү толуп отурат ей настало время родить; ай-күнүнө жетип олтурган Айганыш Айганыш была на сносях; айы жетпегенбала недоносок; ай-асман см.асман II 1; ай-асмандап кет- см.асманда-; ай баткандай бол- быть в большом горе (напр. потеряв близкого); ай баткандай кыл- причинить большое горе; ашыктай болгон жалгыздын алмадай башын алайын, ай баткандай кылайын фольк. (её) единственному малышу сорву голову, как (срывают) яблоко, и причиню (ей) большое горе. ай II только в исх. п. из-за, по причине; карылыктын айынан по старости, причиной тому старость; сенин айыңан далай тил уктум из-за тебя я много слышал упрёков; жан багуунун айынан ради пропитания. ай III 1. окрик на табун лошадей; 2. возглас предостережения, увещевания, неодобрения; "ай, ай!" сөзду укпастан айта берет тартынбай стих. не слушая увещеваний (букв. слов "ай, ай!"), говорит и говорит без стеснения; "ай!" деп койгон жерим жок, жаман айткан кебим жок фольк. я (на тебя) грубо не крикнул (букв. не сказал "ай!"), плохого слова (тебе) я не сказал; ай-буй или ай-уй окрик увещевательный, предупреждающий; ай-буйга көнсүнбү! да разве он послушается увещеваний (где там) !; 3. (или ай-ий или айиий или эмфатически ай-и-и-й) возглас удивления или сожаления: ай, таң ой, не знаю; ай-ий, уят-ай! ай, какой стыд!: ай-ий! ого!, хорошо! (возглас удивления в разговоре с детьми); 4. употребляется при обращении; ай, Айша! эй, Айша!; ай! кимсиң-ай? эй! кто ты? эй! кто там? ай IV ай-аалам весь мир, вселенная; ай-ааламды асмандан тең карайсың Ала-Тоо стих. ты, Ала-Тоо (гора), осматриваешь с высоты весь мир; ай-ааламды кыдырды он исколесил весь мир; ай-аалам мүлктүн баары все богатства мира; ай талаа необитаемое пустынное место ай далы см.далы 2.
II: ай-аалам — бүт дүйнө, жер
жүзү. Кетти атагың ай-ааламга таралып (Тоголок Молдо).
АЙIII: айталаа — ээн, эл жашабаган жер, ээн талаа. Ай далы — далынын үстү.
АЙIVсырд.1. Көңүл бурдуруу, тескөө максатында, кайрылуу, иретинде колдонулуучу кыйкырык. Ай, Акия, тынч олтур! (Сыдыкбеков). [Орусбек] кой-айды укпай ээлигип жөнөйт (Сыдыкбеков). Курбум ай!.. Кандай шайыр биздин кыздар, Мисалы, колхоз кызы Бүбүяны ал (Турусбеков).
2. Таң калгандыкты, кубангандыкты, шаттангандыкты билдирүүдө колдонулат. Ой бали ай, ашыклыктын ана күчү! (Осмонов). Койчу кыйкырат: «Пай-пай, Азаматтын жүрөгү ай!» (Борбугулов).
3. Өкүнгөндүктү, чочугандыкты, кейигендикти билдирүүдө колдонулат. Ай, ким билет, ишенбей калдым сага (Байтемиров). Кичинекей кыз коркуп кетип: — Энеке ай! — деди (Сыдыкбеков). Балдардын билбестиги ай! (Сыдыкбеков).
Iзат.1. Күн нуруна чагылышып жаркырап көрүнүп туруучу асман телосу. Сөөлөткө жасап койгондой Асмандын көркүн ай берет (Аалы).
2. Жылдын он экиден бир бөлүгүн көрсөтүүчү мезгил. Январь айы, февраль айы ж. б. ♦ Айданачык — апанык, даана, так. Айжамалдуу,айжүздүүжеай
ай (жердин ээрчимеси), айы ай арасы ай-асман ай балка ай балта ай башы ай далы айдан ачык ай деңиздери ай жамалдуу ай жаңыруу ай жылы ай календары ай кара ай караган теке айга колу жетүү ай-күнүнө жетүү ай материги ай сайын ай талаа ай тамак ай тутулуш ай туяк айдын күңүрт жаңырыгы айдын магнит талаасы айдын он беши кара, он беши ак айдын толкуну
межд. ай, ий, калак, калакай, кокуй; ай, как нехорошо! ай, жакшы эмес ко!; ай-ай-ай ай-ай-ай; ай да... ай, баракелде...; ай, бали...; ай да молодец! ай, баракелде, эр экен!
1. Күндүн чагылышкан нуру менен жарык болуп туруучу асман телосу, Жердин жандоочусу. Ай чачырап, жылдыз көп, Ажайып сонун турмуш көп («Олжобай менен Кишимжан»). Америкалык астронавт дүйнөдө биринчи болуп Айга барып конгон. Күн да болуп, Ай да болуп асманда, Жаркыраган рухун бизге чачар да (Акматалиев). 2. Айдын Жерди айланып чыгышында жаңыдан көрүнүп, толуп, кайра жоголгон мезгилдерге кеткен убакытты эсептөө бирдиги; жылдын он экиден бир бөлүгүн көрсөткөн чак, календарь боюнча 28–31 күндөн турган убакыт, мезгил өлчөмү. Март айында кош чыгып, Чүй өрөөнүндө жазгы талаа жумуштары кызый баштады. 3. Жалпы эле бир айлык (30 күнчөлүк) убакыт бирдиги. Бир ай жатты айлында, Кыз ала турган кайнында («Олжобай менен Кишимжан»). Ай бою кылган ишинин эсебин чыгарды (Мавлянов).
1. Чочуганда, өкүнгөндө, күнөм санаганда, ыраазы болгондо ж.б. учурда айтылат. Ай ким билет ишенбей калдым сага (Байтемиров). Кичинекей кыз коркуп кетип: – Энеке ай! – деди (Сыдыкбеков). Балдардын билбестиги ай! (Сыдыкбеков). Ичкендин баары жайнаган, Ай, ракмат аккан суу (Барпы). Кагылайын каралдым ай, Кыз да болсо медерим («Эр Табылды»). 2. Бирөөнүн көңүлүн өзүнө буруу же тыйып коюу үчүн айтылат. – Ай, Батыш, сен эси жоктук кылба (Байтемиров). 3. Таң калгандыкты, шаттангандыкты, көңүл эргип, кубангандыкты билдирүү үчүн айтылат. Пай-пай, азаматтын жүрөгү ай! (Борбугулов). Ой бали ай, ашыктыктын ана күчү! (Осмонов).
АЙБА — эпизоддук кейипкер, кытай балбаны. Чоң казатта Чубак ыргыта сайган кытай баатыры Канжарколду атка мингизип алып кетмекчи болгондо, Ажыбай А-дан мурун жетип Канжарколдун башын кесип кетет (Саякбай Каралаев, 2. 192).
1. тяньш. богомол (насекомое); 2. женск. кузнечик; 3. перен. (чаще в форме сравнения айбаалыдай как богомол) живые мощи, кожа да кости (о сильно исхудавшем человеке).
АЙБАЛТА — согуштук курал. Байыртадан көп элдер колдонуп келген. Ал курч темирден жарты ай сымак жасалып, катуу жыгач менен сапталат. Кыргыздарда согуштук балталар 6—9-кылымдан бери белгилүү.
Эпосто А. темир менен болоттун ширетүүсүнөн жасалып, сабы ыргай, ага кайыштан бүлдүргү тагылат. Айрым учурда алтын менен кооздолот. «Манастагы» А. дал ошондой курал.
Iзат.1. Колго багылган жана жапайы (көбүнчө жырткыч) сүт эмүүчү жаныбарлар. Айбан туруп сүйлөгөн, Жылкыдан башка Чалкуйрук («Эр Төштүк»). Айбан эңкейсе, жер үрпөйөт (макал). Айбан аласы сыртында, адам аласы ичинде (макал).
2.өт. Адамгерчилиги жок, мүнөзү жаман, орой; ырайымсыз, таш боор. Айбан эмей эмне, Адамчылык кылбаса (Тоголок Молдо). Теңир урган Чонтойдун Жоругу айбан малда жок (Тоголок Молдо).
АЙБАНIIзат.1. Үйгө жанаштыра салынган, көбүнчө калканчы бар аянтча, секиче, бастырма. Токтор менен Култай айбанда отурган эле (Абдукаримов).
2. Калканч. Башында айбаны тар шапке (Абдукаримов).
1. Бакма жана жапайы жашаган төрт аяктуу жаныбарлардын жалпы аты. Айбан туруп сүйлөгөн, Жылкыдан башка Чалкуйрук («Эр Төштүк»), Кабылан, жолборс, карышкыр, Азуусу бар айбандар (Тоголок Молдо). Үй айбандары. Жапайы айбандар. 2. өт. Мүнөзү жаман, адамгерчилиги жок, орой, ырайымсыз, наадан (кишиге карата). Айбандын ойрон кылып жаткан жайын, Берлинге улам жакын калган сайын (Осмонов). Жеткен айбан экенсиң го («Ала-Тоо»).
зат. Жалпы эле айбандар (1-маанисинде). айбандарга карата берилген жалпы ат. Айбанат тоолуу жердин көркү (Бейшеналиев). Жарганаттын жүнү жок, Айбанаттын тили жок (Токтогул).
Адамдан башка жан-жаныбарлардын, канаттуу куштардын жалпы аты. Айбанаттын эң чоңу Пилден козгоп сайрады (Тоголок Молдо). Айбанаттар жай алар Ак чаңгыл тоонун адырын («Семетей»).
АЙБАНБОЗ — Манастын аяк улоо катарында ич-арага мине турган аты. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Чоң казатта А-ду Манас чалгындын жолун талашып чырдашкан Алмамбет менен Чубакты жараштырууга артынан барганда минет. Ошол боюнча ал жерде калган Манас чалгындап барып, жылкы тийген Алмамбет, Чубак, Сыргактардын соңунан кууп келген кытайларга каршы согушка А-ду минип кирүүгө мажбур болот. А. Манасты көтөрө албай Коңурбайдын көп колунун курчоосунда калат. Эпосто бул мотив аркылуу А-дун тулпарлык касиетинин начардыгы, Манасты Аккула менен Тайбуурулдан башка ат көтөрө албастыгы көрсөтүлгөн.
АЙБАНБОЗ — Айкожонун тулпары. Валиханов жазып алган эпизодбоюнча Көкөтөйдүн ашында «Айбанбоздой күлүк ат» (Валиханов жазып алган эпизод «Ала-Тоо», 1979, № 7, 78-б.) алып келип чапсын деп айтылат.
1. Айбанга таандык сапаттар, касиеттер. Айбандыгың болбосо, Акылың артык бир малсың («Эр Табылды»). 2. Адамкерчилиги жоктук, наадандык. Көрдүңөрбү, агалар? Айбандык кылык билинди («Эр Төштүк»). Өлөрүн өзү билбеген Айбандык жайы дагы бар («Манас»).
южн.то же, чтосарайван I; алмурут, айбансары, долоносу - ар жерде тиккен өңдүү колдон тандап стих. (дикие) груши, айбансары, боярышник везде как на подбор руками посажены.
1. что-либо не очень ценное, до известной степени заменяющее собой другое; что-либо могущее служить кое-какой опорой или острасткой (напр. хворостина вместо дубинки, перочинный нож вместо кинжала и т.п.); жаман да болсо айбары бар у него всё-таки кое-какая опора есть; кичине айбар кылып алайын (это) возьму я себе в качестве маленькой опоры (или защиты, или для острастки); 2. перен. острастка; угроза.
1. Айбат, сүр. Жүзүндө айбары бар. Бактын бутактарын уй айдагандар чыбык, атка мингендер айбар кылыш үчүн сындыра беришет («Чалкан»). 2. Жөлөк калканч, жардамчы. Алы жокко айбар бол, Ашы жокко айран бол (Арстанбек).
зат. Кайрат, каар, сүр. Өзүбүз айбат кылбасак, Ким бизди кимден коргомок (Турусбеков). Арстан Манас баатыры Айбатын салып айкырып («Манас»). Алмамбет келип калыптыр Айбаты алгыр жолборстой («Манас»).
Бирөөнүн кол салышына, өкүмдүк, зордук кылышына каршы көрсөтүлгөн кайрат, каршылык. Ошондо Айдаркан уулу эр Көкчө, Айбаты журттан бөлөкчө («Манас»). Айбаты бар жигиттин, Атагы калат артында (Токтогул). Доңуз айбат к. доңуз.
1. Катуу кайгыга, оор кырсыкка учуроо, үмүтсүз мүнкүрөгөн абалга жетүү. Чал-кемпир эңкейип калган кезде жалгыз баласынан ажырап, ай баткандай болуп мөгдөп калышты (Каимов). 2. Жок болуу, өлүү. Бечара ай баткандай болуп, жаштайынан соолду («Чалкан»).
1. Катуу кайгыга, оор кырсыкка учуроо, мүңкүрөгөн абалга жетүү. Чал-кемпир эңкейип калган кезде жалгыз баласынан ажырап, ай баткандай болуп мөгдөп калышты (Каимов). 2. Жок болуу, өлүү. Бечара ай баткандай болуп, жаштайынан соолду («Чалкан»).
Өлтүрүү, жок кылүү. Ашыктай болгон жалгыздын алмадай башын алайын, Ай баткандай кылайын (фольк). Алмадай башын алайын, Ай баткандай кылайын («Эр Табылды»).
этиш. Ийменүү, жазгануу, тартынуу, уялуу. Атай жалгыз чоочун үйгө басып кирүүгө айбыга турган (Бейшеналиев). Келиндерге мен калдым Кеп айтыштан айбыгып (Токтогул).
Жазгануу, ийменүү, тартынуу, бир нерсени иштөөгө же бир жакка багыт алганга батына албаган абал. Атай да баруудан айбыкты (Каимов). Умсунуунун жүрөктөгү ыргагын Ушакчылар угабы деп айбыгам (Байзаков). Ары айбыгып, ары жандай көргөн атаны аёо себебинен Батийна да бир аз жумшаргансыды (Сыдыкбеков).
то же, чтоайбык-; айбынбасын жүрөгүң: алда кандай күн болот, айбынбай күчтү үрөгүн фольк. пусть не смущается твоё сердце: бог весть какие дни настанут - не жалея, приложи все силы.
1. диал. Үйдүн алды жаккы бетине жанаштыра салынып, үстү үй менен туташ жабылган веранда сыяктуу жай. Үсөн айбандагы жыгач керебетке төшөк салдырды да, сөөгүнөн башка эч салмагы калбаган жубайын балача карысына салып көтөрүп келип жаткызды (Касымбеков). Токтор менен Култай айбанда олтурган эле (Абдукаримов). Үйдүн айванына ээрчитип барды. 2. Сере, серече. Ичине беш канна кылдырып, бет алдын айван кылдырып, сырдатып жай салдырды. (Касымбеков).
Бирөөнү чакырган же кандайдыр бир себеп менен дүрбөтүп чуу салган катуу кыйкырык. Кырга чыгып алыптыр, Кыйкырып айгай салыптыр («Манас»). Айгайды калың салуучу, Ажыратып алуучу Күлчоро жетик мында жок («Сейтек»).
понуд. отайгайла- вызывать тревогу, вызывать тревожный крик; айкырып четтен жоо кирсе, айгайлатпай ким тозот? фольк. когда с рёвом ворвётся враг, кто преградит (ему) путь, не вызывая криков тревоги (у своего народа) ?
доносчик (иногда под этим понимается и наводчик-провокатор: наведёт, а потом сам же донесёт); уурунун бир бети кара, айгактын эки бети кара погов. у вора одна щека черна, а у доносчика (двурушника) обе; жаман айгак жанынан тартат погов. плохой доносчик из своего кармана расплачивается; айгакка алты таяк погов. доносчику шесть палок; айгактын түбү ууру погов. в доносчике кроется вор; ууру коркот айгактан погов. вор боится доносчика; таш айгак южн. молотильный камень.
зат. Сөз ташуучу, чагымчы. Жаман айгак жанынан тартат (макал).Айгакка алты таяк(макал). Жандими жансыз айгак бар, жан бергенден тартынбайт(Тоголок Молдо).
Бирөөнүн кылган кылмышын, уурулугун айтып, элге билдирип коюучу. Жаман айгак жанынан тартат (макал). Түн ичинде жаккан оту ал үйдүн айгагы (Токомбаев).
Кандайдыр бир кылмыштуу ишке бирге катышып же аны көрүп-билип, кийин аны айтып берип, айыбын ачып, күнөөнү мойнуна коюп берген кишини айгак дейт. Бул сөз ай+гак деген эки морфемадан турат. Анын ай уңгусу байыркы түрк тилинде азыркы айт сөзүнүн маанисин берген (ДТС, 25). Ошол сөзгө атооч жасоочу -гак мүчөсү уланып, айгак сөзү жаралган. Мындай -гак мүчөсү кускак, туткак сыяктуу учурларда көнүмүшкө айланган сапатты билдирет. Ошону менен бирге баткак, сайгак, таңгак, сойгок деген сыяктуу сөздөрдө этиштен зат атооч сөздөрдү жасайт.
Телегейи тегиз болгондой, болуп-толуп тургандай, бардыгына мүмкүнчүлүгү бардай. Койкоюшуп жүрүшчү, Айга колу жеткендей (Маликов). Бул эмне эле айга колу жеткендей керилип калган?
Телегейи тегиз болгондой, болуп-толуп тургандай, бардыгына мүмкүнчүлүгү бардай. Койкоюшуп жүрүшчү, Айга колу жеткендей (Маликов). Бул эмне эле айга колу жеткендей керилип калган? В.: Асманга колу жеткендей. Кудайбергендин асманга колу жеткендей болуп турганда, букаралардын эсириши жаман белги эле (Каимов).
АЙГАНЫШ — Көкөтөйдүн аялы Күлайымдын атынын ордуна кээде колдонулган эпитет. АЙГАНЫШ — эпизоддук кейипкер, Жолойдун аялы. Аярлык касиети бар аял катары айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 293).
Даана көрүнүп турган, ачык-айкын, дапдайын. Асман ачык, аба тынч, алыстаган караан айгине көрүнөт (Убукеев). Райхан асыл максатты алдына койгон жаштарыбыздын бири экендиги айгине («Ала-Тоо»).
айгинеле этишинин кыймыл атоочу. Биздин максатыбыздын тууралыгын, адилеттүүлүгүн айгинелөө үчүн турмуштун өзүнөн эле көп фактыларды келтирүүгө болот («Кыргыз туусу»).
АЙГЫМ — этноним, Кырк чоронун бири Калдар А. уруусунан болот (Сагымбай Орозбаков, 2. 427). АЙДАР — эпизоддук каарман. Бардык варианттарда айтылып, бирдей же окшош түрдө мүнөздөлөт. Негизинен «Көкөтөйдүн ашында» катышып:
Ар жумушка дилгирген,
Алтымыш бурку тил билген,
Ары тилмеч, ары акын
Ар жакшыга көп жакын.
Ыраакы, жакын иш кылсак
Ыкчылдыгы бар эле (Сагымбай Орозбаков, 3. 86),
деп сүрөттөлөт. Мааникерди минип ошол кездеги кыргыздарга белгилүү болгон бүткүл жерди кыдырып, ашка элди чакырып, эң жооптуу милдет аткарат. Ашта Ырчыуул менен бирге жарчы болот.
жеребец; айгырдын жаманы ат качырат погов. дурной жеребец меринов гоняет (от косяка; мерин ему не конкурент); ат качырбас боз айгыр смирный жеребец (в своём косяке); айгыр болор кулундун жаак эти чоң болот погов. у жеребёнка, который может стать (племенным) жеребцом, мышцы на скулах большие; бээ көрбөгөн айгыр жеребец, не имевший случки; айгыр карады жеребец покрыл, оплодотворил (кобылицу); айгыр бээлерди карап жүрөт жеребец находится в ярости (бегает за кобылицами); айгыр ат южн. мерин; айгыр сал- см.сал-VI 6; сары айгыр овсянка желочная (птица); айгыр жыгар 1) беломятлик (трава); 2) сев.этн. свадебный обычай: молодые родственницы невесты не выпускают её из дома родителей, требуя с жениха подарки; айгыр-байтал жазасы южн. название детской игры.
Бул сөздүн келип чыгышы жөнүндө айтылган пикирлер абдан көп. Алар жөнүндөгү кыскача маалыматтар Э. В. Севортяндын этимологиялык сөздүгүндө берилген (Севортян, 1974, 108). Ар түркүн пикирлердин көбүнүн чындыкка жакындыгы болушу мүмкүн. Бирок бул сөздүн келип чыгышы жөнүндө төмөнкүдөй болжолду сунуш кылууга болот.
Байыркы түрк жазууларында адгыр//азгыр түрүндө айтылган сөз азыркы кыргыз тилинде айгыр болуп айтылат. «Байыркы түрк сөздүгүндө» азгыр сөзү «свирепый» болуп которулган (ДТС, 72). Ушуга караганда байыркы адгыр// 1азгыр-->айгыр сөзү айгырдын мүнөзүнө жараша коюлган. Анткени жылкынын башкалары адамдын эркине оңой көнөт, үйрөнөт, үйүрдөгү айгырды байлап да, камап да токтотуу кыйын. Ошону менен бирге айгыр үйүрүнө башка малды, ит-кушту да жолотпойт. К. Дыйкановдун айгыр деген сөз ат+кыр («эркек ат») дегени чындыкка көп жакындашпайт (Дыйканов, 22). Анткени ат болгон соң айгырдай азынып, чалпоолук кыла албай калат.
Жаш айгыр. Бирок өзүнүн айгырак сымбатын билип жаткан Гүлсары жок (Айтматов). Анда тору байтал айгырактын жалына ээк артып жалын кашып кирди (Айтматов).
драться с остервенением; схватиться не на живот, а на смерть; ит айгышып калды собаки сцепились так, что их не разнять; айгышкан ожесточённый; айгышкан уруштар ожесточённые бои; айгышкан түрдө каршылык көрсөт- оказать ожесточённое сопротивление; алдыңан тосуп чыкпаймын, айгышкан жоону жеңбесең стих. я не выйду тебя встретить, если не победишь остервенелого врага.
Iэтиш.1. Турган жеринен башка бир жакка чаап, жазгап, дабыштап ж.б. кетирип жиберүү, кууп жиберүү, оолактатуу, алдындагы малды тескей жүрүү. Ээрди аттан алышып, Адырга айдап салышып (Үсөнбаев). Кырк бир чаар күлүк ат айдап, үйүнө жөнөп калды эми («Эр Төштүк»).
2. Башкаруу, жүргүзүү, кыймылга келтирүү. Вера Павловна дрожканы өзү айдап келди (Байтемиров). Мектепте машина айдаганды, трактор айдаганды үйрөтөт (Касымбеков). Толкун согуп кетпейби, Кемени койсо айдабай (Бөкөнбаев).
3. Жер оодарып жиберүү; кууп жиберүү. Жаш кезимден карты элем, Журтумдан айдап кетирди (Токтогул). Шамбеттер... Чегирткени айылдан айдап салган (Сыдыкбеков).
АЙДАIIэтиш.1. Эгинди же башка өсүмдүктөрдү эгүү үчүн жерди коңторуу, үрөн себүүгө ылайыктоо. Трактор минип жер айдап, Дыңды аңтарып таштагын (Осмонкул). Жер айдап, кээси арпа, кээси таруу себишет (Байтемиров).
2. Эгин, өсүмдүк эгүү. Эгин айдап, жакшы бак, Жазында чыгат жалтылдап (Токтогул). Ал экөөбүз чоң энем айдаган пияздан жесек, көзүбүздөн жаш аккан (Сыдыкбеков).
АЙДАIIIсырд. «Кана», «кана эмесе» деген мааниде, же «болду», «тез» деген мааниде колдонулуучу сөз. — Айда, балдар, тайганды дагы коркуталы (Сыдыкбеков). Айда, экинчи көзүмө көрүнбө! (Сыдыкбеков). Айда, жүктөп жөнөтө бергиле («Чалкан»).
Түрк тилдеринен, тагыраак айтканда, татар тилинен орус тилине өткөн бул сөздүн мааниси өзгөрүп, азыр бул тилде төмөнкүдөй маанилерди билдирет: 1. решительный, стремительный порыв отправиться куда-либо как действие. Там, брат, не станут разбирать, живой ты или мертвый, а сейчас тебя на телегу и — айда за город! (А. П. Чехов); 2. призыв, приглашение отправиться куда-либо. Все уходите, чтоб ни одной шельмы тут не оставалось! Айда, к свиньям собачьим! (А. П. Чехов).
Кыргыз тилинде адегенде малга карата колдонулуп (мал айда-), кийин арабага же сокого чегилген унаага, андан унаа калып, арабанын же соконун, коштун өзүнө өткөн (араба айда-, кош айда-). Кийинчерээк кыймыл-аракет багытталган объектиге карата да айтыла баштаган: жер айда, эгин айда ж.б. Кийин машинанын ж.б. пайда болушу менен аларга да өткөн: машина айда, кеме айда, кайык айда, самолёт айда ж.б. Айрым этимологдордун ою боюнча, бул сөз ай! деген сырдык сөз менен де- этишинин бирге колдонулушунан келип чыгышы мүмкүн: айда < ай + де.
1. гнать; мал айда- гнать скот; айдап кел- пригнать; айдап келген малы жок, кылып келген камы жок фольк. он не пригнал (никакого) скота, ни о чём он не позаботился; айдап кет- угнать; айдап чык- выгнать; айдап бар- гнать (туда); араба айда- ехать на телеге (управляя лошадью); 2. (точнее жер айда- или кош айда-) пахать; 3. сеять, сажать (производить весь процесс: пахать или вскапывать землю, сеять или сажать и т п.); эгин айда- сеять зерновые; буудай айда- сеять пшеницу; коон айда- сажать дыни; адат айда- следовать обычаю, соблюдать обычай; айдай кел см.айдайкел.
1. Малды чаап, жазгап же дабыштап, турган жеринен башка жакка кетирип жиберүү, кууп салуу, оолактатуу. Эгинди тепсетпей, тетиги торпокторду ары айдасаңчы («Жаш ленинчи»). Ээрди аттан алышып, Адырга айдап салышып («Олжобай менен Кишимжан»). 2. Малды ж.б. алдыга салып, белгилүү бир багытка карай сүрүү, тескеп жүрүп отуруу. Кой семиртип болгон соң, Анжиянга айдайлы (Тоголок Молдо). Багып жүргөн кырк тулпар Түгөл айдап келди дейт («Эр Төштүк»). 3. Туткунду, күнөөкөрдү ж. б. мажбурлап, белгилүү бир жакка барууга аргасыз кылуу, алдыңа салып, тийиштүү жакка жеткирүү. Жаш кезимден каршы элем, Журтумдан айдап кетирди (Токтогул). Солдат Каныбекти желкелеп айдап жөнөдү (Жантөшев). Кедейди айдап келет уруп, сабап «Tan пулду, бересиң» – деп коёт камап (Барпы). Шамбеттер Чегирткени айылдан айдап салган (Сыдыкбеков). 4. Кыймылга келүүчү, ордунан жылуучу нерсени (кайыкты, машинаны, самолётту ж.б.) жүргүзүү, анын жүрүү кыймылын башкаруу. Мектепте машина, трактор айдаганды үйрөтөт (Касымбеков). Араба кошуп, ат айдап, Кандайсың буудай тартканга (Осмонкул). Толкун согуп кетпейби, Кемени койсо айдабай (Турусбеков). Бирге жүрдүк, бирге жайлап, бир айлап, Кайык минсек, сен олтуруп, мен айдап (Осмонов). 5. Кетирүү, жок кылуу, бир нерседен арылтуу. Маляр келди, бир чоң үйдү майлады, Кабак түйгөн капалыкты айдады (Осмонов). Колхоз, совхоз бул күндө Эскиликти айдаган (Осмонкул).
1. Үрөн себүүгө же өсүмдүктөрдүн уругун, көчөтүн тигүүгө ылайыктатып, жерди трактор, соко же күрөктөө менен иштетүү. Жер айдап, кээси арпа, кээси таруу себишет (Байтемиров). Жер семизин тандатып Айдаган элди карачы (Токтогул). Трактор менен жер айдап, Дыңды аңтарып таштагын (Осмонкул). 2. Айдалган жерге эгин же башка өсүмдүктөрдү эгүү, себүү. Эгин айдап, чөбүң чап, Эмгегиңден пайда тап (Токтогул). Биз тажрыйба талаасына буудай айдаганбыз (Сыдыкбеков). Пахтаны айдап жайнаткан, Жер булбулун сайраткан (Бөкөнбаев).
сүйл. «Кана», «кана эмесе» деген мааниде же «жүр», «кеттик» деген маанилерде колдонулат. – Айда, тайганды дагы коркуталы (Сыдыкбеков). Айда, жүктөп жөнөтө бергиле («Чалкан»).
ажыдаар менен бирдей. Фашисттин айдагарын белден кесип, Жоо колун кыргынга алып кайра сүргөн (Осмонов). Кара туман каптоосунда Кара айдагар муунткан (Бөкөнбаев).
то же, чтоайдоочу 2; ат айдагыч жигиттер, булактатып желегин, айдоого атты даярдап, тосуп туруп калды эми фольк. (на скачках) парни-погоняльщики, размахивая флажками, подготовив коней к бегу, стояли в ожидании.
Ай жамалдуу, татынакай, сулуу, ажардуу. Таежеси Кишимжан Айдай сулуу жан болду («Олжобай менен Кишимжан»). Асмандаса талыкпаган, Айдайың бар, о Сыргак! (Токомбаев).
(воспринимается не как глагол, а как имя) 1. беспечный хозяин (напр. тот, кто сам ленится пригнать свой скот, а только говорит другому: айдай кел пригони); айдайкелден алтоо өлдү, көрөкелден көп өлдү погов. у "пригони" шесть издохло, а у "посмотри" много издохло; 2. уст. прогульщик.
Өз демилгеси менен иштебеген, тапшырса – иштеп, тапшырбаса жата берген адамдарга карата айтылган накыл кеп. Андай демилгесиз жаштар көсөөдөн айырмасы болбой «айдайкел» болот, бригадир бир ишти айтса иштейт, айтпаса кемеге жанында жаткан көсөө сымал үйлөрүндө жата беришет (Жантөшев).
1. окрик при окарауливании стада; 2. охот. ату!; 3. то же, что айдакчы; айдактын ити 1) собака загонщика; сен айдактын ити эмей, ким айдактын ити? если не ты, так кто же собака загонщика? 2) перен. угодливый и ревностный исполнитель чужой воли; 4. охот. гон; көрүп-көрбөй чуркаса, иттин көркү айдакта стих. красота (охотничьей) собаки в том, что она гонит (зверя), видя или не видя (его); 5. перен. окрик (напр. погонщика, конвоира); понукание; ...коркконунан айдакка көнүп жүргөн андан көп фольк. ... а ещё больше таких, кто из боязни привык к понуканиям.
Кыргыз тилинде итти тукуруу үчүн айдак, туайт, айт сөздөрү колдонулат. Булардын алдыңкы экөө жалаң гана итти тукурууда айтылса, акыркысы малды кайрууда жана башка жаныбарларды тукурууда да жумшалат.
Бул сөздүн тыбыштарында айырмачылык болгон менен, составында бирдейлик бардыгы оңой баамда-лат: айд+ак, ту+айт, айт. Баарына орток болгон айт уңгусу итти тукуруучу сөздөргө негиз болгон.
Ошол айт уңгусу эмне деген маанидеги сөз экендигине мындайча жооп берүүгө болот. Азыркы кыргызча ит деген сөз казак тилинде ыйт болуп айтылат, бирок ит түрүндө жазылат. А. М. Щербак ыйт түрүндөгүсү эң байыркы формасы деп эсептейт (Щербак, 970, 194). Ушул пикирге кошулуп, байыркы мезгилде ыйт жана айт деген сөздөр а жана ы тыбыштарын алмаштырып, варианттуу айтылган деген болжолго келебиз. Ал варианттар ит деген маани берген.
Итти тукуруу үчүн байыркы кыргыздар ит деген сөздүн өзүн айткан, антпесе ит башка жаныбарга айтып жаткан экен деп, тукурганды «түшүнбөй» калышы мүмкүн деп билишкен. Айдак сөзү айт+ак деген бөлүктөрдөн турат. Мунун айт деген уңгусу — жогор-ку ит деген маанидеги сөз: ит<ыйт>айт. Ага -ак мүчөсү уланганда, эки үндүүнүн ортосундагы т тыбышы д тыбышына өзгөрүп кеткен. Мындай кубулуш азыркы кыргыз тилинин фонетикасында жок, бирок этимологиялык талдоолордун негизинде айрым сөздөргө бул сыяктуу кубулуштар сейрек болсо да учурайт. Жогорку -ак мүчөсүнүн маанисин так айтуу азырынча кыйын. Ошондой болсо да анын маанисин болжолдоого болот. Азербайжанча кешөк, кара калпакча кешек сөзү «бото» маанисин берет. Кыргыз тилинде көш-көш! деген сөз аркылуу жалпы эле төөлөрдү чакырат. Буларды өз ара салыштырганда -ак мүчөсү уңгуга эч кандай жаңы маани бербей турганы аныкталат, ал бирде жаныбардын атын билдирген сөзгө уланса, бирде ал жаныбарды чакырган сөзгө кошулат.
1. Итти бирөөгө же бир нерсеге тукуруп, «кубала», «ал», «тиште» деген мааниде кыйкырып айтылуучу сөз. Ой-тоону бузуп жапырып, Айдак, айдак, айдак деп, Куу түлкүнү шаштырып («Семетей»). 2. Короо кайтарганда ит-кушка, ууру-бөрүгө дабыш салып, сес кылуу үчүн колдонулуучу кыйкырык. 3. өтм. Бирөөгө каршы көкүтүү, тукурук. Бирөөнүн айдагына көнбөө. Акындардын чабалы Билгенин айкын айта албай, Айдактап койсо бирөөгө Ээлигет, сөзүн кайтарбайт (Токомбаев). Сейитти бирөө айдактабай койду дейсиңби! (Сасыкбаев).
1. Байгеге кошулган аттарды жандап, жарышка айдап барып кошуучу киши. 2. Мергенчи киши аң уулаганда ага аң айдап, кыйкырык-сүрөөн салып туруучу киши. 3. Кийик уулаганда кийикти тосотто, камакта отурган мергенчиге айдап берүүчү анын жолдошу. 4. өт. Бакырып, кыйкырып сүйлөгөн адам. Айдакча адам экен. 5. Чакмак таш оюнунда «үйгө» айдап киргизиле турганы.
страд. отайда-; айдалган жер вспаханная земля. айдала- кричать "айда-айда!"; малды айдалап да кыйкырган киши жок нет (не слышно) никого, кто бы окрикивал стадо (т.е. нет признаков присутствия человека); айдалаган үн чыкты послышался крик "айда!" (видимо, кто-то окрикивает стадо).
айда II этишинин туюк мамилеси. Ал эрме чөл бүгүн жашыл, Кендир, пахта айдалып (Бөкөнбаев). Трактор, соко майлансын, Токтолбой эгин айдалсын (Осмонкул).
айдалуу I и. д. отайдал-; талаалар өз убагында айдалууга тийиш поля должны быть вспаханы своевременно. абдалуу II 1. гонимый; то, что или тот, кого гонят; айдалуу малыбыз наш скот (скот, который мы гоним); 2. (о земле) вспаханный, обработанный; балаң пайдалуу болсо, аштыгың айдалуу погов. если твой сын хороший (букв. прибыльный), твоя нива обработана.
Iсын. Айдоодогу, айдалып бара жаткан. Айдалуу мал. АЙДАЛУУIIсын. Айдалган, айдалып себилген, айдалып коюлган. Балаң пайдалуу болсо, аштыгың айдалуу (макал).
АЙДАЛЫП КЕТКЕН КИШИЛЕР – аргандай оор жумуштарга пайдалануу үчүн Экинчи дүйнөлүк согуш маалында гитлерчилер жана анын колбалдары тарабынан басылып алынган аймактардан күч менен алынып кеткен адамдар. Согуш бүткөндөн кийин СССР бир катар мамлекеттер менен советтик жарандарды репатриациялоо жөнүндөгү келишимдерди түзгөн. Качкындардын статусу жөнүндөгү 1961-жылкы Конвенцияда «А. к. к.» деген аталгы кездешпейт. Ошого карабастан, акыркы жылдары Качкындар иши боюнча БУУнун Жогорку комиссар башкармалыгы туруктуу жашаган жеринен мажбурлап көчүрүлгөн же таштап кетүүгө аргасыз болгон, бирок ошол эле мамлекеттин аймагында калып, маңызы боюнча ички качкынга айланган адамдарды белгилөө максатында өз иш-тажырыйбасында колдоно баштады.
Iсын. Жапайы эмес, айдалуучу, эгилүүчү (мис., өсүмдүк жөнүндө). Айдама эгин. АЙДАМАIIсын. Бирөө айтмайын, өз демилгеси менен эч нерсе иштебей турган, бирөөнүн айтканы боюнча жүргөн (мис., киши жөнүндө). Айдама киши.
Бирөөнүн айтканы менен иш кылган, өз алдынча иш жүргүзө албаган, өз демилгеси жок. Жээренче чечендин баласы Төлөмырза копол, жүдөмүш, айдама чыгат (Жусупов).
Түшүнүктүү, белгилүү, так, даана, анык. Кимдин ким экени Жылдызканга айдан ачык болду (Байтемиров). Колго түшкөн олжо көп адамдарга таандык экени айдан ачык (Осмоналиев). Албетте, эрегиштен эр өлүп, эрши бузулары эки тарапка тең айдан ачык (Сыдыкбеков).
Түшүнүктүү, белгилүү, так, даана, анык. Кимдин ким экени Жылдызканга айдан ачык болду (Байтемиров). Колго түшкөн олжо көп адамдарга таандык экени айдан ачык (Осмоналиев). Албетте, эрегиштен эр өлүп, эриш бузулары эки тарапка тең айдан ачык (Сыдыкбеков). Увазир кандай көйгө кабыларын айдан ачык түшүнүп, тоону карай качат («Кыргыз Туусу»). В.: Айдан ак. Алар тез мантыгып, акчага карк болору айдан ак (Ашымбаев).
АЙДАП КЕЛҮҮ – соттун, прокурордун, тергөөчүнүн чакыруусу боюнча келбей койгон (жүйөлүү себепсиз) айыпталуучу, соттолуучу, шек саналуучу, ошондой эле жабырлануучу, күбө ж. б. адамдардын ички иштер органы тарабынан мажбурлоо жолу менен алынып келинүүсү. Жогоруда аталган жактар жүйөлүү токтом боюнча аныкталган соң, аны аткаруу тийешелүү ички иштер органдарына жөнөтүлөт. А. к. түн мезгилинде жүргүзүлбөйт. Эрезеге жетелек балдар, боюнда бар аялдар, ошондой эле денсоолугуна байланыштуу келалбаган же жайгашкан ордун таштап кеталбаган бейтаптар мажбурлап алып келүүгө жатпайт.
Арыдан бери жок кылуу, жоготуу, түгөтүү. Сага эмне түтөт, азыр алсаң, азыр жок. Заматта айдап отко саласың, – деп аялым жемелей баштады («Кыргызстан маданияты»).
Арыдан бери жок кылуу, жоготуу, түгөтүү. Сага эмне түтөт, азыр алсаң, азыр жок. Заматта айдап отко саласың - деп аялым жемелей баштады («Кыргызстан Маданияты»).
айдар I уст. 1. волосы, оставляемые на затылке мальчика; 2. чуб, коса (у мужчины); аркасында айдары - тору айгырдын жалындай фольк. сзади у него коса, как грива у гнедого жеребца; айдарын тигип или айдарын салып злобно, зверем (взглянув); маа айдарын тигип турбайбы! да он на меня зверем смотрит!; айдарын тигип, найзасын суна кабыл алышты они встретили злобно, в штыки. айдар II то же, чтоайдарым; айдар кел! айдар кел! повей, ветерок!, повей, ветерок! (призыв ветра на току).
Iзат. Төбөгө коюлган чач. Беш балбанды карасаң, Төбөдө айдар чачы бар («Манас»).
АЙДАРIIзат. Айдарым жел, желаргы. [Чаргын].. жогортон муздак айдар беттерин желпип өтсө, аны да көп сезе бербей туруп кескин сүйлөдү (Сыдыкбеков).
АЙДАР Жаныбек уулу (1888, Алай району, Сабай айылы — 1936, ошол эле жер)— манасчы. А-дын шыгынын ойгонушуна таякеси Чомо түрткү болгон. Замандаштарынын эскерүүсүндө А. Чомо сыяктуу эле «Манас» эпосун 8 муун кылып айткан, бирок, анын айтканы кагаз бетине түшүрүлбөгөн.
«айдар I уст. 1. волосы, оставляемые на затылке мальчика; 2. чуб, коса (у мужчины); аркасында айдары – тору айгырдын жалындай фольк. сзади у него коса, как грива у гнедого жеребца; <> айдарын тигип или айдарын салып злобно, зверем (взглянув); маа айдарын тигип турбайбы! да он на меня зверем смотрит!; айдарын тигип, найзасын суна кабыл алышты они встретили злобно, в штыки» (Юдахин 1965:30).
Эркек кишинин төбөсүнө коюлуп, өрүлгөн узун чачы. Көкүл – айдар чачым бар («Манас» С.О.). Аркасында айдары. («Манас» С.К.). Жеңеси үн дебестен эки айдар кылып өрүп берди. (Абакиров). Коё берген айдары, Далыда жүрөт салпылдап. («Эл адабияты»). Алтын айдар, чок белбоо – Асылдын жалгыз баласы («Эл адабияты»). Алтын айдар, чок бел боо, Арстан тууган Алмамбет («Манас»). Аркасында айдары Тору айгырдын жалындай («Манас»).
< арабизм. hейдар «шер, арстан». Жакыптын уулу жайдарга, Жаш кабылан айдарга, Манаска кабар салыӊар, Чакырып келе калыӊар (Жүсүп Мамай). Жогорудагы «айдарын тигүү» жана «айдарын салуу» деген фразеологизмдер ушул айдар II менен байланыштуу болушу мүмкүн. Мындан тышкары, «Манаста» Алмамбетке гана айтылуучу «алтын айдар» (Алтын айдар, чок белбоо, Азиз кандын жалгызы) калмак тилинен да кездешет. Ошентип, түрк-монгол параллели деп эсептелип жүргөн бул сөздүн теги жогорудагы арабизмге барып такалышы да мүмкүн, анткени буга маанилеш көкүл сөзү да иран тилдеринен алынганы (көкүл < ир. какол) белгилүү.
АЙДАРКАН — каарман, казак каны Көкчөнүн атасы. А-дын башкаруучулук, баатырдык иш-аракети Сагымбай Орозбаковдун вариантында башка варианттарга салыштырганда кенен чагылдырылган. Эпостун алгачкы окуяларында ал жекеме-жеке сайышка түшкөн баатыр гана эмес, кеп-кеңеш берген карылардын катарында да сүрөттөлөт. Манастын төрөлүшүндөгү тойдо кытайдын Күнөс балбаны менен беттешүүсүнүн (Сагымбай Орозбаков, 1. 86, 98) тыянагы белгисиз калган, ал эми Нескара менен болгон урушта Даң-Даңды жеңет. Бирок, андан кийин жекеге чыккан баатыр Күдөңгө каршы баралбай качып берет (Сагымбай Орозбаков, 1. 204). Ал эми карылар кеңешинде ал тайманбас баатыр, кайраттуу акылман абышканын кебин салат:
Кан Жакып баштап карыңар
Кайратты таштап салдыңар
Качууну сүйүп калдыңар...
Туулмак бар, өлмөк бар,
Жакшылык менен жамандык
Туш-тушунда көрмөк бар (Сагымбай Орозбаков, 2. 17—18).
Текес кан менен болгон согушта кол башчы (кан) да болот (Сагымбай Орозбаков, 2. 39). Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Кошойдун Билерик менен Жарманасты бошотуу үчүн Бээжинге жасаган жортуулуна катышып, кайра келаткан жолдо Манас менен Кутубийге жардамга келишип, кытайлар менен согушка да катышканы айтылат (Саякбай Каралаев, 1. 147, 150, 159, 161).
И. Абдувалиев
АЙДАРКУЛОВ Кадыркул (1946, Жаңы-Жол району, Кызыл-Жар айылы) — тарыхчы, «Манас» изилдөөчү. 1969-жылдан КПСС мүчөсү. Кыргыз Мамлекеттик Университетин тарых факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн (1973). 1974-ж-дан Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын тарых институтунда илимий кызматкер. А-дун «Манас» изилдөөдө негизинен «Семетей» бөлүгүнө кайрылып, көптөгөн илимий-популярдуу макалаларды жана «Кылымдар жаңырыгы» (1991) аттуу китебин жазган, к. Кылымдар жаңырыгы.
лёгкий ветерок (чаще утренний и вечерний); айдарым жел жүрүп (или согуп) турат дует лёгкий ветерок; айдарымга чапканда, эки этектен үн чыгат фольк. когда (всадник) скачет в ветерок, полы (его одежды, развеваясь) издают звук (так мчится конь); айдарым какыр талаа безжизненная пустыня.
Жамандык ойлоо, абдан каршыгуу, жамандык кылууга ниеттенүү, артынан түшүү. Айтарын айтып, айдарын тикти (Бейшеналиев). Мага айдарын тигип турбайбы. В.: Кастарын тигүү. Жутаке менен Түнкатар молдонун тукуругу боюнча мага кастарыңды тигип калганыңды билем (Жантөшев).
1. айда этиштеринин аркылуу мамилеси.
2. Токтолбой айта бер, жөнөтө бер деген мааниде шыкак берүү иретинде колдонулуучу сөз. Айдат, Манастан, биз да башты бекер оорутпай жыргай түшөлү (Бейшеналиев).
понуд. отайда- 1. заставить гнать; алтымыш ала жылкыны айдатып берди устага фольк. он заставил пригнать мастеру шестьдесят пегих коней; кой айдат- 1) заставить гнать овец; 2) ист. вести гуртовую торговлю овцами; 2. (точнее жер айдат- или кош айдат-) заставить пахать; 3. заставить сеять, заставить сажать; бир нече күн жаан жаап, эгин айдатпай келди несколько дней шёл дождь и не давал производить сев (пахать и сеять).
1. айда I этишинин аркылуу мамилеси. Айдата кел бир жолу Тартууга берген малыңды («Курманбек»). Ач көз байды кулакка тартып, Айдатып жатты бир четтен жанчып (Абдыраманов). 2. өт. Такалбай, буйдалбай сүйлөө, ырдоо же бир нерсени машыккандык менен аткара билүү, иштей билүү. Шарипке Иранын орусча, кыргызчасын шакылдап айдатканы укмуштай сезилип турду (Бейшеналиев). Ниязалы сайраткан, Боз жоргодой айдаткан (Үмөталиев). Айдата жаза билген мыкты катчынын колу-колуна тийбейт («Ала-Тоо»). Айдат «Манастан», биз да башты бекер оорутпай жыргай түшөлү (Бейшеналиев).
к. АЙ ДЕСЕ-АРКЫ ЖОК, КҮН ДЕСЕ-КӨРКҮ ЖОК Мына, ай десең-ай, күн десең-күн, баягы мен айткан апа! (Тойбаев). Мергенчи эртесинде ошол көлгө кызынын бетин жуудурса, жомоктогудай ай десе-ай, күн десе-күн боло чыга келет (Жусупов).
Абдан сулуу, ашкан сулуу, теңдеши жок. Ай десе – аркы жок, күн десе – көркү жок, бир перизатка жолуктум («Кыргыз эл жомоктору»). В.: Ай десе-ай, күн десе-күн. Мына, ай десең – ай, күн десең – күн, баягы мен айткан апа! (Тойбаев). Мергенчи эртесинде ошол көлгө кызынын бетин жуудурса, жомоктогудай ай десе – ай, күн десе – күн боло чыга келет (Жусупов).
друг, милый (форма обращения мужской молодёжи друг к другу); айдирейин курдаш эй, теңелишип чырдашпай, теги, достум, кетели фольк. ой, милый друг, не будем-ка ссориться и препираться, давай-ка, друг, уйдём.
и. д. отайда- 1. мал айдоо выгон скота, прогон скота; 2. изгнание, высылка; гонение; айдоодо жүргөндө когда он был в изгнании, когда он был в ссылке; 3. пахота, вспашка; жер кургай электе айдоомду бүтүрүп алайын я хочу закончить пахоту, пока не засохла земля; айдоо аянттары посевные площади; 4. вспаханное поле; кара айдоо свежевспаханное поле; турмуштун айдоосу менен под давлением жизненных обстоятельств.
Iзат. Айдалып коюлган же айдалып эгин себилип коюлган жер. Келатып айдоо бойлоп көзү чалды Тердиктей ала болуп калган солун (Турусбеков). Айкөлдүн кара талаасы Карарган айдоо болуптур («Манас).
АЙДООIIзат. Башка жакка жер оодарып жиберилген жаза, сүргүн. Айдоодо жүрүп Токоңдун Күндөрү өткөн сандалып (Токтогул).
АЙДООIII айда этиштеринин кыймыл атоочу.
Айдалган же айдап, эгин же башка өсүмдүктөр эгилген жер. Жайлоонун көркү мал экен, Айдоонун көркү дан экен (Нуркамал). Айкөлдүн кара талаасы Карарган айдоо болуптур («Манас»).
1. тот, кто гонит; погонщик; 2. этн. погоняльщик на конских скачках (при скачках на большие расстояния по пути следования на определённых дистанциях ставились специальные всадники, которые должны были, облегчая работу наездника, подбадривать его коня выкриками и плетью); 3. (в соединении с определяемым) сеятель; сеющий; пахта айдоочу республикалар хлопкосеющие республики; кызылча айдоочу райондор свеклосеющие районы.
1. Байгеге кошулган аттарды жерине чейин алып барып коё берүүчү адам. Ат айдоочу камдатып, Атты айдатты чаңдатып (Тоголок Молдо). 2. Арабага, сокого ж.б. чегилген атты башкарып айдап жүрүүчү адам. Ушул шахтада ат айдоочу болуп көп жыл иштегенмин (Сасыкбаев). 3. Транспортту (автомашина, самолёт ж.б.) же кыймылга келип, ордунан жылуучу техниканын түрлөрүн айдап башкарган, жүргүзгөн адам. Чөнтөгүндө айдоочунун күбөлүгү жок болуп чыкты (Макенбаев). Айдоочунун жанында отурган тибеттик жигит артка кылчайды (Акматов). Машина айдоочу. Кеме айдоочу. Колхоздун механик-айдоочусу. 4. Тоонун мергендерге кийикти чубатып берүүчү табигый ыңгайлуу жери. Айдоочуда аңдып жатканы дагы бирин атып алды (Жантөшев).
АЙДООЧУНУН КҮБӨЛҮГҮ – адамдын унаа каражатын башкаруу укугун бышыктоочу документ. КР аймагында айдоочунун КР эларалык келишимдеринин талаптарына жооп берген эларалык жана улуттук А. к. жарактуу. А. к-н алуу үчүн кесиптик сынактарды тапшыруу зарыл.
сын. Барган сайын көтөрүнкү, көкүрөк жагы улам өйдөлөп жазыраак тарткан (мис., жер жөнүндө). [Кыштактын] батыш тарабы айдөш тартып, улам көтөрүлө берип, белеске айланып кетет (Таштемиров). Айдөш келген кең талаа (Баялинов).
Этек жагынан караганда көкүрөк жагы көтөрүңкү келип, жайык тарткан бет. Айдөш келген кең талаа (Баялинов). Сайдын чети бийик жар, кайсы бир жери атайын лыжа тебүү үчүн жаралгандай айдөш («Ала-Тоо»).
Тик эмес, жантайыңкы келип, улам эңиштеп кеткен жерди айдөш дейт. Бул сөз аюу төш деген эки сөздүн биригишинен келип чыккан. Талас говорунда айдөш сөзүнө аюу төш сөзү бирдей мааниде азыр да айтылат. Алгачкы аюу төш деген эки сөз бириккенде, экөө тең өзгөргөн, биринчи сөздүн аягындагы уу созулмасы түшсө, экинчи сөздүн башындагы т тыбышы жумшак д тыбышына өткөн. Натыйжада айдөш деген сөз келип чыккан.
Дайыма бирдей болуп турбайт, оош-кыйыш боло берет, жакшысы да, жаманы да болот. Ээ, балам, айдын он беши кара, он беши ак, ага капа болбо, сенин да ишиң оңолор - деп, чоң энем мага көп акылдуу, нускалуу сөздөрүн айтар эле (Өмүрбаев).
Турмушта дайыма бирдей болуп турбайт, оош-кыйышы, жакшысы да, жаманы да болот. Ээ, балам, айдын он беши кара, он беши ак, ага капа болбо, сенин да ишиң оңолор, – деп, чоң энем мага көп акылдуу, нускалуу сөздөрүн айтар эле (Өмүрбаев).
1. лунный свет; место, освещённое лунным светом; айдыңга салып кырман сапырдым я веял хлеб при лунном свете; 2. лучезарность; величавость; айдыңынан ай коркот, күлпөңүнөн күн коркот фольк. его лучезарности боится солнце, его блеска боится луна; айдың көл зеркально чистое озеро; айдың-айдың көлдөрдүн аяктай суусу калбады стих. в зеркально чистых озёрах не осталось (и) чашки воды; айдың талаа безлюдная ровная степь. айдыңдуу лучезарный; величавый.
зат.1. Айдын жарыгы, жаркын; айдын жарыгы түшүп турган жер. Айдыңга салып кырман сапырдым. 2. Кен, жайык, мелтиреген, чалкар; даңгыл. Тетиги айдың сары талаада, Мен беттешип көрөйүн («Манас»). Ак кардын суусу кошулса, Айдың көл шарпып толкуйбу («Олжобай менен Кишимжан»). Ак-Сайдан жөнөп калышты, Айдың жолго салышты (Тоголок Молдо).
3. Атак, даңк, айбат, сүр. Элин жоого алдырбас, Айдыңы даңктуу колсуңар («Мендирман»).
1. Айдын жарыгы. Айдыңга салып кырман сапырдым. 2. Кең, жайык, мелтиреген ээн. Нөшөрлөп жааган жамгырда айдың талаада жатып калган күндөрү көп болду (Бөкөнбаев). Ак зоонун алды жайыкта, Айдың чалкар көлдү эстейм (Маликов). Айланып казы кетпеген, Айдың чалкар көл кайда? («Олжобай менен Кишимжан»).
сын. Атагы алыска кеткен, даңктуу; айбаттуу, сүрдүү. Ала-Тоодо айдыңдуу, Ак калпак кыргыз элим сен (Токтогул). «... Менин Нурматыма... кызын бербесе, таарынбасын деп [Мамат кор башынын] коркуткан айдыңдуу сөзү (Жантөшев).
АЙДЫҢ-КӨЛ — топоним. Эпосто учураган А.-К. аттуу чакан көлдөр негизинен Алтай аймагына туура келет. Суусу тунук, айланасы кооз, мал-жанга ыңгайлуу болгондуктан, көл жээги айыл-апага толуп, той-тамашага батып, «ар-кайсынысы өз ураанын чакырчу». Манас кан көтөрүүлгөндө Жакыптын айлы А.-К-дүн жээгине конуп той өткөргөн. (Сагымбай Орозбаков, 1. 232, 261).
Акыл айтып башкарар, «кой, ай» деп теске салар, жол көрсөтүп, тарбиялар кишиси жок. Ай дээр ажа, кой дээр кожо жок болсо, балдардын кылары ошол да. В.: Ай дээр ана, кой дээр кожо жок. Адам, ээй, бул кандай? Ай дечү ана, кой дечү кожо жокпу бу айылда? – дешип редакциядагылар таң калып жатышкан (Егиналиев). Ай дээр адам, кой дээр коңшу жок. Айла канча ай дээр адам, кой дээр коңшу жок (Бөлөкбаев).
Айдай сулуу, абдан сулуу, сулуулугу суктандырган, ажарлуу, келишимдүү. Ай жамалдуу бото көз (фольк.). В.: Ай жүздүү. Үлбүрөгөн айдай жүздүү эле (фольк.) Ай чырайлуу. Ай чырайлуу кыз.
кирг.-кит. (в эпосе) один из высших китайских чинов; айжаңжуң кызы Бирмыскал, Эсенкан кызы Бурулча фольк. дочь айжаңжуң'а Бирмыскал, дочь Эсенхана Бурулча.
АЙЖАҢЖУҢ (кыргызча ай жана кытайча дзяньцзунь — генерал-губернатор, генерал) — эпизоддук кейипкер, манасчы бирде адамдын энчилүү аты катары, бирде эпикалык душмандын кол башчыларынын даражасын билдирген жалпы ат катары колдоно берет, к. Жаңжуң. Саякбай Каралаевдин варианты нда Эсенкандын жакын кеңешчиси. Бирмыскалдын атасы.
айзалаш I то же, чтонайзалаш I; аттанганда - айзалаш, өрүш бирге - байдалаш фольк. в походе - соратник, пастбище общее в совместном пользовании. айзалаш- II то же, чтонайзалаш- II; айзалашып көк жалдар, бет алышып урушуп фольк. сражались на пиках богатыри (букв. сивогривые), сходясь лицом к лицу.
айгай менен бирдей. Каптал жактан чыккан тааныш үн айкай салып отуруп, үрккөн жылкынын алдын торой чыкты (Айтматов). Айкай салып «Алгалап!», Баягы эле барганындай ал барат (Эралиев).
айкалыш I 1. сплетение, переплетение; 2. сочетание. айкалыш- II 1. взаимно переплетаться; айкалышып жат- лежать в обнимку; айкалышып көрүш- этн. здороваться, стоя друг к другу спиной, глядя друг на друга через плечо; айкалышып өбүш- (в играх молодёжи) целоваться, стоя друг к другу спиной; айкалышып уктасаң, ай жарыгы түн кызык фольк. приятна лунная ночь, когда спишь, обнявшись; жылкы айкалышып кашынышат кони чешутся, положив голову один на спину другого; 2. схватиться (в единоборстве); адырайган доңузга айкалышып көрөйүн фольк. с (этой) пучеглазой свиньёй (вражеским богатырём) попробую схватиться; убада иш менен айкалышты обешание сочеталось с делом; сөз менен иш айкалышкан жерде там, где слово не расходится (букв. сочетается) с делом.
этиш. Кынала жанашуу, кошулуу, чырмалыша биригүү; айкашуу. Айкалышып көрүшүп, Сөзгө мыкты кандыңбы? (Тоголок Молдо). Айкалышып асылдар Кошулушуп калды дейт («Эр Төштүк»). Ошол тынчтык айкалышып эмгекке Мекенимди дагы көрккө бөлөсүн! (Нуркамал).
♦ Сөзайкалышы — грам. грамматикалык жактан байланышкан эки же бир нече сөз.
1. Бири-бирине колун артып кучакташуу. Айкалышкан экөөнү, Ажыратып салды эми («Олжобай менен Кишимжан»). Айкалышып көрүшүп, Сөзгө мыкты кандыңбы? (Тоголок Молдо). Айдын жарык түн менен, Айкалышып сүйлөшсөң Айнектей сулуу кыз менен (Токтогул). 2. Туура келген; бири-бирине төп келген, шайкеш келген, кыналышкан абал. Мал чарба продуктыларын өндүрүүнүн жана даярдоонун көбөйүшү коомдук малдын санынын өсүшү менен айкалышты («Советтик Кыргызстан»). Он эки куйрук, он чалгын Айкалышып сызган күү (Токтогул).
combination chart (noun)
A chart that uses two or more chart types to emphasize that the chart contains different kinds of information, often with different y axes.
АЙКАЛЫШМА КРЕДИТ – аргандай өлкөлөрдүн коммерциялык фирмалары бири-бирине өз улуттук валютасына барабар суммада бере турган кредит. Мындай чара өнүгүп келаткан өлкөлөрдөгү каражат тобокелинен коргоо үчүн колдонулат.
айкалыш этишинин аркылуу мамилеси. Бири-бирине дал келтирүү, ымылалаштыруу, жуурулуштуруу, ыкка келтирүү, жарашыгына ылайыкташтыруу. Алыкул ошондо эле адамдын ички Жан дүйнөсүн ачкан, адам менен табигат байланышын айкалыштыра жазган акын экен (Турсунов). Кыз кезинин керемет сулуулугуна назиктик менен жароокерликти жараштыра айкалыштырып алыптыр (Станалиев). Ал педагогикалык тарбия менен улуттук искусствону айкалыштырып иштөөдө зор тажрыйбага ээ болду («Кыргызстан аялдары»).
Ылайык келтирип кынагандык, ыгына келтиргендик. Эпикалык жөрөлгөнү азыркы замандын адабиятынын психологизми менен айкалыштыргандыгында жана байыткандыгында жатат (Борбугулов).
АЙКАЛЫШТЫРЫП ИШТӨӨ – өзүнүн негизги ишинен бош убакта кызматкердин акы төлөнүүчү туруктуу башка жумушту эмгек келишиминин негизинде аткаруусу. А.и. боюнча эмгек келишимдерин түзүүдө, эгер мыйзамда башкача каралбаса, жумуш берүүчүлөрдүн саны чектелбейт.
АЙКАН — эпизоддук кейипкер. Валиханов жазып алган эпизоддо Көкөтөйдүн ашында Төштүк жер алдында жүргөндө А-дын кызы Алтынайды күч менен тартып алганын эскерет (Валиханов жазып алган эпизод «Ала-Тоо», 1979, № 7, 85-б.).
Ээрдин өзүнчө түрү – алдыңкы жагы жазы жана тегерек формада болуп, анын бети оюу-чийүү, күмүш ж.б. асыл заттар менен кооздолот Алманбет кылган Айкаңкы («Семетей» С.К.).
~: чапанын айкарасынан жамынып жатты или чапанын айкарадан жамынып жатты он лёг, покрывшись своим чапаном так, что одной полой покрыты его ноги, а другой - голова (как солдат в походе).
Кийимдин этегинин бир учу баш жакка, экинчи учу -аяк жакка келгендей кылып салууну же жабууну айкара дейт. Бул сөз айка этишинен жана туюк мамиленин -л мүчөсүнөн куралган. Азыркы кыргыз тилинде айкал этиши «кынала жанашкан абалда болуу» дегенди билдирет (КТТС, 27). Чындыгында ал этиш азыркы айкаш этиши сыяктуу «кайчылаш келүү, бири-бирине карама-каршы келип, анан жанашуу» деген маанини берген.
Айкал этишине чакчыл -а мүчөсү жалганган түрү азыркы кыргыз тилинде сейрек айтылат. Бирок ошол алгачкы айкала түрүнөн азыркы айкара деген активдүү колдонулган варианты , келип чыккан. Ал үчүн л тыбышы р тыбышына өткөн: айкала->айкара. Эң алгачкы айкала сөзү «кыйгач, карама-каршы, кайчы» деген мааниде болгон.
айкаш I 1. способ связывания лошадей: повод одной к подхвостнику другой; аттан тушүп алышып, атты айкаш байлашып фольк. с коней сойдя и связав их одного с другим; 2. противник, враг; айкашка мөрөй бербестен актадың сүтүн эненин стих. врагу ты не поддался, оправдал молоко матери (т.е. выполнил свой долг). айкаш- II 1. быть сложенным крест-накрест; смыкаться; 2. сочетаться; уңгу менен мүчө айкашканда при сочетании основы с аффиксом; 3. то же, что айкалыш-II 1; айкашканың - Акеркеч артына карап жүрөсүң фольк. в обнимку спишь ты с Акеркеч, ради неё ты находишься здесь; 4. то же, что айкалыш- II 2; көөдөнүнөн аккан кан агып турду көнөктоп, айкашарга алы жок фольк. из тела его кровь текла ручьём (см.көнөктө-), схватиться (с врагом) силы нет у него; ажалга каршы баскандай, айкаша турган арстандай фольк. (о богатыре) будто выступает против смерти, будто лев, готовый к схватке.
Бул сөз айка деген уңгудан жана кош мамиленин -ш мүчөсүнөн турат. Сөздүн уңгусу болгон айка этиши азыркы кыргыз тилинде өзүнчө айтылбайт. Андан жаралган айкал жана айкаш деген кийин жасалган формалары гана бар. Болжолу, айка этиши «каршы чыгуу» маанисин берген. Ага кош мамиленин -ш мүчөсү уланган айкаш формасы «бири-бирине каршы чыгып, бетме-бет жакын келүү» деген мааниге ээ болгон. Кийин анын өтмө мааниси жаралып, айкаш этиши жалпы эле «бетме-бет чыгып кармашуу, салгылашуу» дегенди билдирип калган.
айкалыш менен бирдей. Аттан түшө көрүшүп, Айкашып жатып өбүшүп («Семетей»). Мен өзүмдү тааныштырдым, Эки айкашып көрүштүк (Токомбаев). Анын бардыгы бири-бирине айкашып, турмуштун, эмгектин симфониясын түзгөнсүйт (Байтемиров).
crosstab query (noun)
A query that calculates a sum, average, count, or other type of total on records, and then groups the result by two types of information: one down the left side of the datasheet and the other across the top.
concordance file (noun)
An index file with two columns: the first column lists the text in the document that you want to index, and the second column lists the index entries to generate from the text in the first column.
АЙКОЖО (өз аты — Абунасир Самани) — каарман. А-нун эпостун ар башка варианттарында сүрөттөлгөн образында айырмачылык бар. Сагымбай Орозбаковдун вариантында ак пайгамбар Мустапанын (Мухаммеддин) сабаларынын (диний жанжөкөрлөрүнүн) бири. Мустапа бир күндөрү сабаларынын ортосунда олтуруп: биздин көзүбүз өткөндөн 400 жылдан кийин (башка бир жерлерде 250 жыл) «Түркстанда туулган, түмөн кытай журтуна сала турган чуулган, түрк уругу кыргыздан» Манас баатыр тууларын айтат. Жанындагылардын өтүнүчү боюнча пайгамбар «Минген аты баары чаар, Кийген тону баары таар, Кийиз калпак башында, Найза, күрсү колунда, Аккелте мылтык жонунда, Айбалтасы белинде» Манастын жана анын кырк чоросунун ороюн (сырткы элесин) көз алдыга тартып, мына ушул адамга калтыра турган аманатым кылыч (Ачалбарс), мылтыгым (Аккелте) бар, кимиң тирүү калып тапшырасың? — дейт. Сабалардын ичинен А. (Абунасир Самани) бул милдетти мойнуна алат. Манас эрезеге жетип, душманына каршы аттанганда, атайы издеп келип, Алтайдан жолугуп пайгамбардын аманаттарын (кылыч, мылтык) тапшырат, мусулман болууга жана дин үчүн күрөшүүгө үндөйт да, өзү кайра Арабстанга кетет. Манас кийин Абдылданы (Ажыбай) жиберип чакыртып алат. А. Манастан жеңилген элди мусулман динин тутууга үндөгөн насаатчы болуп, кээде керемет иштерди да жасайт. Мисалы, Манас ата конушу Ала-Тоону душмандан бошоткону Алтайдан аттанып чыкканда душмандын Куяс аяры жолдогу дарак, чөп-чарды куралдуу аскер кылып кубултуп, жол тостурат. Каршы келген жоосунан бет буруп, аркасын салып көрбөгөн Манас баатыр Аккелте менен атса, сыйкыр менен жасалган аскерлер жооп кылып мылтык атат. Сандаган мылтыктын атылышынан Манастын көзү көрбөй калып, А-нун дубасынан кийин гана ачылат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында өз ысымы Абунасир Самани, кээде Бузурук Саба деп да айтылат (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 574—576-инв.). Абунасир Самани тарыхый адам. 9—10-кылымда Орто Азияны жана Хорасанды башкарган, тажиктерден чыккан феодалдык сулаленин өкүлү, 864—892-ж. эмирлик кылган. Демек, ал Мухаммеддин сабасы эмес, андан кыйла кийин жашаган. Өз учурунда Орто Азияда жашаган көчмөн түрк элдеринде ислам дининин таралышында активдүү роль ойногон (Ч. Ч. Валиханов. Собрание сочинений, А.-А., 1985, т. 3, 126, 367-б.). Тарыхый булактарга таянганда диний насаатчы катары А-нун образынын калыптанышына жеке Абунасир Самани эмес, көптөгөн дин өкүлдөрүнүн иш-аракети түрткү болгон. Муну «Манас» жөнүндөгү жазма даректердин эң алгачкыларынын бири 16-кылымга таандык молдо Сейф ад-Дин ибн даммула Шах Аббас Аксыкенти калтырган «Мажму ат-таварихтеги» («Тарыхтар жыйнагы») маалыматтар да толук ырастайт. Кара кытай Гуркандан жеңилген Тули-кан, Дува-кандар Хорезм-шах Махмуд менен кеңешкенден кийин, Дува-кан элчиликке барып, Багдаддан пайгамбардын тукуму катары имам Ибрагимди алып келет. Ибрагим Коженттеги кыргыздарды оң канат, сол канатка бөлүп, алардан куралган кол менен Касандын жанында Гурканды талкалайт. Ширкенттик шайык Жалал-аддин Манастын Жолой менен күрөшүнө бир нече жолу көмөк көрсөтөт, Жолой жиберген чыккынчы Тубай ууландырган Манасты айыктырат. Бул Абдылданы (Ажыбай) жиберип, Манастын А-ну чакыртып алышын, көзү көрбөй калган Манасты А-нун айыктырышын эске түшүрөт. Эпостун ар кайсы варианттарын салыштырганда А-нун образы түрк-моңгол элдеринин эпикалык чыгармаларында кеңири тараган, түпкүлүгү тотемдик бабага барып такалуучу — укмуштуу колдоочу карыянын айрым милдетин өзүнө сиңирүү менен анын ордун ээлөөгө өткөнүн байкоого болот. Мисалы, Саякбай Каралаевдин варианты нда Манастын кылычы укмуштуу жол менен асмандан түшүп, аны Сагымбай Орозбаковдун вариантындагудай А. эмес, дүйнө кезип жүргөн аксакал думана берет. Узак жашаган (250—500 жыл) акылман, көзү ачык карыянын баатырларды, кол башчыларды жандай жүрүп насаатчы болушу да түрк элдеринин эпикалык чыгармаларында байыртан келе жаткан салттык көрүнүш. Огуз кандарынын бир нече муунунун жеке турмушундагы жана мамлекеттик саясий иштериндеги акылчы-насаатчы 500 жыл жашаган Коркут-ата жөнүндөгү аңыз сөздөрдүн үлгүсүндө муну даана көрүүгө болот. Саякбай Каралаевдин варианты нда «Ала чапан Айкожо» анжыяндык кожо катары айтылат. Кытайларга колго түшүп калганда Кошой куткарып чыккан Билерик А-нун баласы делет (Сагымбай Орозбаковдун вариантында ал Жаангер кожонун баласы). Манас Таласка көчүп келгенден кийин Алоокеден кордук көрүп жаткан элдин камын ойлоп, А. Манаска келип:
Атышаарың Алооке,
Арбын кыргын салыңыз,
Ордолуу шайык, көк жөкөр.
Орчун Кокон, Маргалаң,
Эр экениң чын болсо,
Алоокенин колунан
Ажыратып алыңыз (Саякбай Каралаев, 1. 198),
— дейт. Саякбай Каралаевдин варианты нда кожолорго, анын ичинде А-го ашкере баа берүүчүлүк жокко эсе, тескерисинче, эпостун башкы каармандары ачуусуна тийгенде кожо-молдолорду сабаган учурлары да эскерилет. «Чоң казаттагы» бир тыныгууда элди эсепке алганда Чубак менен Төштүк жок болуп чыгат. Нескараны баш кылып кытайдын кырк баатырын колго түшүрүп кечиккен Чубак, А. азан чакырып, эл намазга жыгылып жатканда келет. Чубактын келе жатканын көргөн Манас:
Аппак кожо, Айкожо,
Кереленип каласың,
Кечке окуу саласың,
Бейишиңди өзүң ал,
Береним Чубак келатат (Саякбай Каралаев, 2. 155),
— деп тура жөнөйт. Р. Сарыпбеков
1. великодушный, благородный (один из положительных эпитетов эпического богатыря, гл. обр. Манаса; одно из существующих объяснений этого эпитета: ай луна, көл озеро); айкөл - чалкар көл сыяктуу кең киши широкий (великодушный, благородный), как огромное озеро, человек (см.чалкар 2); айкөл султан Манас фольк. великодушный султан Манас; 2. южн. нагрудные женские украшения из бус; айкөл салыш- выказать друг другу неприязнь, недружелюбие; вступить в драку.
АЙКӨЛ — Манастын жеке өзүнө гана колдонулган туруктуу эпитетинин бири: «Алмамбетке көп айтып, Айкөл Манас бек айтып» (Сагымбай Орозбаков, 3. 149), «Дууга кирди Манас шер, Аты кызыр кырк чилтен, Айкөл эрдин жолдошу» (Саякбай Каралаев, 1. 95), «Карааны Семетей турат аманат, Ашылбас аскар бел элең, Айкөлүм Манас ала жат!» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 40). А. Манастын адилет, ак көңүл, кең пейил, баарын көтөргөн, баарына чыдаган сапаттарын чагылдырып, арыстан, көк жал, төрө, канкор сыяктуу эпитеттер менен бирге эпосто абдан арбын жолугат.
Ж. Төлөев
1. Ак көңүл, адилет, кең пейил (көбүнчө Манаска карата колдонулуучу туруктуу оң эпитет). Кыргыздын түпкү атасы айкөл Манас шер болгон (Осмонкул). Асылдан калган айбатым, Боз ала тарткан болпоңум, Белгилүү айкөл көк жалдан Белекке калган чолпонум («Семетей»). Айкөлдүгү Манас бабам өңдөнүп, Мээрими да Күн нурундай төгүлдү (Акматалиев). 2. диал. Кыздардын мончоктон тизип жасалган, кооздук үчүн көкүрөккө тагына турган буюму, жасалгасы.
«АЙКӨЛ МАНАС» — ыр менен жазылган эки бөлүмдүү эпикалык драма-трагедия. «Манас» эпосунун сюжетинин негизинде белгилүү драматург Ж. Садыков жазган. Драма 1990-ж. Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында коюлган. Спектаклди режиссёр Б. Ибраев сахнага алып чыккан, жасалгалаган сүрөтчүлөр М. Сыдыкбаев, М. Искаков, музыкалаштырган композитор К. Молдобасанов. «Айкөл Манас». Спектаклден бир көрүнүш (1990).
«Айкөл Манас» драмасынын негизги өзөгүн Манас эпосундагы Көкөтөйдүн ашы менен Чоң казат окуялары түзөт. Биринчи бөлүм Көкөтөйдүн ашы, андагы шаан-шөкөттөр жана салттык мелдештер (Кошой менен Жолойдун күрөшү), кытай-калмактар байгеге байланыштуу чыгарган чатак, Нескара менен Коңурбайдын кол курап келип кыргыздарды чаап алабыз деп кетиши менен аяктайт. Экинчи бөлүм Манас кыргыз уруу кандарын өзүнүн айланасына баш коштуруу аракети менен башталат. Алты кан Манаска биригип, калгандары ынабай коюшат. Драманын бул бөлүгү негизинен согуш окуяларын сүрөттөөгө арналат. Чоң казат башталып, Капканын кара тоосундагы согуш Манастын жеңиши менен аякталат. Бирок, Коңурбай амал менен Манасты жарадар кылат. Манастын белгилүү чоролору Алмамбет, Чубак, Сыргак, Серек окко учат. Жаралуу болуп Таласка келген Манастын дүйнөдөн кайтышы менен экинчи бөлүм бүтөт. Драмадагы баатырдык, патриоттуулукка байланышкан негизги идея менен бирге адамкерчиликти жогору баалап, акылмандыкты даңазалаган, чебер уз, сарамжалдуулукту үлгү катары көрсөтүп, калыстыкты, карапайымдыкты мактаган жана башкалар элдик идеал түшүнүктөр кеңири баяндалат. Драманын башкы каарманы — Манас. Анын ролун артист К. Досумбаев, А. Жолдошев аткарган. Досумбаев түзгөн Манас — чексиз баатыр, жөн билги уюштуруучу, калыс, акылман жетекчи. Ошон үчүн ал элден чыккан эрлерди айланасына топтоп, душмандарына каршы күрөшөт, жоосун жеңип, мекенин баскынчылардан коргойт. Бул зор маанилүү, адилет күрөштө Манас жалгыз эмес, анын күчү элден чыккан жакын жардамчыларында, жалпы элге таянгандыгында. Спектаклде акылман, калыс кары Бакай (С. Жумадылов, К. Табалдиев), алп Кошой (А. Осмонов), Чыйырды (К. Дулатова. Н. Исмаилова), акылман, чебер уз Каныкей (М. Далбаева, Ш. Алсеитова, А. Сыдыгалиева), Арууке (С. Мырзагалиева), билими, өнөрү менен таанылган Алмамбет (И. Эшимбеков), карандай күчтүн ээеи Чубак (Ч. Думанаев), жаш баатыр, эпчил Сыргак (Э. Бекболиев), Серек (Ү. Мурадилов), Айдар (М. Алышбаев), Кыргылчал (А. Мураталиев, А. Усупбеков), Тазбаймат (Р. Жунусов), Коңурбай (Т. Бердалиев), Нескара (М. Асанбаев), Жолой (А. Жолдошев) жана башкалар көптөгөн каармандар бар. Драмадагы согуштук сценалардагы чабыштарды Кара-Калпак АССРинин эмгек сиңирген артисти, Ташкендеги А. Островский атындагы Театр жана сүрөт институтунун доценти А. Исмаилов койгон.
Ж. Сагынов
Төрөй турган мезгили келүү, төрөрүнө жакын калуу. Ай-күнүнө жетип турган келинчеги Айганыш, тигине, кыз-келиндердин катарында тамылжып отурат (Сыдыкбеков). Ошол тапта Асылкандын ай-күнүнө жетип калган учуру эле (Өмүрбаев).
Төрөй турган мезгили келүү, төрөрүнө жакын калуу. Ай-күнүнө жетип турган келинчеги Айганыш, тигине, кыз-келиндердин катарында тамылжып отурат (Сыдыкбеков). Ошол тапта Асылкандын ай-күнүнө жетип калган учуру эле (Өмүрбаев). Хандын катынынын боюна бүтүп, ай-күнүнө жетип, толгоо кирди (жомок).
зат. Чүкөнүн таа жагына карама-каршы жагы, чүкөнүн жылмараак жагынан конгон абалы, алчы. ..сакаларынын айкүрүнөн жанбаганына таң калышар эле («Советтик Кыргызстан»).
сын. Даана, ачык; анык, так; белгилүү. Алыстан айкын көрүнөт, Желбиреп желге кызыл туу (Нуркамал). Тактап, ойлоп, айкын жообун бериңиз (Аалы). [Кардыгач].. айкын бөксө жол менен абасынын алдын тосуп жөнөп бара жатты («Эр Табылды»).
Даана, бүдөмүк эмес, ачык, так, белгилүү. Алыстан айкын көрүнөт, Желбиреп желге кызыл туу (Нуркамал). Элдин моокуму кангандыгы алардын ажарлуу жүздөрүнөн айкын көрүнүп турду (Абдукаримов).
айкында этишинин туюк мамилеси. Айкындалган фактылар. Биздин жарым жылдан берки аракетибиздин ийгиликтүү болушу бүгүндөн баштап айкындала баштамакчы («Ала-Тоо»).
АЙКЫНДУУЛУК – тигил же бул коомдук маанилүү окуялар менен кубулуштардын (аткаруу жана өкүлчүлүктүү бийлик органдарынын, соттордун, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын иштеринин, тийиштүү органдардын түзүлүшүнүн жана шайлануусунун, мыйзам долбоорлорунун талкууланышынын, талаш-тартыш маселелерди чечүүнүн, коомдук бирикмелердин иштөө тартибин ж. б.) мүмкүн болушунча айкындыгын жана алар тууралуу жарандарды кеңири кабарландырууну билдирүүчү жалпы укуктук аталгы.
АЙКЫН (РЕАЛДУУ) БҮТҮМДӨР – тек гана макулдашуу жетишсиз, ал эми буюмдарды өткөрүп берүү зарыл болгон бүтүмдөр (ошондон улам кийинки лат. realis – буюмдата деп аталган). Мүлктү менчикке өткөрүү же башка айрым бир буюмдук укуктар (м.: зайым), ошондой эле буюмдарды убактылуу берүү боюнча бүтүмдөр А. б. болуп саналдат. Бул буюмдарды берүүсүз карыз берүү тууралуу убадалар эчкандай укуктук натыйжаларга алып келбейт дегенди билдирет. Мунун карама-каршы түрү – консенсуалдык бүтүмдөр.
АЙКЫН ТОВАР БИРЖАСЫ – накалай товарлар менен гана келишимдер түзүлчү товардык биржанын адепки таризи. А. т. б. соода өндүрүүчү менен керектөөчүнүн (экспортер) ортосундагы байланышты калыптандырат. А. т. б. эреже катары, жергиликтүү маанидеги товарларды дүңүнөн соодалоонун бир таризи болуп саналат же өнүгүп келаткан өлкөлөрдө улуттук кызыкчылыктарды коргоо үчүн уюштурулат. Азыркы учурда айрым гана өлкөлөрдө сакталып калган жана анча чоң эмес жүгүртүмгө ээ.
Режим реального времени (Real-time mode) —Режим обработки платежных документов, информации, обеспечивающий немедленное взаимодействие системы обработки платежных документов, информации с внешними процессами в темпе, соизмеримом со скоростью протекания этих процессов.
Межбанковская гроссовая система расчетов в режиме реального времени (Interbank real-time gross settlement system) —Тип платежной системы, в которой осуществляются переводы по денежным обязательствам участников финансовых рынков (национального денежного, валютного рынков и рынка капитала и ценных бумаг), а также переводы, связанные с применением инструментов денежно-кредитной политики.
Гроссовая система расчетов в режиме реального времени (Real-time gross settlement system) —Совокупность процедур, правил, технологий и технической инфраструктуры, обеспечивающая проведение межбанковских срочных и крупных платежей и осуществление окончательного расчета по каждому платежу на индивидуальной основе в режиме реального времени.
этиш. Катуу кыйкыруу, бакыра кыйкыруу. Каары келип айкырып, Карт жолборстой бакырып(«Эр Табылды»). Самар шашып калгандыктан, чыңырган ачуу үнү менен айкырып-айкырып жиберди (Таштемиров).
громкий и грубый крик; окрик; айкырык сал- громко кричать (напр. на скачках, подбадривая коня своей группы); айкырыгы көк жарып, артынан сүрөөн салыптыр фольк. (на скачках) с громким криком сзади подгоняли (скачущих коней).
зат. Катуу кыйкырык, ачуу чыккан үн. Айкырыгын баспастан, Эрмек келет сабалап («Эр Табылды»). Бир жагынан Музбурчак, Айкырыгы таш жарып Келе жатат чамынып («Манас»).
♦ Ачайкырык — кулак жаңырткан катуу кыйкырык. Жети асаба туу алып, Ач айкырык чуу салып («Манас»).
Катуу кыйкырык, айкырып чыккан ачуу үн. Сыртта жүргөн Чоно атасынын айкырыгын угуп, үйгө шашылып кирди (Каимов). Бир жагынан Музбурчак, Айкырыгы таш жарып, Келе жатат чамынып («Манас»).
айла I ар 1. хитрость, уловка; эр айласы бир, катын айласы миң погов. у мужчины одна уловка, у женщины - тысяча; адамдан айла качып кутулбайт погов. человек на выдумки хитёр (букв. от человека уловка бегством не спасётся); айла алтоо, акыл жетөө погов. хитрость - шесть, (а) ум - семь (т.е. ум сильнее хитрости); айла-амалдар увёртки, уловки; плутни; бардык айла-амалдарына карабастан несмотря на все его плутни; 2. выход из положения; Алмамбет, Бакай, келчи деп, айланы кандай кылабыз фольк. Алмамбет, Бакай, идите-ка сюда! какой же выход мы найдём (что же мы должны предпринять) ? айласы куруду у него нет никакого выхода; он совершенно растерялся; он совершенно обессилел; эң айла болбогондо в самом крайнем случае, если нет другого выхода; айласын кетир- поставить (его) в безвыходное положение; довести (его) до полной растерянности; тилдеп айласын кетирди он его разругал в пух и в прах (поставил его в безвыходное положение); айла барбы? 1) есть ли выход (из этого положения) ? есть ли возможность? 2) где уж тут!; ничего не поделаешь!; жан айласынан или жан айласы үчүн ради спасения своей жизни; айла канча! что ж поделаешь!; ничего не поделаешь!; айдада жок жаман совершенно никчёмный (человек); сөз айласын билбеген сөздү өзүнө келтирет погов. кто в слове толку не понимает, тот против себя его обращает. айла- II айлап месяцами, в течение месяцев; айлап-жылдап месяцами и годами (напр. ждать).
зат. Амал; арга, ык, мүмкүнчүлүк. Айла менен Алмамбет Тилегине жетти эми («Манас»). Сөз айласын билбеген сөздү өзүнө келтирет (макал). Айла болсо, сенин үстүңө чаң жугузгум келбейт (Байтемиров).
♦ Айладажокжаман — эң жаман, эң начар. Айласытүгөнүү,айласыкуруужеайласыкетүү — аргасы кетүү, эмне кыларын билбей калуу, кыйын абалда калуу, шаштысы кетүү. Эңайлаболбогондо — арга болбой калганда, амал түгөнгөндө; эң эле болбой калганда, башка эч мүмкүнчүлүк болбосо.
Кандайдыр бир максатка жетүүнүн, талабын ордунан чыгаруунун же бир нерсеге себеп, шарт табуунун амалы, аракети. Айла тапкыч акылман берен Бакай карыга айт («Манас»). Карайлап баш көтөрүп, жан талашып, Качууга айла кылды тыбырчылап (Осмонкул). Айла менен Алмамбет Тилегине жетти эми («Манас»). Айла – алтоо, акыл – жетөө (макал).
Арга түгөнүп, такыр амалы кетип калган учурду, бир нерсеге каршы чара көрүүгө мүмкүн болбой калган абалды баяндоо үчүн колдонулат. Айла барбы, башка түшкөнүн көрө жатармын (Абдукаримов). В.: Айла канча. Айла канча, шарттын начардыгына карабастан, фронт үчүн иштеп жатабыз (Сасыкбаев). Амал барбы. Амал барбы! Бардыгына чыдайбыз да. Амал канча. Амал канча, кечки көлөкөдөй сүйрөлө башбаккан калыбында уйпаланган кроватыма боюмду шалак таштайм (Өмүрбаев).
Амалдуу, куу, айла тапкыч, эпчил. Мадамин аке бу жагынан ашкан айлакер киши («Ала-Тоо»). Айлакер энем тилимди ал, Айтканым ушул билип ал («Семетей»). Зор айлакер Коңурбай, Жолдун баарын тороду («Семетей»).
АЙЛАМОР (орусча Илья Муромец) — каарман. Сагымбай Орозбаковдун вариантында гана кездешүүчү «Түндүккө чабуул» аттуу окуяда Манас менен кармашкан эпостук баатырлардын бири. Айламор орус элинин баатырдык эпосторунун (былиналарынын) Киев циклине кирген варианттарында айтылуучу каарман Илья Муромецтин ысымынын манасчы тарабынан кыргызчаланып айтылышы. Айламор — кыргыз элинин эпикалык чыгармачылыгындагы орус эпосторунан өздөштүрүлгөн образдардын эң ириси. Аталган эпизоддордо Манас түндүктө жашоочу элдерге чабуул жасап, аларды багындырат. Орус баатыры Айламор менен сайышка түшүп, анан кылычташууга өтөт. Акырында Айламордун Дөңкара аттуу аты аны ала качып жөнөйт. Ошентип, Айламор жеңилип, орустар Манаска 300 сулуу кыз тартуу берет да «Атабыз Жаяпис бир» деп элдешип кайтат.
1. водоворот; алды жагым айлампа - Ак-Күргүн дарыя суу болду фольк. подо мной водоворот - воды реки Ак-Кургун; 2. головокружительный; үстү жагым көз жеткиз айлампа мунар зоо болду фольк. надо мной глазом непостижимая, головокружительная скала во мгле; 3. тяньш.то же, чтотопсо.
зат. 1.Суунун имерилип агып турган терең жери. [Асканын].. алды жагы мелтиреген көк айлампа ирим (Мидин). [Жеңиш] удургуп, төө өркөчтөнүп агып жаткан суунун айлампасына кайырмагын ыргытты («Жаш ленинчи»).
2.сүйл. Тегеретип ат чабылуучу жай, ипподром. Алты жолу мен көрдүм, Айлампага чапканын (Осмонкул).
1. Суунун имерилип агып турган терең жери, ирим. Жеңиш удургуп, төө өркөчтөнүп агып жаткан суунун айлампасына кайырмагын ыргытты («Жаш ленинчи»). Асканын алды жагы мелтиреген көк айлампа ирим (Мидин). 2. Аттарды (күлүктөрдү) тегеретип чаба турган жай, ипподром. Бир колхоздун карачы, Беш күлүктү бакканын, Алты жолу мен көрдүм Айлампага чапканын (Осмонкул). 3. диал. Эшиктин туруму. 4. аңч. Капкандын тетиктерин анын чынжыры менен бириктирип, түшкөн аңды чалындырбай тегеренип туруучу капкандын тетиги.
то, что имеет вокруг себя проход, проезд; айлампалуу сеңирден кызга жакын Күлчоро чыга калды бир жерден фольк. (завидев на другом берегу дгвушек) вдруг объездом из-за выступа появился девичий угодник Кюльчоро.
1. Айлампасы бар, иримдүү. Чоң Илени кыдырып, Айлампалуу урчуктан Кечип чыккан кези экен («Манас»). 2. Айланып өтмө, айланып өтө турган. Айлампалуу сеңирден, Кызга жакын Күлчоро, Чыга калды бир жерден («Семетей»).
1. Бир жагына айлана берме кылып коюучу мал оорусу. 2. өтм. Келесоо, башы айланган, эмне кыларын билбеген, бирөөнүн айтканын ээрчий берген. Айлампаш болуп калган немедей бир айтканын кайра айта берчү болуптур («Чалкан»).
этиш.1. Белгилүү бир точканын айланасында жүрүү, айлана-тегерек боюнча жүрүү, учуу, өтүү, тегеренүү; кыдырып чыгуу. Г. С. Титов «Восток-2» корабль-спутниги менен жер шарын 17 жолу айланып чыкты («Советтик Кыргызстан»). Асман менен айланган Канаттуулар бир сонун (Бөкөнбаев). [Актан].. бири-биринен оолак салынган үч көчө кыштакты айланып чыкты (Бейшеналиев).
2. Өз огунда тегеренүү. Айланат көзгө илинбей станоктор (Бөкөнбаев). Күркүрөп мотор айланды Тетигин Сырга басканда (Бөкөнбаев).
3. Курчоо, тегеректеп алуу. Алтын Ош шаарымды, Алты айланып алыптыр («Курманбек»).
4. Кайрылуу, кайрылып келүү, кайта баруу. Эми кайра айланып Үч-Дөбө аркылуу барыш үчүн эки-үч күн керек (Жантөшев). Ат айланып казыгын табат (макал).
5. Башка түргө өтүү, башка көрүнүшкө, сапатка өтүү, өзгөрүп кетүү. Кыштак чакан шаарга айланган (Сыдыкбеков). Кичинекей өндүрүш чоң булгаары заводуна айланды (Сасыкбаев).
6. Белгилүү бир өлчөмгө, орточо санга жетүү; боло баштоо. Аны кошкондо 40 гектардын түшүмү 30,5 центнерден айланат (Убукеев).
7. Белгилүү бир убакыт өтүү, толуу. Жыл айланды. Ай айланбай кайра келип калды. 8. Жакшы көргөндүгүн, сүйгөндүгүн билдирип жалынуу, жалбаруу; жакшы
көрүү, эркелетүү. Алдейлеп мени өстүргөн Айланамын кыргыздан (Бөкөнбаев). Адамзат болсун эркем деп, Айланып апам күлгөн жер (Аалы). 9. Курмандыкка туш келүү, садага кетүү («куруп калсын» деген мааниде). Терменин башы арактан Айланып кетсин тамактан (Шүкүрбеков).
♦ Айланкөчөк — балдардын бир орунда туруп тегеренип ойноочу оюну. Айланкөчөкболуу — баш айлануу, жер тегеренгендей, астын-үстүн болгондой болуп көрүнүү. Башы айлан көчөк болуп, денеси шалкайды («Ала-Тоо»). Ичиненкаракылайланбоожеичиненкаратарууайланбоо — ичи тардык кылуу, көрө албоо. Жүрөгүайлануу — жийиркенүү, кускусу келүү. Көздүнкарегимененжеагыменентеңайлануу — ою менен, дегени менен болуу; бирөөгө толук көз каранды болуу, бирөөнүн таасиринде болуу. Көңүлүайлануу — өзүн начар сезип, кускусу келүү. Башыайлануу — 1) башы тегеренүү, өзүн начар сезип, көзү караңгылоо, алсырап кетүү. Табылды катты окуп, башы айланып, кеңгиреп жыгылды («Эр Табылды»).; 2) маң болуу, эмне кыларын билбей калуу. [Андрей].. кайда басарын, [үйүн] кимден сурарын билбей башы айланды (Сасыкбаев); 3)өт, мактанып, менменсинип кетүү.
1. двигаться вокруг, кружиться, вращаться, вертеться; аблана уч- летать вокруг, облетать; айланып өтмө жол кружный путь, обходная дорога; 2. превращаться; бууга айлан- превращаться в пар; 3. этн. признавать превосходство, оказывать почести (признавать годным или готовым стать искупительной жертвой; при знахарских способах лечения для изгнания "духа" болезни приносилась искупительная жертва, которая вращалась - фактически или символически - вокруг головы больного, или вокруг предполагаемого места, где якобы сидит "дух"); айланайын (или айнанайын или айлайын или айланып кетейиним) мой миленький (я готов стать искупительной жертвой за тебя); кой, айланайын, кой перестань, милый, перестань; айланайындарым мои милые; айланабы или айлансын далеко не...; куда ему; ал таланттан айланабы он далеко не талантлив, никакой он не талант; алкыштан айлансын! какая там ему благодарность!; колдон айлансын (следовало бы побить, да) не стоит руки о него марать; башыман айлансын! (пропало) ну и чёрт с ним!; келиндин тырмагынан бир күндө миң айланса эп экен фольк. пальцы (букв. ногти) молодухи заслуживают того, чтобы им оказывать каждый день тысячу почестей (она искусная рукодельница); аргымак жыйдым, ат жыйдым, айланып кетсин буудандан! фольк. собирал я аргамаков и простых коней, но где им до буудан'а! (см.буудан 1); атадан абланган жаль, что (такого плохого) хороший отец на свет произвёл; оозуңдан айланайыным преклоняюсь перед твоими устами (как ты хорошо, приятно говоришь!); ал оозуңдан айлансын он не стоит того, чтобы ты тратил на него слова; элден айланайын народ (а не я) велик; я перед народом - ничто; жогол! элден айлан! прочь! тебе не место среди народа!; мүрзөдөн айлан ты не стоишь могилы (твой труп нужно выбросить и т.п.); айланганы... бы? за каким чёртом? чёрт дёрнул!; колуңан келбеген ишке айланганы бардыңбы? чёрт тебя дёрнул пойти на работу, с которой ты справиться не можешь!; көзүбүздүн карасы менен тең айланып турат он делает всё, чего мы ни пожелаем; он находится целиком под нашим влиянием; Күмүштүн көзүнүн агы менен тең айланган жигиттер парни, готовые на всё для (девушки) Кюмюш; жыл айланбай эле не прошло и года (как...); көчүк айланбайт разг. (о помещении) повернуться негде; ...айланып... толгонуп все радости и горести...; төрт баланын ачына айланып, тогуна толгонуп жүрө бердим я горевал, когда четверо моих детей были голодны, радовался, когда они были сыты; айлан көчөк см.көчөк; айлан баш см.айлампаш.
1. Белгилүү бир чекиттин айланасында тегеренип жүрүү, тегеренип өтүү. Жер күндүн тегерегинде айланат. Советтик корабль-спутниктер Жер шарын айланып учуу боюнча дүйнө жүзүнө биринчи жолу белгилүү болду. Балатыны айланып, Оромпой тээп ойнойлу (Үмөталиев). 2. Асман мейкиндигинде тегеренип учуу (куштарга, самолётко ж.б. карата). Асман менен айланган Канаттуулар бир сонун (Бөкөнбаев). Абада куштай айланган Учкуч болуп алсакпы? (Барпы). Самолёт айланып, жерге жакындай берет (Сыдыкбеков). 3. Бир нерсенин далдаасына, арка жагына карай имерилүү, имерилип өтүү. Карабек колун булгады да, тумшукту айланып кетти (Сыдыкбеков). Ургандай өзүн ташка жыйнап күчтү, Айланып далдаа жакка кире түштү (Үмөталиев). 4. Өз огунда тегеренген абал. Айланат көзгө илинбей станоктор (Бөкөнбаев). Күркүрөп мотор айланды Тетигин Сырга басканда (Бөкөнбаев). 5. Курчоо, тегеректеп алуу. Алтын ооз шаарымды Алты айланып алыптыр («Курманбек»). 6. Кайрылуу, кайрылып келүү. Аман келсем айланып Алармын сенден өчүмдү (Токтогул). Ат айланып казыгын табат (макал). 7. Башка түргө өтүү, башка көрүнүшкө, сапатка, абалга өтүп өзгөрүү. Кыштак чакан шаарга айланган (Сасыкбаев). От дуулдап күйүп, мештин боору жалынга айланып бараткансыйт (Байтемиров). 8. Белгилүү бир өлчөмгө, деңгээлге жетүү. Торпоктордун ар биринин орточо салмагы 162 килограммдан айланды. Ар бир гектардан алынган түшүм 3–4 тоннадан айланат. 9. өт. Толуу, өзгөрүү. Белгилүү бир убакыттын өткөн же толгон абалы. Мезгил бир тоголок жылга айланды (Акматов). Жыл айланды. Ай айланбай кайра келип калды. 10. Жакшы көргөндүктү, сүйгөндүктү билдирүү же жалынып-жалбаруу (эркелетүү маанисинде). Алдейлеп өстүргөн Айланамын кыргыздан (Бөкөнбаев). Айланайын берекем, энеңдин тилин алып, айтканын угуп жүр! («Ала-Тоо»). 11. Бирөөнүн же бир нерсенин жарабастыгын, начардыгын, кемдигин көрсөтүп, аны башкага салыштырып караганда «садага кетсин!» «куруп калсын!» деген мааниде колдонулат. Терменин башы арактан Айланып кетсин тамактан (Шүкүрбеков). Сен баладан айлан! («Ала-Тоо»).
1. окружность; окрестность; шаардын айланасында в окрестностях города; сөз кайсы маселенин айланасында болду? вокруг какого вопроса были разговоры? 2. среда (окружение).
зат.1. Борбордон бирдей аралыкта турган туюк тегерек сызык же чийин, алкак формасындагы курчоо. Айлана сызуу. Айлананы тең бөлгөн түз сызык жүргүзүү. 2. Курчап турган жан жак, тегерегиндеги мейкиндик, боштук, туш-туш жак, тегерек. Күүгүм кирди, айлана тынч, Көшүп жатты капчыгай (Бөкөнбаев). Айлана жашыл кымкап жамынгандай күлүңдөйт (Сасыкбаев).
3. Бир нерсенин тегереги, чети; баш аягы. Дөбөчөнүн айланасы алты канат үйдүн ордунан аз чоңураак (Сыдыкбеков). Көлдүн айланасы тай чабымдай (Жантөшев).
4. Кандайдыр бир иштин, аракеттин таралган чөйрөсү, чөйрө. Сөз кышка камылга көрүүнүн айланасында болду.
1. Борбордон бирдей аралыкта турган алкак формасындагы туюк тегерек сызык, курчоо. Айлана сызуу. Айлананы тең бөлгөн түз сызык жүргүзүү. Бирдей аралыкта жайгаштырылган үч айлананын ортоңкусу чоңураак, эки четкиси кичирээк («Мугалимдер газетасы»). 2. Курчап турган туш тарап, мейкиндик, теребел. Күүгүм кирди, айлана тынч, Көшүп жатты капчыгай (Бөкөнбаев). Айлана жашыл кымкап жамынгандай күлүңдөйт (Сасыкбаев). 3. Бир нерсенин тегерек-чети, тегереги. Үйдүн айланасы. Кыштактын айланасы. Театрдын айланасын курчаган көрктүү кара бакты аралап жүрдүк («Ала-Тоо»). 4. Бирөөгө же бир нерсеге таандык чөйрө. Сөз кышка камылга көрүүнүн айланасында болду («Ала-Тоо»). Өзүңдөй карып көрүнсө, Айланаңа топтогун (Барпы).
Азыр эркелетүү маанисинде колдонулган бул сөз кыргыздын байыркы көчүрмө ишеними менен байланыштуу. Бул ишеним боюнча, он айланганда оору айланган кишиге өтөт. Ошондуктан кыргыздар айланууга тыюу салышат жана айланып жиберген учурда тескери айлантып жандырышат. Баштан суу айландырып, жамандыкты сууга көчүрүшөт. Ноорузда тепшиге таш салып, үйдү айлануу менен үйдөгүлөрдүн бүт кесепетин ташка көчүрүшөт. Оттон секирүү менен жамандык отко көчүрүлөт. Ошентип, айланайын,тегеренейин деген синоним сөздөр «бүт жамандыгыӊды мен алайын» деген маанини туюндурат. Ал эми өпкөмдү чабайын деген сөздүн мааниси жаӊы союлган жандыктын өпкөсү менен чаап, жамандыктын бардыгы чапкандан карая түшкөн өпкө менен кетти деген көчүрмөнүн дагы бир түрү менен байланыштуу. Кагылайын да ушул топтогу сөздөргө кирет. Ушул эле мотив арап тилинен кирген сөздөрдөн жасалган «балакетиӊди (фэлакет «кырсык») алайын», «садагаӊ (сэдэкэ «кайыр») болоюн//кетейин», «секетиӊ (зэкат «кайыр, садага») кетейин//болоюн» деген сөз айкаштарына да өткөн.
Бирөөгө жалынганда, эркелеткенде же кандайдыр бир өтүнүч, суроо менен кайрылганда айтылат. Айланайын калың журт, Алдыңа салып сүрөгүн (Токтогул). Акылыңдан айланайын, туура айтасың (Каимов). И, айланайын, сен чоор тартасыңбы? (Жантөшев),
АЙЛАНА-ЧӨЙРӨ – адамдын жашоо чөйрөсү, адамдын жана башка жандуу организмдердин жашоо орду жана каражаты, шарты катары кызмат кылуучу био-чөйрө; табигый экологиялык тутумдардын тутуму катары жаратылышты жана адамдын ишмердигинин натыйжасында өзгөргөн анын табигый чөйрөсүн өзүнө камтыйт.
АЙЛАНА-ЧӨЙРӨГӨ ЗАЛАЛ КЕЛТИРҮҮ – айлана-чөйрөнү өзгөртүүнүн, аны булгоонун натыйжасында акча түрүндө эсептелүүчү коомчулуктун экономикалык жана экономикалык эмес жоготуусу.
АЙЛАНА-ЧӨЙРӨГӨ ЗЫЯНДУУ ТААСИР ЭТҮҮНҮН ЖОЛ БЕРИЛЕ ТУРГАН ЧЕНЕМДЕРИ – айлана-чөйрөнү коргоону, табигый байлыктарды үнөмдүү пайдаланууну, экологиялык жана адам денсоолугуна коопсуздукту камсыз кылуучу айлана-чөйрөгө чарбачылык, рекреациялык ж. б. иш-аракеттер аркылуу таасир этүүнүн жол бериле турган көрсөткүчтөр.
АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО – жаратылыш байлыктарын сактоо, жаратылыш байлыктарын үнөмдүү пайдалануу, адамдын жашоо-турмушун курчап турган чөйрөнүн сапатын арттыруу боюнча коом менен жаратылыштын өзара шайкештигин камсыз кылууга багытталган мамлекеттик жана коомдук чаралардын тутуму.
АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮН САПАТТЫК ЧЕНЕМИ – айлана-чөйрө абалынын сапаттык көрсөткүчү: зыяндуу заттардын, зыяндуу заттарга чулгануунун жол бериле турган топтолуу ченеми, айыл чарбасы менен токой чарбасында колдонулуучу химиялык заттардын жол бериле турган ченеми, азык-түлүктө калуучу химиялык заттардын жол бериле турган ченеми, айлана-чөйрөгө антропогендик ишаракеттер аркылуу жүктөмдөрдүн жол бериле турган ченеми; айлана-чөйрөгө антропогендик жактан аргандай иш-аракеттердин күч келтире тургандай жүктөө ченемдеринин жол берилүүчү сапаттык ченеми.
environmental sensor (noun)
A category of sensor that tracks environmental changes such as temperature, atmospheric pressure, humidity, wind speed and wind direction.
АЙЛАНА-ЧӨЙРӨ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ – айлана-чөйрөгө таасир этүүчү суунун, абанын, кыртыштын, жер катмарынын, өсүмдүктөрдүн, жанжаныбарлардын абалы жөнүндөгү маалымат жана аны коргоо иш-чаралары.
понуд. отайлан- 1. вертеть, кружить, вращать; заставить вертеться; айландыра вокруг; айландыра эки жакты карап туруп оглядываясь вокруг, посматривая то туда, то сюда; 2. обходить, окружать; мени айландырып турат он что-то (подозрительно) ходит вокруг меня (с каким-то нехорошим намерением); 3. превращать, обращать; акчага айландыр- превратить в деньги; жерди бүткүл элдик кенчке айландыр- обратить землю в общенародное достояние; кайырды чайырга айландырды он за добро отплатил злом.
айлан этишинин аркылуу мамилеси. Арабанын дөңгөлөгүн айландыра берип, ордунан жылдырып койдук («Ала-Тоо»). Кайрак жерлерди сугат аянтына айландырып, түшүмдү жогорулатуунун камын көрүү керек («Советтик Кыргызстан»).
Туш тарабын, айланасын курчай; тегерете. Келсем айыл кейпи кетип, Айландыра муң баскан (Бөкөнбаев). Көздөрү бүтүйгөн, мурду барбайган бирөө үйдүн ичин айландыра карады (Жантөшев).
rotation (noun)
A multi-touch gesture that consists of two fingers moving around a center point or one finger moving around a finger that is not moving.
rotate (noun)
A gesture represented by placing at least two fingers on an object and rotating your fingers in a clockwise or counterclockwise direction.
rotation lock button (noun)
An Exchange mailbox that is associated with a SharePoint site, enabling users to access documents and email related to group projects through either Outlook or SharePoint.
Башы айланып, жер тегеренип, астын-үстү болгонсуп көрүнүү. Көзүм тунарып, жер айлан көчөк болуп кетти («Ала-Тоо») Түгөлдүн көзү тунарып, башы айлан көчөк болуп кетти (Бейшеналиев).
Башы айланып, жер тегеренип, астын-үстү болгонсуп көрүнүү. Көзүм тунарып, жер айлан көчөк болуп кетти («Ала-Тоо»). Түгөлдүн көзү тунарып, башы айлан көчөк болуп кетти (Бейшеналиев). В.: Айлан көчөк атуу. Башым айлан көчөк атып, жыгылып кеттим («Жаш ленинчи»).
1. Тегеренме, айлана сыяктуу. Храмдын сырты төрт бурч сыяктуу көрүнгөнү менен ички коридорлору айланма, жарым айланма экен (Акматов). 2. Тике же түз эмес, айланып өтө турган. Айланма жол. Алар аны тескери айланма жолго салып жиберише турган («Ала-Тоо»).
Circular Bending Process (proper noun)
A SmartArt graphic layout used to show a long or non-linear sequence or steps in a task, process, or workflow. Works best with Level 1 text only. Maximizes both horizontal and vertical display space for shapes.
понуд. отайлан- 1. заставить кружиться; кружить; вращать; айланта кругом, вокруг; айланта карап осмотрев, обойдя кругом; осмотрев со всех сторон; 2. окружать; делать обходное движение, обходить; будурмакты айлантып, буткулга салып кубалап фольк. прогнав (его) вокруг холма, он преследовал в низине; айкөл Манас кабылан алты айланта кууду эми фольк. великодушный леопард Манас преследовал его шесть кругов; 3. превращать; тамашага айлант- обратить в шутку; 4. этн.то же, чтоайлан- 3; кемпир ырым-жырымын кылып, башынан суу айлантып чачып... старуха, совершив магические действия, побрызгав вокруг головы его водой...; айлантпай не дав ещё кончиться, не дав пройти (какому-л. времени); күз айлантпай не дав ещё пройти осени; не успела осень пройти (как...); айлантып дав кончиться, пройти (какому-л. времени); айларды-айлантып, жылдарды жылдырган он провёл месяцы и годы; по прошествии месяцев и лет он...; так у него прошло много лет; через много лет он...; жыл айлантпай Букарга куда болуп баралы фольк. не дожидаясь истечения года, отправимся в Бухару для сватовства.
вращательный; вращающийся; вращение; айлантма мылтык көп дүрмөт фольк. вращаюшееся (с диском) многозарядное ружьё (видимо, сказитель ввёл в эпос современный автомат); баш айлантма вет. вертячка; айлантма капитал эк. оборотный капитал.
вращающийся; айлантмалуу дүрбү (в эпосе) бинокль; айлантмалуу чоң дүрбү, атадан калган чоң үлгү фольк. большой бинокль, оставшийся в наследство от отца.
айлан этишинин кыймыл атоочу. Арабанын төрт дөңгөлөгү айланууда (Сыдыкбеков). Ар кайсыга салып көрсөм сарасап, Айланууда өмүр деген чыгырык (Байзаков).
Бөлүнүп же таштап кете албагандык, имерчиктеп туруп алгандык, кандайдыр бир байланып, имерчиктеп калма себеп. Эмнеге эле бул үйдөн чыкпай калды десе, бизге белгисиз айланчыгың бар турбайбы («Ала-Тоо»).
1. задержаться, замешкаться (занявшись чем-л.); азыраак айланчыктай кал- немного замешкаться, задержаться; айланчыктап бул сууга, карап туруп жалдырап фольк. задержавшись у этой реки, он смотрел с умилением; 2. ходить вокруг; айланчыктап басып турду он ходил вокруг; айланчыктап арбактар азиз кылып кеткен дейт фольк. духи, вращаясь вокруг него, сделали его слепым; 3. быть притягательной силой, привязывать к себе; аралжы кирер күчүм жок, айланчыктар кишим жок фольк. у меня нет силы, которая бы меня защитила, у меня нет ничего, что бы меня удерживало (здесь).
Таштап же бөлүнүп кете албай имерчиктөө, кылчактоо, жанынан чыга албай тегеренүү. Актан алты асый карагерди көрүп, айланчыктай берди (Бейшеналиев). Тигилерге айланчыктап, убакыттын көбүн өткөрдүм (Ашуубаев).
вращаться, кружиться; ар күнү айланычтап көлөкөсү келгенде, Жунуш сурайт: "жүргөн кимсиң?" стих. каждый день, когда тень его, кружась, приходит, Джунуш (в бреду) спрашивает: "ты кто?".
айланыш I 1. вращение; 2. объезд, обход (кружный путь); айланыш жол объездной, кружный путь. айланыш- II взаимн. отайлан- 1. совместно вращаться; 2. задерживаться; мешкать, замешкаться; бир жумушка айланышып кечигип калдым я опоздал, занявшись одним делом.
Кандайдыр бир ишке же кандайдыр бир иш менен кармалып калуу, кеталбай буйдалуу. Мустафа жумуш учурунда башка бирдемеге айланышып, убакытты бекер өткөрүүнү жаман көрөр эле (Сасыкбаев). Бир жумушка айланышып кечигип калдым («Ала-Тоо»).
1. неловкий; неизворотливый; несообразительный; айласыз жаман неумеха; айласыз баатыр чочкого чабат погов. горе-богатырь на свинью нападает; 2. не имеющий выхода из положения; айласыздан в силу необходимости, поневоле; айласыздын иши дело, которое выполняется потому, что нет другого (напр. работа не по специальности).
1. Айла жоктон, өз эрки менен эмес, амалсыздан. Алдымдан нымдуу сыз өтөт, Айласыз жатам жалдырап (Токтогул). Канчалык кайрат байлап жулунсам да, Айласыз жетегине далай көнгөм (Бөкөнбаев). 2. Айла табылбаган, айла кылууга мүмкүн болбогон, айласы куруган. Татыбек айласыз абалда калды (Байтемиров). 3. Эң, абдан, өтө эле, айлада жок, болжолсуз. Айласыз жаман. Айласыз семиз. Айласыз баатыр чочкого чабат (макал).
Акыл менен иштебеген адам, айла менен иштебей, күчкө салып качырып кирген адам – өзү мерт болот деген мааниде. «Айласыз баатыр каманга чабат» болуп, манапка кол көтөргөндөн айланат бекен? Мунун атасы жаман неме болучу – жаткан уйга мине албаган (Ш.Үмөталиев).
Айла жоктон, айласы куругандан, айла кылууга мүмкүн болбогондуктан, амалсыздан. Айланайын тийбе деп, Айласыздан жалындым (Токтогул). Салык айласыздан атынын башын бурду (Каимов).
default worksheet template (noun)
The Sheet.xlt template that you create to change the default format of new worksheets. Excel uses the template to create a blank worksheet when you add a new worksheet to a workbook.
default workbook template (noun)
The Book.xlt template that you create to change the default format of new workbooks. Excel uses the template to create a blank workbook when you start Excel or create a new workbook without specifying a template.
Эч амалын таба албоо, аргасы түгөнүү, кыйын абалда калуу, эмне кыларын билбей абдан кыжалат болуу. Жетип айдоого жол жок, айлалары кетиптир (Убукеев). Ырас, балам Искендер, журттан айла кетти (Турусбеков). Капа болуп турганда бирөө менен сырдашкым келди, айлам кетти (Бердикеев).
Эч амалын таба албоо, аргасы түгөнүү, кыйын абалда калуу, эмне кыларын билбей абдан кыжалат болуу. Жетип айдоого жол жок, айлалары кетиптир (Убукеев). Ырас, балам Искендер, журттан айла кетти (Турусбеков). Капа болуп турганда бирөө менен сырдашкым келди, айлам кетти (Бердикеев). В.: Айласы куруу. Буга да бардыгы бир ооз, Шералинин айласы куруп кетти (Касымбеков). Эми ыраса айлам куруду (Касымбеков). Айласы түгөнүү. Эмне кылуу керек? Айлам түгөнө баштады (Каимов). Айла түгөнсө, ошолорду... көтөрүп баргыла (Бейшеналиев).
Өтө кыйын, абдан ыңгайсыз абалга калтыруу. Достун ыйык сезимин булгай берсе болобу? – дешип туш-туштан чыгышып, Жайдарбектин айласын алты жерден кетиришиптир (Медетов).
Өтө кыйын, абдан ыңгайсыз абалга калтыруу. Достун ыйык сезимин булгай берсе болобу? -дешип туш-туштан чыгышып, Жайдарбектин айласын алты жерден кетиришиптир (Медетов).
женщины в одном и том же периоде беременности; айлаш катын - муңдаш погов. женщины в одном периоде беременности сочувствуют друг другу; жакшы катынга жаман катын, айлашмын деп, теңелет фольк. плохая женщина приравнивает себя к хорошей, мол, я с ней айлаш.
лунный, с луной; айлуу түн лунная ночь; жылмайып басып жүргөнүң жайлоонун айлуу түнүндөй стих. когда ты, улыбаясь, идёшь, то подобна лунной ночи на летнем горном пастбище.
айлык I 1. месячный срок; айлык азык провизия на один месяц; он айлык тапшырма десятимесячное задание; 2. месячник; сугаттын жаңы системасына өтүү боюнча айлык месячник по переходу на новую систему орошения; 3. оклад, зарплата (месячная). айлык- II южн. то же, чтоайык- II.
зат.1. Бир айда ала турган кызмат акы. Айлык алган күн. 2. Кандайдыр бир коомдук кампания өткөрүлүүчү бир ай убакыт, 30 же 31 күндүк убакыт. Достуктун айлыгы. Бир айлык отпуск.Айлык норма. Айлык азык.
1. Аткарылган иши үчүн ай сайын алып туруучу эмгек акы. Сиз айлык аласыз, мен окуп жатам (Таштемиров). Айлыгынан тышкары, Жаңы кийим көп берди (Осмонкул). Сурабаңыз, артып калат айлыгым (Токомбаев). 2. Ай бою аткарыла турган, аткарылууга тийиш болгон. Күндүк, айлык нормаларын, Беш мертебе ашырган (Бөкөнбаев). Айдай жүзү абийир тапкан абам бар, Айлык иши жылдык ишке барабар (Нуркамал). 3. Бир же бир нече айды ичине алган мөөнөткө туура келген, ошондой мөөнөткө ылайыкталган мезгил өлчөмү. Бир айлык отпуск. Кыргыз китептеринин айлыгы. Достуктун айлыгы. Аялды жаңы алдым эле, үч айлык боюнда калды (Жакыпбеков).
АЙЛЫК АКЫДАН КАРМАП КАЛУУ – эмгек укугу боюнча администрациянын тескемеси менен мыйзамда каралган учурларда гана жүргүзүлөт, (м.: айлык акынын эсебинен берилген насыя акчаны кайтаруу үчүн; эсептөөдөн кеткен жаңылыштыктардан улам ашыкча берилген сумманы кайтаруу үчүн; жумушчунун күнөөсү менен тарткан зыяндын ордун толтуруу үчүн). Ар айлык эмгек акы берген сайын кармап калуунун өлчөмү 20 пайыздан, ал эми мыйзамда өзгөчө каралган учурларда же бирнече аткаруучу документтер боюнча кармоодо айлык акынын 50 пайызынан ашуусу мүмкүн эмес.
АЙЛЫК АКЫ (тарифтик чен) – бир мезгил аралыгында, белгилүү татаалдыктагы (адистиктеги) эмгек ченемдерин (эмгек милдеттерин) аткаргандыгы үчүн кызматкерге төлөнүүчү эмгек акынын белгиленген көлөмү.
аймак I 1. страна, край, территория; колхоздун бүтүн аймагын кайтарган киши человек, охраняющий всю территорию колхоза; аймак таануу уст. краеведение; аймак таануучу уст. краевед; 2. население одного аймак'а; айыл-аймак то же, чтоайыл-апа (см.апа I 5, убар). аймак II украшение на шапке; алтын аймак чакмак бөрүк шапка, богато украшенная золотым аймак'ом.
зат.1. Жер, территория, өлкө. Гүлдөтөлү колхоздун Күндөн күнгө аймагын (Осмонкул). Келечегиң дагы кең, Өсө бер Совет аймагы (Үсөнбаев).
2. Айлана, бир нерсенин жаны, тегереги. Партиябыз түрдүү улуттун баарысын, Бир кишидей аймагына топтогон (Осмонкул).
1. Белгилүү бир территория, кандайдыр бир өлкөгө, административдик территориялык бөлүнүшкө караштуу жер. Танабай бул аймактын коён жатагына чейин билет, адаша койбос, ат чыдаса болду (Айтматов). Биздин районубуз республиканын борборунан ыраак жайгашкан тоолуу аймактын бири («Советтик Кыргызстан»). 2. Белгилүү бир чөйрө, бир нерсенин айланасы, айлана-чөйрөсү, тегереги. Жалгыз калар мен белем, Аймагымдан айрылып («Эр Табылды»). 3. Эл-журт. Алты миң түтүн катаган, Ат-Башы, Нарын жерине, Аймагы менен бүт консо («Эр Табылды»).
1. Жер таануу, өз өлкөсүн кыдырып, анын географиялык ж.б. шарттарын үйрөнүү; 2. Өз өлкөсүн, анын жаратылышын, географиялык абалын, тарыхын үйрөтө турган илим. Аймак таануудан сынак болбойт экен.
АЙМАКТАРДЫ БЕЙТАРАПТАШТЫРУУ – белгилүү бир аймактарда (мейкиндиктерде) согуш жүргүзүүгө жана аларды согуш аткарымдары үчүн база катары пайдаланууга келишимдүү тыюу салуу. А. б. максаты – ал аймакты согуш аракеттеринин майданынан чыгарып салуу. Антарктика А. б. мисалы болуп саналат.
area chart (noun)
A type of chart that displays the trend of values over time or categories. By displaying the sum of the plotted values, an area chart also shows the relationship of parts to a whole.
АЙМАКТЫ АСКЕРЛЕШҮҮДӨН АРЫЛТУУ – эларалык келишимдер менен мамлекеттик ички актылардын негизинде, белгилүү бир аймактагы аскердик чептер менен чыңдоолорду жоюу, анда аскердик базалар менен аскер күчтөрүн кармоого тыюу салуу (көбүнесе аймактык талаш-тартыштарды токтотуу максатында). Антарктика, Аланд архипелагы, Шпицберген, Ай толугу менен, ал эми Африка, Латын Америкасы ж. б. жарым-жартылай аскерлешүүдөн арылтылган. Көп учурларда А. а. а-ну согуш майданы катары кодонуудан баштарткан бейтарапташтыруу да коштоп жүрөт.
region selection (noun)
A selection technique that involves dragging out a bounding outline (also referred to as a marquee) to define the selected objects.
АЙМАКТЫК БАШКАЛКА – мамлекеттин өз аймагында саясий жүйө боюнча куугунтукка алынган кайсы бир адамдын жашырынуусуна мүмкүнчүлүк берүүсү.А. б-ны башка саясий башкалка берүү түрүнөн – дипломатиялык башкалкадан айырмалай билүү керек.
АЙМАКТЫК ДЕҢИЗ (аймактык суулар) – жээкти бойлой, ошондой эле ички суулардын чектеринен сырткары (архипелаг мамлекетте –архипелаг сууларынын тышкары) жайгашкан деңиз алкагы. Белгилүү кеңдиктеги бул деңиз алкагына жээктеги мамлекеттин эгемендиги жайылтылат. А. д-дин сырткы чеги жээктеги мамлекеттин деңиз чегарасы болуп саналат. Азыркы убакта деңиз мамлекеттеринин (130) көпчүлүгү А. д-дин 12 деңиз чакырымына чейинки кеңдиктерине ээ. Ошентсе да, 20га жакын мамлекет эларалык укукта белгиленген чектен ашуун кеңдиктерге ээ.
АЙМАКТЫК ДООТАЛАПТАР – кандайдыр бир мамлекеттин кайсы бир аймакка, анын үстүнөн өз эгемендүүлүгүн орнотуу максатындагы умтулуусу. А. д. бир эле аймакка 2 (же андан көп) мамлекет талаптанган учурда эки тараптуу (көп тараптуу) болушу мүмкүн. Мындай учурларда аймактык талаштар келип чыгат.
АЙМАКТЫК (жергиликтүү) ЖАМААТТАР – Франциядагы жана Франциянын мурда колониясы болгон көпчүлүк өлкөлөрдөгү баардык административдик-аймактык бирдиктердин жалпы аталышы. Францияда коммуналар, департаменттер, деңиздин ары жагындагы аймактар (1982-жылдан бери) А. ж. болуп эсептелет.
АЙМАКТЫК КОРГОНУУ – мамлекеттин коргонуу тутумунун курамдык бөлүгү; КРдин аймагындагы объекттерди жана коммуникацияларды душмандардын бүлдүрүүчү жана террордук аракеттеринен коргоо, ошондой эле аскердик абал режимин орнотуу жана кармап туруу максатында уюштурулат жана ишке ашырылат. А. к-ну уюштуруу жана анын жалпы милдеттери КР Президенти тарабынан аныкталат.
АЙМАКТЫК КОРГОНУУ КҮЧТӨРҮ МЕНЕН КАРАЖАТТАРЫ – душман аракеттеринен, диверсиялык жана террористтик актылардан КР аймагындагы калкты, объекттерди, коммуникацияларды коргоого, ошондой эле согуштук кырдаал тартибин киргизүү менен колдоого арналган КР Куралдуу күчтөрүнүн бирикмелери, бөлүктөрү, мекемелери, аткаруу бийлик органдарынын атайын кошуундары.
АЙМАКТЫК МАКУЛДАШУУ – тийиштүү административдик бирдиктин аймагындагы эмгектин жалпы шарттарын, эмгектик кепилдиктерди жана жеңилдиктерди жөнгө салуучу, баардык тараптар үчүн бирдей милдеттүү жана жамааттык келишимдерди түзүү учурларында эске алынуучу жазуу жүзүндөгү келишим түрүндө жол-жоболошурулган укуктук акт.
АЙМАКТЫК ӨКҮЛЧҮЛҮК – өкүлчүлүктүү бийликти уюштуруунун принциби, ага ылайык депутаттар бүтүндөй улуттун эмес, мамлекеттин кандайдыр бир аймагынын (адатта – федерациянын субъектисинин) атынан чыгышат. Мында А.ө. түздөнтүз калк тарабынан (АКШ, Бразилия, Венесуэла), же болбосо алардын мүчөлөрүн аймактын мамлекеттик бийлиги тарабынан дайындоо жолу менен түзүлөт (ГФР, РФ). Федерацияларда эреже катары, парламенттин жогорку палатасы А. ө. органы болуп эсептелет, ал эми төмөнкү жыйын – улуттук өкүлчүлүк органы болуп саналат.
АЙМАКТЫК ӨНДҮРҮҮЧҮЛӨР – аймактык базарда төмөндөгүдөй шарттарга жооп берүүчү ошондой товар өндүрүүчүлөрдүн жыйындысы: а) өндүрүүчүлөр өз товарынын баарын же басымдуу бөлүгүн ошол базардын ичинде сатышат; б) КРдин башка аймактарынын өндүрүүчүлөрү андай товарды бул аймакка алып келишпейт.
АЙМАКТЫК СУУЛАРДАН ТЫНЧТЫК ӨТҮҮ – эларалык укукта жээкте жайгашкан мамлекеттердин аймактык суулары менен кемелердин аларды кесип өтүү максатында, ички сууларга кирбестен, рейдде же ички суулардан сырткаркы порттук курулмаларда токтоп турбастан, же болбосо ички сууларга өтүү, ал аркылуу ачык деңизге чыгуу же ошондой курулманын жанында токтоо, рейдде туруу максатында сүзүп жүрүүсү. Баардык мамлекеттердин кемелери, жээкте жайгашкандардыкы да, деңизге түз чыгууга жолу жоктордуку да ушул укуктан пайдаланат. Өтүү эгер ал демейки сүзүү менен байланышып, өз ичине токтоону, якорго турууну камтыса да, баш бербес күчтүн таасирин жеңүү же жардам көрсөтүү үчүн үзгүлтүксүз жана тез болуусу тийиш. Суу алдында сүзүүчү кемелер тынч өтүүнү суу үстүндө ишке ашыруулары керек.
АЙМАКТЫК ТАЛАШ – белгилүү бир аймактын укуктук жактан кайсы тарапка таандык экендиги боюнча мамлекеттердин ортосундагы эларалык талаш. Тараптардын ортосундагы демаркациялык пикир келишпестиктер, ошондой эле бир тараптуу аймактык доомат коюу А. т. болуп эсептелбейт.
АЙМАКТЫК ТАЛАШТАР – мамлекеттердин ортосундагы белгилүү аймактын юридикалык таандыктыгы боюнча эларалык талаш. Тараптардын демаркациялык пикир келишпестиктери, ошондой эле бир тараптуу аймактык дооматтар А. т. болуп эсептелбейт.
АЙМАКТЫК ҮСТӨМДҮК – мамлекет өзүнүн бийлигин жарандыгына (юридикалык жактын улутуна) карабастан, ошол аймакта жайгашкан баардык адамдарга жана уюмдарга карата башкарууну ишке ашыруусу. «А. ү.» түшүнүгү «мамлекеттик юрисдикция» түшүнүгүнөн кеңири, анткени (акыркыны камтуу менен) мамлекеттик бийликти анын баардык конституциялык тариздеринде (мыйзам чыгаруу, аткаруу, административдик жана сот) толук чагылдырып көрсөтөт.
АЙМАКТЫ ЭЛАРАЛЫК ИЖАРАЛОО – өз аймагынын бир бөлүгүн же өз аймагындагы объектини (курулушту) белгилүү бир мөөнөткө, белгилүү бир максатта, белгилүү бир шарт менен пайдалануу үчүн бир мамлекеттин бир мамлекетке келишим негизинде бериши. Келишимде каралган тартиптеги чектөөлөрдү бекем сактоо менен бирге, ижаралоочу мамлекеттин пайдасына айрым укуктарды бергендигине карабастан, ижарага берүүчү мамлекет аймактын эгемендүлүгүн сактап калат. Аймакты ижаралоо келишимдери унаа жолдорун (каналдар менен түтүк жолдорун да) куруу жана пайдалануу, субъекттерде эркин экономикалык аймактарын орнотуу ишчаралары аркылуу кеңири кулач жаюуда. А. э. и-нун башка тариздерине эларалык уюмдар менен чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдүн мамлекетке караштуу жерлерди ижарага алуусу да кирет.
хватать ртом; баласы эмчегин аймалап эмип жатат ребёнок сосёт, жадно хватая ртом её грудь; ак мамаңды аймалап, эмдим эле, энеке стих. я, маменька, полным ртом сосала твою грудь; жел анын беттерин аймалап, чачтарын сеңселтет ветер, овевая его лицо, треплет волосы.
1. Эриндер менен, тил менен жалмалоо. Ак мамаңды аймалап, Эмдим эле энеке (Турусбеков). Аймалап жыттап жүрөйүн, Ай сайын эмес, күнүнө (Үмөталиев). 2. Жыттагылап өпкүлөө. Чоң эне кагылып-согулуп небересин аймалады (Сыдыкбеков). 3. өт. Илеби урунуп, тийип кеткен абал (шамалга, желге карата). Бетти-колду бирде жылуу, бирде салкын жел аймалайт (Сыдыкбеков). Суук шамал Касейиндин беттерин каарып, колдорун аймалайт (Сыдыкбеков).
айма этишинин аркылуу мамилеси. Тигинин курч тырмактарына бетимди айматып алып, шаштым кетип калды (Акматов). Аңызыңдан айматып, Айдаганы комбайн (Калык).
АЙ МҮЙҮЗ — жакшы тилек үчүн аталып союлган бодо мал. Эпостун негизги варианттарындагы айрым окуяларында сыйынуу, табынуу жана жакшы тилек тилөө ырым-жырымдарына байланыштуу эскерилет. Манас төрөлгөндө А. м-гө ак өгүз чалышат (Сагымбай Орозбаков, 1. 73).
ир.-ар. 1. то же, что күзгү II; 2. стекло; көз айнек очки; айнек көз искусственный (букв. стеклянный) глаз; киричмесин айнек аягына куюп, алдыма коёт наливает он своей браги в стеклянную посуду и ставит предо мной; айнек парда оконная занавеска; 3. талас. окно; 4. (чаще айнектей) перен. чистый, ясный, прозрачный; айнектей көз поэт. ясные очи; керек болсо, чукуп ал айнектей эки көзүмдү фольк. если нужно, вырви мои ясные очи; асынып жүрсө Аккелте - айдалынын айнеги фольк. когда он навесит на себя (ружьё) Аккелте - (это) краса его спины (букв. лопатки); айнектей ачык совершенно ясно, очевидно.
зат.1. Кварц кумуна бир катар башка заттарды кошуп эритүү жана химиялык жагынан иштетип чыгуу менен алынган тунук зат. Терезенин айнеги. Шкафтын айнеги. Айнек идиштер. 2. диал. Күзгү. 3. Көз айнек. Күмүш алкак айнегинин жартысын Басып турат тааныш коюу каштары (Аалы).
♦ Көзайнек — көз жакшы көрбөй калганда же көздү жарык нурдан сактоо үчүн көзгө тагынуучу айнектен жасалган курал.
Араб тилинде айн сөзү «көз» маанисин берет (АРС, 709). Анткени ал тамганын жазылышы көздүн сүрөтүн элестетет. Ал сөзгө кичирейтүүчү -ек мүчөсүн кошуп, ирандыктар айнек деген сөздү жараткан (ПРС, 354). Ал «көз айнек» маанисин туюнтат. Кыргыз тилине айнек сөзү кабыл алынганда иранчасынан башка мааниси пайда болуп, «терезенин көздөрүнө салына турган шишеден жасалган зат» деген маани берип калган.
1. Кварц кумуна кээ бир башка заттарды кошуп эритүү жана химиялык жол менен иштетүүнүн натыйжасында алынган тунук материал. Айнек заводу. Ошол материалдан жасалган ар кандай башка буюмдар же ушул эле материалдын терезеге ж.б. колдонулуучу жука, жазы тилкеси. Терезенин төрт көзүнүн тең айнектери бүтүн (Сыдыкбеков). Жылтыраган айнек жок, Караңгы тамда жатамын (Токтогул). 2. диал. Күзгү. 3. өт. Чолпонум, тунугум, асылым деген маанилерде эпитет катарында колдонулат. Баатырдан калган белегим, Төрөмдөн калган айнегим («Сейтек»). Айнегим Топчу эрмегим, Аманын атаң көрбөдүң (Токтогул). 4. сүйл. Шише, шише идиш, ар кандай шише буюмдар. Балдан тарткан киричмесин айнек аягына куят (Сыдыкбеков).
АЙНЕКЕ — эпизоддук кейипкер. Көкчөнүн уулу Үмөтөй Семетейге каршылашып келгендеги эпизоддо А. Темиркандын он эки кызынын бири, Текечи кандын аялы, өзүнүн эжеси экендигин Каныкей Семетейге айтат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 274).
1. Айнекке окшогон, айнек сыяктуу. Айнектей муз. 2. Мөлтүрөгөн, жакшынакай, күзгүдөй. Айнектей сулуу жар болсо Өмүрлүккө сүйгөнүм (Токтогул). Аткан таңдай кашкайып, Айнектей бетиң тастайып (Тоголок Молдо). Чексиз асман көк айнектей мелтиреп, Окшошконсуйт биздин жашыл жер менен (Токомбаев). Кичирээк бөлмөдө ак халат кийген орто бойлуу жигит айнектей тунук нерсени текшерип жатты («Советтик Кыргызстан») .
айнекте этишинин туюк мамилеси. Айнектелген ичи таза, Темир мештер жагылды (Бөкөнбаев). Алды-үстүнүн бардыгы айнектелген чоң капас даярдадык («Ала-Тоо»).
этиш.1. Убадасында турбоо, айтканынан кайтуу; көздөгөн максатынан, оюнан баш тартуу. Мурун айтып алып, эми кайра айныйсыз (Бейшеналиев).
2. Мурдагыдай болбой калуу, эс-акылы төмөндөө, начарлоо. Али айныбайт, ордунда Акеңдин эс-акылы («Саринжи — Бөкөй»).
♦ Жүрөгүайнуужекөңүлүайнуу — окшугусу, кускусу келүү; өзүн начар сезүү; иренжүү. Көзайныган — көз тайгылган, көз жетпеген. Көз айныган мунарык, Чөлгө түштү эр Төштүк («Эр Төштүк»).
1. отказаться от слова; раздумать, идти на попятный; айнып калба не отказывайся от данного слова; 2. изменяться, изменять своё отношение; сен, аруу кулунум, айнып кетер бекенсиң? фольк. мой чистый жеребёночек (мой милый), не изменишься ли ты? айныбай неуклонно; чыныгы кызмат акы айныбай өсүп жатат реальная заработная плата неуклонно растёт; айныбастан решительно, смело; не раздумывая; найза бою аң келсе, айныбастан чуркаган фольк. когда попадался ров (шириною) в длину копья, (конь) перескакивал смело; көөнүм айныды или жүрөгүм айныды меня тошнит; көөнүм айнып, жаным жер тартып турат я себя плохо чувствую, и мне хочется лечь (я могу упасть).
1. Убададан тануу, айткан сөздөн кайтуу, баш тартуу, баштаганын аягына чыгарбай, айникейи кармаган абал. Антым ак, убадам бир, күтөм... күтөм... Айныбайм, үмүт үзбөйм, чыдайм күтөм (Осмонов). Айдай эмне үчүн качат, убадасынан айныдыбы? (Байтемиров). Үйгө барбай, айнып калдык (Абдукаримов). 2. Мурдагысындай болбой, эс-акыл, ден соолук, жөндөмдүүлүк ж.б. жагынан начарлай түшкөн абал. Айныгандыр кадимки Абышканын чечени (Тоголок Молдо). Айныпсың, балам, акылдан! («Семетей»). Табы айнып турат дегидей эчтемеси жок, сопсоо эле жүргөнсүйт («Ала-Тоо»).
1. Бир нерсени ниеттенгенде же бирөөгө убада кылганда, кайтадан жанып, аларды орундабай коюу. 2. Карылыгы жеткен адамдын мурунку эс-акылынан жанып, дайны жок сүйлөп калуусу. Айнып калган экен кайран киши! Айныр убагы боло элек эле, буга уулу кылып кетти (Өмүрбаев).
понуд. отайны- отговаривать; мен Нарынга барайын десем, ал мени айнытып койду хотел я поехать в Нарын, (но) он меня отговорил; мен иштеймин сен айнытпа я буду работать, ты не отвлекай.
айны этишинин аркылуу мамилеси. Мени айныта берип, акыры максатыңа жеткен экенсиң да («Чалкан»). Айландырды башымды, Айнытып салды акылды (Тоголок Молдо).
1. фартук, фартучек; айпооч тартып надев фартук; 2. повязка, охватывающая тело покойника от талии до колен; ак кепиндеп, аруу жууп, айпооч салып, белими бууп фольк. чисто обмыв и завернув в саван, наложив айпооч и стянув мою поясницу; айпооч менен белин бууп, колум менен көмөйүн фольк. повязав поясницу айпооч'ем, я своими руками похороню.
Кепиндин белден тизеге чейин ороло турган бөлүгү. Ак кепиндеп, аруу жууп, Айпооч салып, белин бууп Көмгөнүм жок, Эшмамбет (Токтогул). Айпооч салып белин бууп, Соопко дакыл болсоңор («Эл адабияты»).
айран I ар. удивлённый, изумлённый; растерявшийся; айранга кал- или айран кал- изумиться; растеряться; айран калды или айран-таң калды или айран-азыр калды он растерялся, он опешил. айран II 1. айран (кислое молоко, слегка разбавленное водой); аш айран айран с крупой (ячменной или пшённой); жалама айран небольшое количество айрана (чтобы только лизнуть); айран ичкен кутулуптур, челек жалаган тутулуптур погов. кто айран пил, тот спасся, а кто ведёрко лизал, тот попался (т.е. что ворам с рук сходит, за то воришек бьют); 2. южн. пахта, пахтанье, сколотина; ат айраны кумыс; ачыткан айран то же, чтожуурат I; абийири айрандай төгүлдү он вконец опозорен, он обесчещен.
Iзат. Сүттөн уютулган ачкыл тамак. Айран ичкен кутулуптур, челек жалаган тутулуптур (макал).
♦ Ашайран — талкандын акшагы, таруу сыяктуу дан кошулуп уютулган айран. Бир көнөчөк аш айран жеткирип бербесең, каным катып кетет го? (Сыдыкбеков).
АЙРАНII: айранкалуу,айранболуу,айран-таңболуу — таң калуу, аң-таң болуу. Калың эл үч баатырга айран калды (Аалы). Алима эже аябай коркуп, нес болгон немедей айран-таң калды (Абдукаримов).
«Азыркы кыргыз тилинде бышырылып уютулган сүт тамак айран делет. Каймагы алынбаган сүттөн уютулганын жуурат айран дейт. Кой жана эчкинин сүтүнөн уютулган айран да жуурат деп аталат. Ал эми каймагы алынбай уютулган жуураттан же жуурат айрандан май бышып алгандан кийин калган суюктукту бышма же койлосун дейт.
Байыркы кезде айран сөзү мына ушул бышма же койлосун деген мааниде болгон. Аны айран деген аты айтып турат. Анткени бул сөз айыр+ан деген бөлүктөрдөн турат (Севортян 1974, 111). Айыр деген этишке зат атооч жасоочу –ан мүчөсү жалганып, айран сөзү келип чыккан. Ал «майы бөлүнүп (ажыратылып) алынган суюктук» дегенге жакын маани берген. Кийин бышылбаган болсо деле айран делип аталып кеткен» (Сейдакматов 1988 :16).
Азыркы кыргыз тилинде бышырылып уютулган сүт тамак айран делет. Каймагы алынбаган сүттөн уютулганын жуурат айран дейт. Кой жана эчкинин сүтүнөн уютулган айран да жуурат аталат. Ал эми каймагы алынбай уютулган жуураттан же жуурат айрандан май бышып алгандан кийин калган суюктукту бышма же койлосун дейт.
Байыркы кезде айран сөзү мына ушул «бышма» же «койлосун» деген мааниде болгон. Аны айран деген аты айтып турат. Анткени бул сөз айыр+ан деген бөлүктөрдөн турат (Севортян, 1874, 111). Айыр деген этишке зат атооч жасоочу -ан мүчөсү жалганып, айран сөзү келип чыккан. Ал «майы бөлүнүп (ажыратылып) алынган суюктук» дегенге жакын маани берген. Кийин бышылбаган болсо деле айран делип аталып кеткен.
Таң калгандык, аң-таң болгон абал. Калың эл үч баатырга айран калды (Токомбаев). Айткан кеби орунсуз Адам айран ишине (Тоголок Молдо). Айран азыр калганы («Манас» С. О.).
то, что предназначено для айрана; бир азыраак айрандык кой 1) небольшое количество дойных овец; количество овец, от которых можно получить немного айрана; 2) закваска (небольшое количество кислого молока для заквашивания айрана).
передразнивание (голосом, выкриками); а, айрөк! кандай ишиң? (злорадный вопрос) ну, как твои дела? что, делишки-то у тебя не ахти? айрөк-айрөк! срам, срам!; что, выкусил?
этиш. Шылдыңдоо, кордоо; шылдыңдоо максатында «айрөк, айрөк» деп кыйкыруу. Ыйлабагын, Малабек, Жолдошторуң айрөктөйт Сени ыйлаак бала деп («Кыргызстан пионери»).
1. то же, что эликте- (но с выкриками); 2. перен. позволять себе вольности в отношении кого-л.; издеваться; арданбай, байкуш, угуп тур айрөктөп аалам күлгөнүн стих. послушай, несчастный, как издевается над тобой мир.
«Айрөк, айрөк» деп шылдыңдоо, кордоо, мыскылдоо, ардантуу. – Сен сууну бөгөп жата тур! – деп күрөккө таянып Желкикараны айрөктөп турдум (Сыдыкбеков). Арданбай байкуш угуп тур Айрөктөп аалам күлгөнүн (Бөкөнбаев).
айры I 1. раздвоенный; развилина; айры сакал 1) раздвоенная борода; 2) человек с раздвоенной бородой; айры жол распутье (дорога, расходящаяся надвое); эки жол айры болсо, иттин башы каңгы болот погов. на распутье собака с толку сбивается; айры баш 1) двуглавый; 2) то же, что айырбаш; башы кара буту айры неме, ага теңелбей эле кой да он такой заурядный (букв. нечто с чёрной головой и раздвоенными ногами), по нему не равняйся; айры калпак см.калпак 1; 2. вилы; темир айры железные вилы; 3. (точнее айры төө или айры өркөч) двугорбый верблюд; айры эмес, нарча төөлөр фольк. не двугорбые, а одногорбые верблюды; карды салык төөсү көп, айры төөдөн нары көп фольк. у него много вислобрюхих верблюдов, одногорбых верблюдов больше, чем двугорбых. айры II то же, чтоаары I. айры- III см.айыр-.
Iзат. Чөп жыйноодо колдонулуучу жыгач сабы бар бир нече ачалуу курал. Темир айры. Жыгач айры. АЙРЫIIтуурасы:аары.
АЙРЫIII Ача, эки ача; ачаланып, эки башы жогору көтөрүлүп турган. Жол айры болсо, иттин башы каңгы болот (макал). Айдап барып мал берем, Айры өркөчтүү нар берем («Манас»). Асканын көркүн чыгарган, Айры кезең бел болот (Осмонкул).
АЙРЫIVайыр менен бирдей.
Чөп, саман же башка нерселерди сузуп көтөрүү, чачуу, чогултуу үчүн колдонулуучу бир нече ачалуу, узун сабы бар айыл чарба шайманы. Темир айры. Жыгач айры. Акман айрыны колуна кармай басып көчөнүн боюнан чыкты (Сыдыкбеков).
Эки ача, эки айрык болуп турган, ачаланган. Жол айры болсо, иттин башы каңгы болот (макал). Көрүндү бир түп айры шыбак, жүгүрүп келди эки улак (Борбугулов). Алтымыш айры бугудай Шаңкайып турат сыягы («Манас»).
1. раздел, разделение; расщелина; раздвоенный; разодранный; 2. горная ложбина; место слияния двух горных рек; айыл-айыл жылда жайлачу айрыктардан конуш алышкан расположились аулами по горным ложбинам, где обычно летовали каждый год.
зат.1. Кийимдин айрылып калган жери. Наташа чапандын айрыгын ыпыйта кармап тиге баштады (Жантөшев).
2. Бир нерсе тийип, теринин тилинип же тытылып кеткен жери. Ал турмак, колунда сынык тагы бар, Башынын айрык тагы бар («Эр Табылды»).
3. Кийимдин, чүпүрөктүн айрылып, бөлүнүп калган бир бөлүгү, айрындысы.
4. Суунун, жолдун, коктунун ж. б. бөлүнүп кеткен жери, бөлүнүп кеткен бир тармагы, салаасы. Ошол үч айрыктан кечип алып, тиги көрүнгөн белди ары эңкейсеңер, Кең-Суудагы элге жетерсиңер (Жантөшев). Орто жерде арылдап агып Нура суусунун бир айрыгы жатат (Жантөшев). [Төр].. улам өйдөлөгөн сайын бир нече айрыктарга бөлүнөт (Сыдыкбеков).
1. Кийимдин же башка нерсенин айрылып калган жери. Наташа чапандын айрыгын ыпыйта кармап тиге баштады (Жантөшев). Баштыктын айрыгы чоңоюп, талкан чубура турган болду («Жаш ленинчи»). 2. Бир нерсе тийип, дененин айрылып, зыяндап калган жери. Ал турмак, колунда сынык тагы бар, Башында айрык тагы бар («Эр Табылды»). 3. Кийимдин, чүпүрөктүн айрылып, бөлүнүп калган бөлүгү, айрындысы. Этектин айрыгы. Жоолуктун айрыгы. 4. Коктунун, капчыгайдын же суунун бөлүнгөн салаасы. Төр улам өйдөлөгөн сайын бир нече айрыктарга бөлүнөт (Сыдыкбеков). Орто жерде арылдап, Нура суусунун бир айрыгы жатат (Жантөшев).
особенно, в особенности; особый, особенный; айрыкча көңүл бер- обратить особое внимание; проявить особые заботы; айрыкча күч менен с особой силой; с исключительными усилиями.
такт. Башкаларга караганда, өзгөчө, бөтөнчө, артыкча. Бүбүштүн сөзү чындыкка жакындай сезилип, отургандардын көңүлүн айрыкча бурду (Таштемиров). Партия менен өкмөтүбүз азыр агартуу ишине айрыкча назарын бурду (Сыдыкбеков).
Өзгөчө, бөтөнчө. Айрыкча Калдар каршы чыгып, талашканы көз алдында турду (Жантөшев). Жарашпайт экен ичкилик, Айрыкча көк ала сакал карыга (Шүкүрбеков).
возвр.-страд. отайыр- 1. разрываться; разделяться; разлучаться; жорго минген жолдошунан айрылат, көп жашаган курдашынан айрылат погов. тот, кто на иноходца сел, со своими спутниками разлучится, тот, кто долго живёт, со своими сверстниками расстанется; айрылбаган баш калбай, алжайбаган каш калбай фольк. (так сражались, что) не осталось головы нераздвоенной, не осталось брови неразверзнутой; баш айрылса - бөрк ичинде, кол сынса - жең ичинде погов. сора из избы не выносить (букв. если голова рассечена - под шапкой, рука сломалась - в рукаве); жүрөгүм чочуп айрылып, жүдөдүм жаман кайгырып фольк.южн. от испуга сердце моё разрывается, я весь истомился в печали; корккондон жүрөк айрылбайт, кубангандан маңдай жарылбайт погов. от страха сердце не разрывается, от радости лоб не треснет; 2. лишаться; малынан айрылды он лишился своего скота; аттан айрылсаң, айрыл, токумдан айрылба погов. коня лишиться можешь, но сбруи не лишайся (т.е. не теряй надежды опять завести коня; не отчаивайся при неудаче); ынтымактан айрыл- терять сплочённость, утрачивать взаимопонимание; ынтымактан айрылсаң, колуңдан, журтум, иш кетти фольк. если ты, народ, потеряешь сплочённость, дело на лад у тебя не пойдёт; токол эчки мүйүз сураймын деп, кулагынан айрылды погов. комолая коза думала испросить рога, да и ушей лишилась; погнался за большим, да малое потерял; остался у разбитого корыта; Аккуладан айрылсаң, сенин айлаң не болот? фольк. если лишишься Светло-саврасого (коня), что ты будешь делать (какой у тебя будет выход) ?
понуд. отайрыл- раздваивать, раздирать; разлучать; айрылтмакка Көкчөдөн, ар нерсе алып санаага фольк. они всё передумали, как бы разлучить его с Кокче; ата-энеден айрылтып, зыркыратып кыз алган фольк. разлучив с отцом-матерью, он забрал истошно кричавшую дочь; старчын келди, буйламды чойду, жайытымдан, ээмден айрылтып койду стих. пришёл аульный старшина, потянул меня за повод, разлучил меня с хозяином моим и с пастбищем (говорит верблюд); жер айрылта макта- превозносить; рассыпаться в похвалах; Желмаянга аттанып, жер айрылтып мактанып фольк. сев на быстроногого верблюда (см.Желмаян) и сверх меры похваляясь.
айрылыш I и. д. отайрыл- раздвоение; разделение; айрылыш жол то же, чтоайры жол (см.айры I 1). айрылыш- II взаимн. отайрыл-; достуктан айрылыштык мы раздружились.
зат. Жолдун, суунун бир нече тармакка бөлүнгөн, ажыраган жери. Эки жолдун айрылышына келди (Баялинов). Жолой атам айткан үч айрылыш жогору болсо керек деп, Каныбек улам суунун жогору жагынан карайт (Жантөшев).
Суунун же жолдун бир нече тармакка айрылган, бөлүнгөн жери. Бышты жолдун айрылышында чөп жалмалап туруптур (Касымбеков). Бир кезде Тойчубек эки жолдун айрылышына келди (Баялинов).
отдельный, особый; айрым бригадалар боюнча по отдельным бригадам; айрым кишилер отдельные лица; айрымдардын пикирине караганда судя по мнению отдельных лиц; ачык-айрым открыто, явно; откровенно; ясно; ачык-айрым сүйлөш- беседовать откровенно, говорить по душам; ачык-айрым түшүндүр- растолковать точно и ясно.
Iтакт. Кээ бир, кайсы бир. Айрым сабактарды эки кайталап окуду (Сыдыкбеков). Айрым жумушчулар жеңиш вахтасында турушту (Сасыкбаев).
АЙРЫМII: бирайрым — айрып алынган, бөлүнүп алынган, бир чарчы. Бир айрым жоолук. АЙРЫМIII : ачык-айрымк.ачык.
Кээ бир, кайсы бир. Жылдызкан айрым кемчиликтерди оңдоо маселелерин козгогон (Байтемиров). Айрым адамдар бул кептин түйүнүн чече алгыдай эмес («Ала-Тоо»).
айырмач менен бирдей. Айры өркөчтүү нарга артып Айрымач токуп малга артып («Олжобай менен Кишимжан»). Айрымач ээрлүү жорго тай минген жаш бала демитип, камчы менен түртүп коюп, ак тайлактын жинине тийип ойноп келет (Касымбеков).
зат. Кездеменин же башка нерселердин айрып алынган же айрылып калган бөлүгү, айрыгы. [Сыдык].. маңдайына лампа коюп, анын үстүн газетанын айрындысы менен калкалады (Жантешев).
Кездеменин же башка нерсенин айрып алынган же айрылып калган бөлүгү, айрыгы. Малиновский кагаз айрындыларын термелеп чогулта баштады (Сасыкбаев). Афишанын айрындысы.
Адам, киши. Айры төш бирде мырза, бирде кул (Даникеев). Балбанга түшүп байге да алдым. Мен ушул күнгө чейин айры төштүн алдында калганым жок (Токомбаев).
айрыш I и. д. отайыр- 1. раздваивание; разделение; 2. различение. айрыш- II взаимн. отайыр-; капты айрышып кой возьмись за край мешка и помоги держать его открытым (чтобы можно было в него сыпать что-л.); кап берсем, айрышып салыптыр дал я им мешок, а они его разодрали; баш айрышкан төбөлөш болду такая была драка, что головы трещали.
АЙРЫШТЫН САРЫ КАЙКАҢЫ — топоним. Кыргыздардын жылкысына тиймек болгон Домабил баштаган алтайлык калмактар Манастан сокку жеп качышат. Ошондо Жакып жоону кууп бараткан Манасты А. С. К-нан токтотот (Сагымбай Орозбаков, 1. 167).
айса I то же, чтонайза. айса II название сказочного рогатого животного; илбирси бар, чөөсү бар, Желмаян, айса, төөсү бар фольк. есть там барсы, есть шакалы, есть быстроногие верблюды, есть айса, есть верблюды.
~: айсал-буйсал кылгыча или айсал-буйсал кылбастан вмиг; не успеешь оглянуться, как...; айсал-буйсал кылгыча келип калдың мы не успели повернуться, а ты уж пришёл; айсал-буйсал кылбастан, алып кеттиң кегиңди стих. ты быстро воздал отмщение.
Айлуу эмес, ай көрүнбөгөн, караңгы. Айсыз түн. Ар өзөндө электрдик станция Айсыз түндө көргөн адам таң болор (Маликов). Күн күркүрөп, чагылган жаркылдады, Айсыз түн... Жылкынын кайда кеткени да билинбейт (Шүкүрбеков).
айт I охот. ату!; айт де- охот. порскать; тайгандарын "айт!" деп жиберди он крикнул своим борзым "ату!"; айт-айтта- кричать "ату!, ату!" (предостерегающий крик пастухов); айт кой- или айт-кыйт кой- лихо крикнуть, гикнуть; сен "айт!" десең, кыйт коюп, бүт жедигер кетели фольк. если ты крикнешь, то мы гикнем и все мы, джедигеры, уедем; "айт!" десе, "ойт!" деген тот, кто на "айканье" отвечает "ойканьем" (паникёр); о айт! да-да!; вот как! (возглас поддержки, одобрения); чу, айт! ну, пошёл!, но! (возглас, которым понукают коня); айт-буйт см.айта. айт II ар. праздник (мусульманский; ср. майрам); айт болор, айттын эртеси да болор погов. бывает праздник, бывает и завтра послепраздничное; не всё коту масленица. айт- III 1. говорить, сказать; рассказывать; айтмайынча - ким билет? ачмайынча - ким көрөт? погов. пока не сказано - кто знает?, пока не открыто - кто видит? айтып түгөткүсүз түрдө кубанышты они несказанно обрадовались; айта берсе, сөзү көп тут много можно сказать; всего не перескажешь; айтканы айткандай болуп чыкты вышло так, как он сказал; таап айт- говорить дельно, умно; айтып кыл- сделать что-л. с чьего-л. ведома; айтып кылган иштин айбы жок погов. за то, что сделано с чьего-либо ведома, не обвиняют; айткан жерден чык- выполнить намеченное; выполнить взятые на себя обязательства; сдержать слово; ажал айтып келбейт погов. смерть приходит, не предупреждая; алмурут айткан жерлерге ит мурун чыгат дечу эле фольк. сказывали, что там, где должны бы расти груши, вырастет шиповник; 2. с предшеств. исх. п. судить (предопределить); сүзөнөк уйга кудай мүйүздөн айтпаган погов. бодливой корове бог рог не даёт; кудай акылдан айтпаган бог ума не дал (тебе, ему); 3. приглашать; айтып келген конок приглашённый гость; 4. этн. предназначать, выделять для заклания, приносить в жертву; ак сарбашыл кой айтып, түлөөнү да чалалы фольк. выделив белую с жёлтой головой (см.сарбашыл) овцу, принесём-ка в жертву; эки жыл ооруп айыкты жалгыз эркек балабыз; ак сарбашыл айткамын, азыр барып чалабыз фольк. наш единственный ребёнок два года болел и поправился; (поэтому) я предназначил белую с жёлтой головой овцу, пойдёмте заколем; 5. сказывать, петь; мен сага айтсам скажу-ка я тебе; представь себе; бир сөз менен айтканда одним словом; ырасын айтканда или чынын айтканда или туурасын айтканда по правде говоря; (ошону) айтсаң (ыз) ! скажи (те) на милость!; смотри (те) -ка!; вон ведь как!; ошону жаңылбай билип алганын айтсаң вот ведь удивление, как это он так точно запомнил!; ошону айтсаңыз (в зависимости от интонации) 1) вот вы это (об этом) и скажите; 2) вот ведь оно как!; айта кет- вскользь упомянуть, коснуться в разговоре или в речи; ошону айт! вот это да!; оюнчу деп, ошону айт! вот так игрок!; бир айтканын миң айтып зарядив одно и то же, без конца повторяя одно и то же; айтып-айтпай не пайда или айтып-айтпай не керек или айтып-айтпай пайда жок словами не поможешь; говори не говори, а уж...; айтып-айтпай пайда жок, кеткен жан кайтып келеби? стих. словами не поможешь: разве ушедшая душа вернётся? айтты-койду дебеди фольк. он не промолвил ни слова; он никак не реагировал; айтпаганды айт- ругать всякими неприличными словами (букв. говорить то, чего не говорят); артынан айт- см.арт II.
Iзат. Диний майрам. Орозо айт. Курман айт. АЙТIIэтиш.1. Сүйлөө, сөз аркылуу ой-пикирин билдирүү, бир нерсе жөнүндө баяндоо. Тууган күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат (макал). Көңүл кири айтса кетет, көйнөк кири жууса кетет (макал).
2. Ылайык деп табуу, мурдатан ылайык көрүү; буюрса, ушундай болсо деп эсептөө. Сүзөгөн уйга кудай мүйүздөн айтпаган (макал). Эч болбоду дегенде ырдан да кудай айтпады, — деп бир абышка Өмүргө карады (Жантөшев).
Айтканынанкайтпоо — убадасынан тайбоо, сөзүндө туруу, айтканын орундатуу. Айтканынан кайтпаган Акыл жигит жакшы экен! (Барпы). Айтыпболгусжеайтыптүгөткүс — өтө көп; айтып аягына чыга албас, канчалык кеп кылса да түгөнгүс. Өнөрү бар айтып болгус.Айтыпоозунжыйганча — өтө тез, дароо. Ачыкайтып,аксүйлөө — чынын, туурасын айтуу, болгонун болгондой айтуу.
АЙТIIIсырд.1. Итти айдактоодо, тукурууда колдонулат. Тайгандарын «айт!» деп жиберди. 2. Малды кайрууда, башкарып-тескөөдө колдонулат.
3. Үркүтүп, чочутууда колдонулат. Кыярып бышкан ак эгин, Арам колдон аман бол. Айт! айт! куу! куу! (Осмонов).
♦ Айтдегенчежеайтдегиче — дароо эле, ары-бери, көз ачып жумгуча, бир заматта. Айтберүү — ойт берүү, Темингенде айт берип Текедей ыргып чураган (Осмонкул).
дин. Ислам дининдеги элдердин жылына эки жолу майрамдоочу диний майрамы. Айт да болор, айттын эртеси да болор (макал). Келин-кыздын көркүнө Айт, айбашы күн кызык (Токтогул).
1. Оюн сөз менен түшүндүрүү, бир нерсе жөнүндө баяндоо, сүйлөө. Суктанткан суунун атасы, Мураптын жайын айталык (Осмонов). Айтмайынча – ким билет, ачмайынча – ким көрөт? (макал). Мен көп сүйлөөнү каалабайм, ток этер жерин айтамын (Каимов). Элебес Шамбеттерге бирдеме деп айткандай болду (Сыдыкбеков). 2. Кабар кылуу, бир нерсе жөнүндө кабарлоо, кабарлап чакыруу. Назарбай уулу үйлөнөт имиш. Бизди тойго айткан экен (Касымбеков). 3. Кээ бир элдик оозеки чыгармаларды (кошок, эпос, жомок, табышмак, жаңылмач ж.б.) аткаруу, көпчүлүк алдында баян этүү, сүйлөп же ырдап берүү. Кошок айта тургандар тигил үйгө, калган аялдар бул үйгө кирсин деп калышты («Ала-Тоо»). «Манас» айткан карыя сиз болосузбу? – деп сурадым. Мен кыргыздын ыр-жомокторун, эски уламыштарын айтчу кишилерге үйүрмүн («Ала-Тоо»). 4. Диний түшүнүк боюнча башына кыйынчылык түшкөндө, андан кутулуу үчүн кудай жолуна деп бир нерсе арнай турганын, садага берерин билдирүү. Жети нан баабедин айттың беле? Ак сарбашыл айтып, кудайды үмүткөр кылган экенсиң, бирдеме сойбойсуңбу («Ала-Тоо»). Баабединин бат айтып, Ай туякка ат айтып («Сейтек»). 5. Тангыч формада: айтпа, айткан жок буюрбаптыр», «ылайык көрбөптүр» деген мааниде колдонулат. Сүзөнөөк уйга кудай мүйүздөн айтпаган экен (макал). Эч болбоду дегенде«ырдан да кудай айтпады! – деп бир абышка Өмүргө карады (Жантөшев).
1. Малды кайырууда, айдоодо, тескөөдө колдонулат. Айт! айт! деп аттарды алдына салып кууп бараткан экен («Ала-Тоо»). 2. Итти айдактоодо, тукурууда колдонулат. Тайгандарын«айт» деп жиберди. 3. Үркүтүп, чочутууда колдонулат. Кыярып бышкан ак эгин, Арам колдон аман бол. Айт, айт, куу! (Осмонов).
~: айта-буйта дегиче или айт-буйт дегиче вмиг, в мгновение ока; айта-буйта дегиче, ачып көздү жумгуча (стереотипное выражение в фольклоре) не успели оглянуться, в мгновение ока.
Бир заматта, көз ачып жумганча, дароо, өтө тез, арыдан бери. Айта-буйта дегиче, Эр бакайдын жанына Чаап чыгып барышты («Манас»). Айта-буйта дегиче, Ачып көздү жумганча, Алып жетип барайын («Эр Төштүк»). Айта-буйта дегиче, Антаңдап шашып Карачач, Айчүрөккө барды эле («Сейтек»).
Бир заматта, көз ачып жумганча, дароо, өтө тез, арыдан-бери. Айта-буйта дегиче, Эр Бакайдын жанына Чаап чыгьт барышты («Манас»). Айта-буйта дегиче, Ачып көздү жумганча, Алып жетип барайын («Эр Төштүк»). Айта-буйта дегиче, Антаңдап шашып Карачач, Айчүрөккө барды эле («Сейтек»). В.: Ана-мына дегиче. Ана-мына дегиче, Ачып көздү жумганча, Айлына жетип келгени («Эр Төштүк»). Андай-мындай дегиче, Кумурска жайнап кетти эле («Эр Төштүк»). Андай-мындай дегиче, ачып көздү жумганча.Андай-мындай дегиче. Андай-мындай дегиче, ачып-көздү жумганча мерчемдүү жерге барыптыр, айтылган Жаман-Аскада аркарлар туруп калыптыр (Медетов).
Айтканга, айтып жибергенге мүмкүнчүлүктүн бар экендиги. Кайгыга менин дагы жаным күйгөн, Айталбай туруп калгам жарым сүйлөм (Өмүрканов). -ба мүчөсү менен келсе, анын тескерисинче болот. Сан курдаштын бирине жан сырын төгүп айталбай эки үйдүн ортосунда жүргөн… (Станалиев). Ал ишти ким жасагандыгын айталам.
Ээн жаткан, эл жашабаган жер, аймак, элсиз мейкиндик. Ай талаада айыл жок, Азап тартып жүрбөгүн (Токтогул). Карыган томаяк ооз айыбын тартып, өз жеринен топурак буюрбай, каңгып ай талаада сөөгү сөпөт болсун (Бейшеналиев).
можно сказать, можно признать; "жакшы" деп айтарлык эмес нельзя сказать, чтобы было хорошо; "бали" деп айтарлык иш аткарбады он не выполнил дело так, чтобы можно было сказать "хорошо"; канааттандырарлык деп айтарлык эмес нельзя считать удовлетворительным.
Өтө элпектик менен илгиртпей. Айт дегенде, кыйт деп кайненеңдин кызматын кылып турсаң, күйөө катары сен соопко калбайсыңбы? (Үмөталиев). Айт дегенде, кыйт деп турбаска чарам не? (Үмөталиев).
АЙТИЕВ Гапар (1912, Кара-Суу району, Төлөйкөн айылы — 1984, Фрунзе шаары) — улуттук туңгуч сүрөтчү, кыргыздын профессионалдык сүрөт өнөрүнүн негиздөөчүлөрүнөн, СССР эл сүрөтчүсү (1971), СССР көркөм сүрөт академиясынын корреспондент мүчөсү (1973), Кыргыз ССР Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1967), Соц. Эмг. Баатыры (1980), Кыргыз жергесинин кооз табиятын, кайталангыс көрүнүштөрүн гана мыкты тартпастан, улуттук маданияттын улуу устаттарынын портреттерин да зор чеберчилик менен ачып берүүгө жетишкен. Алардын бири — Саякбай Карала уулунун скульптуралык портрети болуп саналат (1965).
Сүрөтчү бул эмгегинде манасчынын чылк ырдан бүткөн образын, анын инсандык жана чыгармачылык жан дүйнөсүн, көөнөрбөс көркөм талантын чеберчилик менен көрүүчүлөргө жеткире алган. Ушул скульптуралык портретте Саякбай улуу дастанга жан дили менен берилип, андагы окуяларга өзү да аралашып кеткендей таасир калтырат. А. Ленин, Октябрь Революциясы, эки Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдары менен сыйланган.
Э. Калдаров
Бир нерсени унутуп коё жаздап, кайра эстей калганда же айтылып жаткан кепке дагы бирдемени кошумчалоого, кыстара кетүүгө туура келген учурда айтылат. Айткандай, иничек бул агаңдын баягы суроосуна эмне жооп болор экен («Ала-Тоо»).
Өз билгенин бербөө, айтканын айткандай аткаруу, көздөгөнүнөн баш тартпоо. Ал эми манаптар Токтогулдун айтканынан кайтпас көктүгүнө көздөрү жетип чындап өчөгүштү (Бейшеналиев). Айтканынан кайтпаган Акыл жигит жакшы экен (Барпы).
Өз билгенин бербөө, айтканын айткандай аткаруу, көздөгөнүнөн баш тартпоо. Ал эми манаптар Токтогулдун айтканынан кайтпас көктүгүнө көздөрү жетип, чындап өчөгүштү (Бейшеналиев). Айтканынан кайтпаган, Акыл жигит жакшы экен (Барпы). Айтканы айткан, дегени деген, меники гана туура дейт да турат (Айтматов).
Айтканды айткандай аткаруу, эч каршылык көрсөтпөө, ою менен болуу. Айтканыңды эки дебей, эпилдеп турган кичинекей кагелес жигит (Укаев). Аны сестра, санитаркалар сыйлашып, айтканын эки дешпейт (Сыдыгалиев). В.: Айтканын эки кылбоо. Атасынын айтканын эки кылбаган он бирдеги кызы менен тогуздагы уулу (Жигитов). Эл кадырлайт, этегиңди өбөт, «ажы аке» деп айтканыңды эки кылбайт! – деп Карасакал өзү да кубанычын жашыра албай, уурту тартыла жымыйып, эки көзү жайнады (Касымбеков). Өз ишин жакшы билет, айтканын эки кылбайт (Эралиев).
Айтканды айткандай аткаруу, эч каршылык көрсөтпөө, ою менен болуу. Айтканынды эки дебей, эпилдеп турган кичинекей кагелес жигит (Укаев). Аны сестра, санитаркалар сыйлашып, айтканын эки дедирбейт (Сыдыгалиев).
Атасынын айтканын эки кылбаган он бирдеги кызы менен тогуздагы уулу (Жигитов). Эл кадырлайт, этегиңди өбөт, «ажы аке» деп айтканыңды эки кылбайт! - деп Карасакал өзү да кубанычын жашыра албай, уурту тартыла жымыйып, эки көзү жайнады (Касымбеков). Өз ишин жакшы билет, айтканын эки кылбайт (Эралиев).
Бирөөнүн жакшы каалоосуна, тилегине ыраазы болуу маанисинде жооп катары айтылган сөз. Айтканыңар келсин, Кагылайындар! Акыры көрөр күн, ичээр суубуз бар экен (Саатов).
к. СӨЗҮ ЭКИ БОЛБОО
Сыр билги сатуучу жигиттин айтканы эки болгон жок («Чалкан»). -Ата ишен! Энем мени бузган жок. Айтканыныз эки болбойт, бар деген Нурматыңа барайын (Жантөшев).
АЙТМАТОВ Чыңгыз Төрөкул уулу (1928, Кара-Бура району, Шекер айылы)— кыргыз совет жазуучусу, коомдук ишмер. Кыргыз ССР эл жазуучусу (1968), Кыргыз ССР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1979), Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын анык мүчөсү (1974). Соц. Эмг. Баатыры (1978), СССР эл депутаты (1989), Лениндик (1963) жана СССР мамл. сыйлыгынын лауреаты (1968, 1977, 1983), Бвропа Илимдер, искусство жана адабият академиясынын анык мүчөсү (1983), Бүткүл дүйнөлүк Илимдер жана искусство академиясынын академиги (1987), ГДРдин Искусство академиясынын ардактуу корр. мүчөсү (1978), ♦ Ысык-Көл форумунун» президенти (1986), Италиянын «Этрурия» (1979), «Алтын бутак» (1988), Индиянын Ж. Неру атындагы (1985) жана Япониянын Чыгыш философия институтунун (1988), Американын «Ыймандуулукка чакыруу» (1990) эл аралык сыйлыктарынын лауреаты, түрк тилдүү элдеринин өркүндөшүнө кошкон зор салымы үчүн Түркиянын жазуучулар кошунунун «Илесам» сыйлыгынын лауреаты (1992). СССР Жазуучулар Союзунун секретары, Кыргызстан жазуучулар Союзунун башкармасынын төрагасы (1986), СССР Президенттик Советтин мүчөсү (1990). 1990-жылдан Люксембург Улуу герцогдугундагы СССРдин атайын жана толук укуктуу элчиси. «Манас» эпосу А-дун чыгармачылыгынын башатына жол ачкан көркөм булактардын бири болуп саналат. Жазуучунун «Жамийла» повестинен «Кыямат» романына чейинки чыгармачылыгында «Манас» эпосунун стихиясы каармандардын мүнөзү, ички дүйнөсүн сүрөттөөдө, гуманисттик, философиялык ой айтууда, адеп-ахлактык проблемаларды козгоодо кызыл сызык сымал чыгармалардын «жүлүнүнөн» өтүп тургандыгы байкалат. А. «Манас» баштаган элдик оозеки чыгармачылыктын алтын казынасына кайрылуунун, аны иштеп чыгуунун үлгүсүн өз чыгармачылык тажрыйбасында бүткүл дүйнө адабиятына көрсөткөн. А-дун эпосту пропагандалоо багыты ар түрдүү. Ал «Манас» эпосу кайталангыс жана катасыз көркөм тажрыйба аркылуу адабияттын бардык проблемаларына, тематикаларына ой жүгүртүп, анын бийик гуманизмин даңазалаган эркиндик, көз каранды эместик идеясын, терең философиясын, имандык сабагын, укмуштуу фантазиясын, оптимисттик трагедиялуулугун, поэтикалык көркөмдүгүн, пафосун, структуралык табиятын, стилдик чен-өлчөмдөрүн, сөздөрдүн тактыгын, образдардын ички дүйнөсүнүн кылдат ачылышын, жаратылыштын ар түрдүү кубулуштарынын сүрөттөлүшүн талдайт: «Маселе бул жерде таамай, так айтылган салыштыруу, эпитетте гана эмес. Кеп, кылымдар бою өз ичине камтыган көп катмарлуу эпостун мазмунга, адам турмушунун ар түрдүү жактарын, социалдык-турмуш, сүйүү-лирикалык, моралдык-этикалык маселелерин, байыркы кыргыздардын географиялык, медициналык, астрономиялык, философиялык түшүнүктөрүн бүтүндөй камтыган эпостук мазмунга, бир учу жомоктон, мифтен, фантастикадан башталып, бир учу реализмге (фольклордук маанидеги) келип жеткен көркөм форманын бипбирдей жанаша өсүп, бир бүтүн гармония түзгөнүндө».
Жазуучу уникалдуу «Манасты» жараткан элдин акылмандыгына, даанышмандыгына, укумдан-тукумга жеткирген Сагымбай Орозбак уулунун, Саякбай Карала уулу сыяктуу «легендарлуу эпик», «азыркынын Гомери», «XX гасырдын рапсоду » деп аталган индивидуалдуу залкар көркөм сүрөткерлердин ролуна чоң баа берет. Сагымбай Орозбак уулу жөнүндө мындай дейт: «Сагымбайдан жазылып калган тексттерди кунт коюп окуп чыккан ар бир адам Сагымбайдын сөз байлыгына, акындык чеберчилигине, сүрөткер кудуретине баш ийбей койбойт. Бул бир ааламда укмуш жаралган уникалдуу талант. «Манас» — «Манас» болгондон берки эпостун тамчыга тамчы кошулуп, сөзгө сөз, ойго ой кыналып, байыркы кыргыз журтунун бүткүл чыгармачылык кубатын Сагымбай бир өзү дилине сыйгызып тургандай сезилет». Сагымбай Орозбаковдун вариантына башкы редакторлук кызмат аткарып, «Байыркы кыргыз рухунун туу чокусу» деген баш сөз жазды. Ал эми Саякбай Карала уулунан «Манасты» угуп, өзү менен кошо жүргөнү баарыга белгилүү. А. «Ал океан сымал «Манастын» миллион сабын жат билген» деген макаласында улуу манасчылардын эң акыркысы Саякбайдын портретин жандуу тартат. Манасчынын фантазиясына, артисттик талантына, ашкан өнөрүнө тен берет: «Каралаев «Манас» айтып жатканда андан көзүңдү тартып ала албай, кирпигинин ирмелишинен тартып колунун жаңсалышына чейинки ар бир кыймылына арбалып, көрөңгөнүн көөр таштай чанда бир кезиге турган шыбаганы даарыган бул адамдын абазына кулак төшөп, муюп олтуруп, анын жасат-жаны эпикалык уюткунун өзүнөн бүткөнбү деп ойлой кетесиң». Саякбай Карала уулунун сөөгүн коюу зыйнатында жазуучунун кабыргасы кайышып, «дүйнө жүзүндө өзүнчө жалгыз гана болгон улуу талант асмандан кулаган жылдыздай жарк этип өчтү» деп улутунуп турбадыбы!
А. «Манасты» оозго алганда казак элинин улуу жазуучусу жана окумуштуусу Мухтар Ауэзовдун ысмын бирге эскерет. 1950-жылдары М. Ауэзов эпостун элдүүлүгүнө шек келтиришкендерге каршы туруп, бул чыгарма кыргыз элинин гана эмес, бүткүл совет элинин сыймыктана турган зор эпопеясы экендигин көрсөтүп, 1952-ж. «Манас» эпосуна байланыштуу бүткүл союздук илимий конференцияда «Манас» эпосунун элдик вариантын түзүү керек» деген темада доклад жасаган. Ошондогу казак жазуучусунун кара жанын карч уруп энциклопедиялык билимге таянып «Манасты» обу жок айыптоолордон коргогонун А. өтө жогору баалайт. «Ауэзовдун атуулдук азаматтыгын, жазуучулук эрдигин биздин эл эч качан унутпайт» — дейт ал. А. менен «Манасты», Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулу менен «Манасты» бөлүп караганга болбогон сыяктуу эле, Ауэзов менен «Манасты». ажырым кароого болбойт. А. чет өлкөлүк окурмандардын «кай жерликсиз» — деген суроосуна «Манас» жаралган жана Ауэзов туулган жерденмин», — деп сыймык менен жооп берет.
А. «Манас» эпосун дүйнө, совет элдердин арасына пропагандалап, эпостун которулушуна дайыма камкордук кылып келет. «Манас» эпосун өзбек тилине белгилүү акын Миртемир которгондо А. да баалуу кеңештерди берген. Котормочуга эл алдында жылуу пикир айткан: «Ал бул чоң жана татаал ишке канчалык жан дили менен берилип мамиле жасагандыгын мен азыр толкундабай эскере албайм. Эпостун өзбекче котормосу «Манастын» өзүнүн гениалдуу оригиналына тете монолиттүү, колориттүү чыкты». Азыр болсо белгилүү орус акыны В. Солоухин «Манастын» орусчасын калың элге жеткирүү үчүн А-дун тапшырмасы менен иштеп жатат. «Өз элинин тарыхына жана чыгармачылыгына сыймыктанбаган жан болбос, ошентсе да «Манас» эпосун ойлой калсам, аны минтип жалпы совет элинин орток маданий байлыгына айланып отурганын эстеп, мартабам артып, байманам ташыгандай өзүмчө эле кудуңдап, териме батпай кетем» — дейт ал. А. Асаяов. Манас жергесинде.
Муну анын эпостун жалпы дүйнөгө тароого жасаган камкордугунун күбөсү катары баалоого болот.
В. Коркиндин «Манас» эпосун укканда ыйлаганыңыз барбы? — деген суроосуна жазуучу ««Манасты» укканда ыйлабаган кыргыз болбойт», — деп жооп бериши эпостун ар бир кыргыз баласы үчүн өтө ыйыктыгын, асылдыгын, улуулугун, касиеттүүлүгүн билдирет. «Манастын» улуттук аң-сезимге сиңиши эне сүтүнө, эне тилине барабар, аны менен бирге чогуу келген табигый көрүнүш. ««Манасты» билбеген адам өз элин, тилин, жерин билбегендик» — деген сөздүн афоризмге айланып кетиши бекеринен эмес. Ошондон улам азыркы учурда дагы бир жаңы учкул сөз жаңырып калат: «Кыргыз адабияты «Манас» эпосунан Чыңгыз Айтматовдун эпосуна чейинки доорду басып өттү». Ооба, кыргыз эли дүйнөгө ушул эки көркөм маданияттын бийик үлгүсү катары, эки эстетикалык дүйнөнүн эриш-аркак далма-дал келиши, тогошуусу менен сыймыктана алат. Дүйнө менен алакада болуп, аралашып, дүйнөнү көрүп туруу үчүн «Манас», А. сыяктуу түбөлүктүү, муундан-муунга аңыз болуп жашай турган улуу бийиктиктер керек. Биздин көркөм дөөлөттөрдүн кыл чокусунда кечээ да, бүгүн да, эртең да туу катары кармаганыбыз да, карманганыбыз да дал ушул — «Манас» менен А. экендигин эч ким тана албайт.
А. Акматалиев
мод. Эмнеси болсо да; кыскасын айтканда; кыязы. Айтор, Чаргын ордунан турду да, башкалардан мурда эшикке чыкты (Сыдыкбеков). Айтор, бир шашылыш иш бар окшойт, жөнө! (Байтемиров).
Айтылып өткөндөрдү кыскача жыйынтыктоо, корутундулоо же анын болжол, ачык эмес экендигин көрсөтүү иретинде колдонулат. Кайда баратканын өзү да билбейт, айтор, улам өйдөлөп, тоо жакка кетип баратат (Байтемиров). Айтор, сенин бермейиңен алмайың көбөйүп кете турган болду го («Чалкан»).
Туптуура, чындык, дал ушундай. Айтса-айтпаса төгүнбү? Алар бөйрөктөн шыйрак чыгарышты (Абдукаимов). – И, ушуну укмаксыңар, айтса-айтпаса төгүнбү, булар келгенде бир койдун мойну үзүлмөйүн болбойт, – деди Сулайман (Абдукаимов). Айтса-айтпаса төгүнбү? Кетип бара жаткандардын баары али быша элек (Абдукаимов). Бул кордуктан өлдүм – деп, Айтса-айтпаса төгүнбү, Ажал айдап келдим – деп («Семетей»).
Туп-туура, чындык, дал ушундай. Айтса-айтпаса төгүнбү? Алар бөйрөктөн шыйрак чыгарышты (Абдукаимов). - И, ушуну укмасыңар, айтса-айтпаса төгүнбү, булар келгенде бир койдун мойну үзүлмөйүн болбойт - деди Сулайман (Абдукаимов). Айтса-айтпаса төгүнбү? Кетип бара жаткандардын баары али быша элек (Абдукаимов).
этиш. Айт күнүн майрамдоо, айт күнү үй кыдырып, айтын куттуктап, тамак-аш ооз тийүү. Айт күнү [Күлүсүн] кыздар менен айттап жүрсө, он чакты киши кезигип калды (Калык).
айтта- I айт-айтта- см.айт I. айтта- II этн. (ср. майрамда-) праздновать, ходить, поздравляя с праздником и угощаясь; делать праздничный визит (в мусульманский праздник).
понуд. отайт- III; бир тыйын берип айттыра албайт, миң тыйын берип койдура албайт погов. за копейку заговорить не заставить, а (уж если заговорит) за тысячу копеек не остановить; айттырам кабар мен сага, жаш Табылды иниңден, жалпы кыргыз элиңден фольк. передаю я тебе (через другого) весть от Табылды, младшего брата твоего, от всего киргизского народа; салам айттырып да койгон эмес он даже и привет не просил передать; кеп айттырбай не давая слова сказать; сөзүңдү айттырбайт он не даёт тебе слова сказать; он не позволит говорить; айттырып ал- выпытать; довести до того, чтобы высказал; сөздү эки айттырып көрбөгөн Бермет ошол замат үйдөн чыкты Бермет, которая не привыкла, чтобы ей повторяли дважды, вышла из дому; акылы артык Зулайка, айттырбастан, баланы түрүнөн таанып калды дейт фольк. умная Зулайка узнала паренька по виду, не дожидаясь, когда он сам (о себе) скажет (т.е. назовёт себя); айттырбай иштебейт он по своему почину (без понуканья) не работает; ууру менен конок айттырып келбейт погов. вор да гость приглашения не ждут; кыз айттыр- или кызга сөз айттыр- или сөз айттыр- сватать невесту, делать предложение; кызга сөз айттырып жүргөн жигит парень, ищущий невесту, сватающий себе невесту; ал көрүнгөн кызга сөз айттыра бербейт он к первой встречной девушке свататься не станет; Саадат ага сөз айттырды. Айна көп ойлонгон жок, маакулдугун билгизди Саадат ей сделал предложение. Айна долго не раздумывала, дала своё согласие.
Көзөмөлдөп, зарылдыгына жараша айтылып турчу акыл кеп, кеңеш. Ата-эненин айт-уйту ар качан керек тура, жашыңда акылыңа акыл кошсо, улгайганда кадыресе демөөр экен. («Кыргызстан маданияты»).
АЙ ТУТУЛУУ — Ай толук бойдон же жарым-жартылай жердин көлөкөсүнө кирип калган кездеги көрүнүш. Айдын тутулушу элдик ишеним боюнча жамандыктын белгиси. Бул «Манас» эпосунда да чагылдырылган. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Манас дүйнөдөн кайтканда «калайык ыйлап, кан ыйлап, калың журттун баары ыйлап» аза күтөт. Ал гана эмес «кайың ыйлап, тал ыйлап, таш да ыйлайт». Манаска таандык жаныбарлар (Тайбуурул, Акшумкар, Желмаян, Кумайык) кайып болушат. Жаратылыш кубулуштарына бүлүк түшүп жер титирейт, Ай тутулат. Ал көрүнүш эпосто «Алты күнү ай чыкпай, Ой тобо-ой, ай караңгы түн болду» (Саякбай Каралаев, 2. 249),— деп сүрөттөлөт. Күн менен айдын тутулганын байыркы элдер падышалардын, кандардын өлө тургандыгы, согуш, ачарчылык, кургакчылык, жут болорун алдын-ала билдирген кереметтүү белги катары карашкан. А. т. чындыгында ай, күндүн тутулушу менен стихиялык ар кандай кырсыктын, трагедиянын ортосунда эч кандай деле байланыш жок. Ал эми Манастын «Кичи казатта» жарадар болуп келип өлүп, эл өзүнүн башкы идеал баатырынан, сырткы баскынчы душмандан коргоочусунан айрылган учурда айдын тутулгандыгы элдин трагедиясынын оордугун эң жогорку көркөмдүктө чагылдыруу болуп саналат М. Мукасов
и. д. отайт- III 1. сказывание, рассказывание; айтууна караганда или айтуу боюнча судя по его словам; сизге бир ооз сөз айтууга болор бекен? можно вам сказать несколько слов? 2. произношение.
АЙ ТУЯК — курмандыкка чалынуучу жылкы. Эпосто мындай жөрөлгө элдик баатырлар жеңишке ээ болгондо, кереметтүү түш жакшылыкка жорулганда, арбакка сыйынганда, куда-сөөк келгенде, аш-той жана башкалар каада-салттарга байланыштуу өткөрүлгөн. АЙТЫКЕ (чын аты Айты, 1816—87, Жумгал өрөөнү) — манасчы, акын. Эл арасында таланты менен кадыр-барктуу болгондуктан Айтыке аталган. Өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу маалыматтар жокко эсе. Анын айтылуу манасчы Балык менен айтышы, Калыгул менен үзөңгүлөш теңтуш болгондугу жөнүндө азыноолак маалыматтар бар. Таластан чыккан Чоңду ырчыны өз баласындай туткан. Чоңдунун айтымына караганда А. «Манас», «Семетей», «Сейтекти» бүтүндөй айткан. Зор масштабдуулук, эпиктик сапат, касиетке ээ. А-нин турмуштагы негизги кесиби — манасчылык өнөр болгонун Тоголок Молдо:
Балыкты жыккан Айтыке —
Жумгалдагы Саяктан.
Үйрөнгөнүн билбеймин
Айтыке ырчы каяктан.
Манасты бу да салдырган,
Дүйнөнү бүтүн алдырган.
Аңгемеси бир далай,
Артына нуска калтырган (ТМВ, 2. 135),
— деп мүнөздөйт. Өткөн кылымда жашап, ысымдары эл эсинде тагыраак сакталган, бирок варианттары кагазга түшүрүлбөгөн манасчылар сыяктуу эле А-нин айтуусундагы «Манастын» тексттери да жазылбай калган.
Ы. Кадыров
1. Жылкы. Ай туякка бээ чалды, Ай мүйүзгө уй чалды («Манас»). 2. Курмандыкка чалынуучу жылкы. Ак сарбашыл алыңар, Ай туякка чалыңар («Эр Табылды»), Кош башына бир бээден, Ай туяк деп чалышты (Тоголок Молдо). Бай Жакып менен Каракан Ай туякка бээ союп, Ак сары башыл кой союп («Манас»).
айт II этишинин туюк мамилеси. Жүрөктөн чыккан ырларым Силерге, элим, айтылды (Осмонкул). Баятан бери айтылгандар менен Адам бийиктиги көрсөтүлүп, ченелип бүттүбү же дагы калдыбы? (Даутов).
айтылуу I и. д. отайтыл-. айтылуу II сказанное; сказанный; айтылуу мыш-мыш чын болсо... фольк. если все разговоры-пересуды - правда, то... айтылуу III 1. славный, прославленный; известный, знатный; айтылуу Бакай келиптир прибыл славный Бакай; биз өзүбүз бечара адамбыз..., а сиз айтылуу Жээренче чечен мы сами - бедные люди..., а вы - прославленный Джеренче-мудрец; 2. неоригинальный, избитый; айтылуу кеп не новое слово, избитые разговоры.
сын. Даңктуу, атактуу, ардактуу; белгилүү, көпкө маалым. Берекеси төгүлгөн айтылуу кыргыздын коңур күзү (Сыдыкбеков). Айтылуу Током келди деп Аял, эркек тыңдасын (Токтогул).
Көпчүлүк айтып, даңктап жүргөн, элге маалим болгон. Айтылуу курорт Арашан, Атыңды уккан кызыгат (Осмонкул). Айтылуу Током келди деп, Аял, эркек тыңдасын (Токтогул).
и. д. отайтыл- то, что сказано; сказанное; айтылышы чын болсо... если сказанное правда... айтым то, что сказано; сказанное; разговоры; айтымына көнөмбү? фольк. разве я соглашусь с тем, что он сказал? авалы кыздан сыр сура - айтымыңа көнөбү? фольк. ты сначала спроси секрет девицы - согласится ли она на то, что ты скажешь? айтымынча бар экен: кызың жаштын күлгүнү фольк. она стоит того, чтобы (о ней) говорили: твоя дочь - цвет молодости; элдин айтымына караганда судя по разговорам людей; ары-бери өткөндөрдүн айтымынан улам угушат они часто слышат (это) из разговоров проезжих (или прохожих).
1. Айтылган сөз, бирөөнүн айтканы. Ар кимдин айтымына караганда, аны өлтүргөн кулактар болуу керек (Байтемиров). 2. адаб. Байыркы учурлардан ыр деген сөздүн ордуна айтым деген колдонулган, азыр да кытайдагы кыргыздар көбүнчө ыр дебейт, айтым дейт, эмгек айтымы эм-дом айтымы, дагы башка айтымдар дешет.
data interchange format (noun)
A format consisting of ASCII codes in which database, spreadsheet, and similar documents can be structured to facilitate their use by and transfer to other programs.
Data Grid (proper noun)
An instance of Excel that has minimal UI and that enables a user to insert or edit chart data within the context of a non-Excel Office document.
благозвучный, приятный; айтымдуу сөзгө канасың, алыстан келген баласың фольк. ты приятным словом насладишься, издалека прибывший паренёк; жүрөгүндө оту бар айтымдуу киши жаталбайт фольк. хороший человек, у которого есть в груди огонь, не может оставаться безучастным.
Өтө укмуш, көп, айта берсе түгөнгүс, сөз менен айтып жеткире алгыс. Өнөрү бар айтып болгус. В.: Айтып түгөткүс. Айтып түгөткүс жоругу бар («Ленинчил жаш»).
айтыш I и. д. отайт- III 1. сказывание; газетанын айтышына караганда по сообщениям газеты; айтышыңарга түшүнө албайм я не могу понять, что вы говорите; 2. пререкания, препирательства; кээде тамаша какшык-кекээрге айланып, айтыш-тартыш башталат иногда шутки переходят в издёвку и попрёки, и начинается ссора; 3. поэтическое состязание акынов в импровизации или народных мудрецов (см.чечен I) в словопрении; айтыштан чыккан чечен көп, адырынан тегиз көп фольк. (там) много мудрецов, победивших в словопрениях, (там) равнин больше, чем холмов. айтыш- II взаимн. отайт- III 1. совместно, вместе говорить; ал катта эне-ата элдеги кыштактардын өзгөргөнүн айтышыптыр в том письме родители рассказывали об изменении кишлаков; 2. препираться, пререкаться; ссориться, спорить; 3. состязаться в импровизации (об акынах), вступать в словопрения (о народных мудрецах; см.абтыш I 3).
Iзат.1. Пикир талашып белгилүү бир теманын айланасында болуучу, сөз жүзүндөгү талаш-тартыш; диспут; дискуссия.
2. Ырчылардын бири-бири менен ырдашып сөз жарыштырышы, көпчүлүк алдында алым сабак айтып, бирин-бири сынап ырдашкан ыры; сөз жарышы. Айтыш жарты сааттай созулду (Элебаев).
АЙТЫШIIэтиш.1. Бири-бирине ой-пикирин билдирүү; өз ара бири-бирине сүйлөп берүү. Айтышып өткөн-кеткен иштин жайын (Токобаев).
2. Сөз кайтарышуу, каяша сөз айтуу, биринин пикирине толук макул болбогон сыяктуу өз пикирин, өз жообун айтуу; кер-мур сүйлөшүп калуу. Анчалык сөздү узартпай, Айтышпай, Бермет, кел мында! («Саринжи — Бөкөй»). Жигит да кабагын түйүп, албууттанып айтыша кетти (Сасыкбаев). Айтышып калган жериңден, Акылың болсо качпагын (Токтогул).
3. Ырчылар бири-бири менен алым сабак иретинде ырдашуу, сөз жарыштыруу. Жыйырма беш жылдык чоң тойдо Айтыштык эле акындар (Осмонкул).
1. aytış, tartış, münakaşa et; 2. birbirine fikrini bildir; 3. ozanların kopuzla ya da sadece sözle birbirlerine karşı gelebilmek için sözler söylemeleri.
АЙТЫШ — кыргыз элдик оозеки чыгармачылыктагы жанр. А. ырчылар, чечендер, айтуучулар (манасчылар, семетейчилер) арасында чыгармачылык кудуретин, чеберчилигин сыноо үчүн жүргүзүлгөн. Манасчылардын А-ы чоң төкмөлүк өнөрдү талап кылат жана өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ. Мелдештин шарты боюнча «Манас» айтууну бирөө баштап, ал токтогон жерден экинчиси, үчүнчүсү улап кеткен. Кээде белгилүү бир окуяны же үзүндүнү кимиси ары кызык, ары узак жана көркөм аткарганына карап баалашкан. Сөз кудуретин жогору баалаган угуучулардын сынынан айтуучунун аткаруучулук манерасы да куру калбаган. Изилдөөчүлөр А. боюнча элге атагы кеңири тараган манасчылар катары Балык, Найманбай, Назардын ысымдарын аташат. 1917-ж. кыш маалында Какшаалда (азыр КЭРде) жүргөн Сагымбай менен какшаалдык манасчы Жусубакунду «Манас» айттырышат. Сагымбай жети кан колу менен келип, Манастын колу Бээжинге аттангандагы эпизоддон баштап, күнү-түнү тынбай айтат. Анан Сагымбайды токтотуп, Жусубакунга ошол жерден ары айттырышат. Ал да күнү-түнү тынбай улантат. Андан кийин экөөнү айткандарын алмаштырып, кайрадан айттырышып сындашат. Эки манасчыга төрт күнү-түнү «Манас» айттырышып, экөөнө тең жакшы баа беришип, ат тартып, тон кийгизишет (Макелек Өмүрбай, «Жусуп Мамай». «“Кыргызстан Маданияты”», 1988, № 41). Кезегинде Назар манасчы менен А-ынан кийин Тыныбектин даңкы чыга баштаган. С. Төлөгөнова
1. Белгилүү бир маселе боюнча түрдүүчө ойлорун ортого салып, бири-бирине карата айтылган талаш-тартыш; диспут; дискуссия. Бул маселе боюнча далай айтыш-тартыштар болгон. 2. Төкмө ырчылардын бири-бири менен алым сабак айтып, көпчүлүк алдында сынашып ырдагандары; сөз жарышы. Айтыш жарты сааттай созулду (Элебаев). Барпы айтышка түшө баштаган маалда бул өнөрдүн классикалык улуу доору өкүм сүрүп турганы баарыга маалым (Даутов). 3. Сөз кайтарып кагыша түшүү; каяша кылып, өйдө-төмөн дешүү, урушуп калуу. Жигит да кабагын түйүп, албууттанып айтыша кетти (Сасыкбаев). Савельев курбусу менен абдан айтышып, сөз талашып калган (Сасыкбаев). Калбүбү бригадир менен айтыша кетти («Чалкан»).
понуд. отайтыш- II 1. натравливать друг на друга, вызывать ссору, сеять вражду; экөөн айтыштырып койдуң ты их двоих стравил, посеял между ними вражду; 2. заставить состязаться в пении; ырчы айтыштыр- заставить певцов состязаться в пении.
и. д. отайтыш- II 1. рассказывание друг другу или состязание в рассказывании; жомок айтышууга киришишти они принялись (то один, то другой) рассказывать сказки; 2. препирательство, ссора; катуу айтышуу крупный разговор; 3. состязание акынов в импровизации (см.айтыш I 3); кайым айтышуу см.кайым III.
~: айча бел тонкий стан, тонкая талия; кырмызы көйнөк, айча бел, кылтылдаган кыз ыйлап фольк. плакали и трепетные с тонким станом девушки в красных платьях.
АЙЧАК ДӨӨ — эпизоддук кейипкер. А. д-нүн баласы Манас менен беттешип жеңе турган болгондо Чубак жардамга келгени эпосто эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 4. 193).
АЙЧАҢ — эпизоддук кейипкер, Кеселиктин атасы. Араниктеги согушта Манас менен чабышкан калмак баатыры катары аты гана аталат (Курама варианты, 1. 115).
«АЙ-ЧУРЕК» («Лунная красавица»)—«Айчүрөк» операсынын либреттосунун өзүнчө китеп болуп чыккан орусча-кыргызча тексти. (М„ 1958). Көлөмү 264 бет, нускасы 700. Либретто фортепьяного ылайыкталып нотасы менен кошо басылган. Орусча тексти А. Винниковдуку.
Күчү ташып, болуп-толуп туруу. Ай чапчып суудай толкунган Артымда калкым турганда (Бөкөнбаев). Азыр Кудайменде болуштун көккө сермеген укуругу ай чапчып турган кези (Укаев).
Күчү ташып, болуп-толуп туруу, чакчырылуу. Ай чапчып суудай толкунам Артымда калкым турганда (Бөкөнбаев). Азыр Кудайменде болуштун көккө сермеген укуругу ай чапчып турган кези (Укаев).
«АЙЧУРЕК» — Волгоград шаарындагы аялдар дүкөнү. Ленин проспектисинде, Волга дарыясынын жээгинде. Дүкөн жеңиштин 40 жылдыгына карата ачылып (1985), «Семетей» эпосунун каарманы Айчүрөктүн ысымын алган. Кыргыз ССРинин көркөм фондусу сатуучулары үчүн улуттук стилдеги костюмдар даярдап берип, дүкөндүн сырткы көрүнүшү улуттук колоритте асемделген. Товарларды Кыргызстандагы «1-Май», «Октябрдын 40 жылдыгы», «ВЛКСМ» жана башкалар фабрикалардан, ошондой эле «Кыял» жана Бишкектеги бут кийим өндүрүштүк бирикмесинен алат.
АЙЧҮРӨК — үчилтиктин «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрүнүн негизги каармандарынын бири. Манасчылар Айчүрөктүн түпкү тегин периге же кайыпка байланыштырат. Саякбай Каралаевдин вариантында оогандын каны Акун перинин жаңы төрөлгөн кызын талаадан таап алып тарбиялагандыгы айтылат.
Айчүрөк катышкан окуянын чордону «Семетей», «Сейтекке» тиешелүү болсо да Акун менен Манас бел куда болушканы эпостун «Манас» бөлүмүндө эле айтылат. Эпостун кийинки бөлүмдөрүндө А. Семетей баатырдын ысыгына күйүп, суугуна тоңгон акылдаш, сүйгөн өмүрлүк жарына жана баласы Сейтекти калкалап өстүрүп, калкына кошкон камкор энеге айланат. Айчүрөк менен Семетей буйруктуу, акыры кошула турган жубайлар экенине карабастан бири-бирин азап чегип издеп, ар кандай тоскоолдуктарды басып өтүшөт. Айчүрөк ак куу кейпинде кубулуп учуп Семетейди тапса, Акшумкарды издеген Семетей акыры Айчүрөккө кабылат. Муну менен эпоско таандык салттуу баатырдык үйлөнүү сюжетиндеги буйруктуу колуктуларды кайдан да, кандай да болбосун издеп таап алуунун көөнө ыкмасы сакталган. А-түн түрдүү нерсеге (ак кууга, ак булага, ак балыкка, торгойго) кубулуу жөндөмдүүлүгү анын байыркы мезгилдердин мифтик-жомоктук катмары басымдуу сакталган көрүнүктүү каарман экенин көрсөтөт. Анын сыйкырчылык касиеттери «Семетейде» ачык-айкын көрүнөт. Окуянын реалдуу жүрүшүнө байланыштуу А. жөнөкөй эле пенде катары аракеттенип, зарыл учурларда сыйкырчылыгы көмөктөшөт. Айчүрөк кубулганда кадимки Ак куу:
Кукулуктап жорголойт,
Куудан бөлөк үнү бар.
Куйругу менен кум сабайт,
Канаты менен жер сабайт,
Толкуп жүнү бөлүнөт,
Кукулуктап унчукса
Жез комуз үнү көрүнөт (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 552-инв., 144-б.).
Айчүрөктүн образындагы мифтик айрым мотивдер элдик оозеки чыгармачылыктын эволюциялык өнүгүшүнүн узак жолунда алгачкы булактарынан кескин айырмачылыкка ээ болуп, мифтик башатынан алыстап фольклордук каарманга айланган. Анын образы түз сызыктуу эволюциялык өнүгүүгө ээ болбостон, өз жолунда башка элдердин мифологиялык-жомоктук түшүнүктөрүндө жаралган, өзүнө жакындыгы бар типтеш образдар менен да контаминациялана баштаганы байкалат. А-түн образындагы өзгөчөлүк кадимки турмуштук шарттар менен кошо кыялдан бүткөн сапаттардын адам ишенээрлик деңгээлде жуурулуша келишинде. Манастын өмүрүндө Каныкей кандай мааниге ээ болсо, Семетейдин турмушунда А. да ошондой. Каныкейге баатырдык, уздук, сарамжалдуулук мүнөздүү болсо, А-тө ашкан сулуулук, сыйкырчылык, аялдык назиктик жана кирсиз таза сүйүүнү жогору баалоочулук басымдуулук кылат. Анын жеке керт башына таандык жандан башкача сырдуулук, сыйкырдуулук керемети кадимки эле жакшы аялга мүнөздүү акылмандык, кыраакылык, уздук, сарамжалдуулук сыяктуу мыкты сапаттар менен толукталган. А. өзүнүн сулуулугу, кирсиз таза аруулугу менен гана Семетейге жуп келбестен, айрым учурда анын ажалына аралжы болуп, керек учурда ордун басып ишин уланткандыгы менен «Сейтек» эпосунда да өз аброю менен болот. А-түн Семетей өлгөндөн кийин Кыяска баш кошууга моюн сунуп көнүшү, баатырдан калган туякты жетилтип өз элине кошушу өңдүү мотив менен байланышкан. А. «Сейтекте» болочок баатырдын өмүрү үчүн кам көргөн мээрман эненин гана милдетин аткарбастан, кордукта калган элинин тагдырына кабыргасы кайышкан патриот да. Жоо бетинде дайынсыз жоголгон Семетейди издеп табууга зор күч жумшаган туруктуу жар да. Сейтекти чоңойтуп, кыргыз жерине алып кетүүдөн мурун Күлчорону дарылоодо, Кыястан өч алууда, Желмогуз уулу Сарыбайдын баскынчылыгынан кутулуш үчүн жардамга Куялы аттуу балбан кызды таап, чакырып келүүдө да А-түн кызматы зор.
Айчүрөк — каргышы ката кетпеген «тилинде мөөрү, тишинде сөөлү бар» магиялык күчкө ээ каарман. Ал «Семетейде» кара ташты дубалап, аба ырайын өзгөртүп табиятты башкарса, «Сейтекте» кыргыз баатырларынын жеңиши үчүн Кыястын Тооторусунун тилин байлап, уйга жеткис чобурга айлантат. А-түн учушун, ок түшүргүч касиетин, аярлыгын элдин кыялында жашаган дарыгерликтен, жаратылышты башкарууга болгон далалатынан ажыратып кароого мүмкүн эмес. Ушулардын бардыгы мифти жараткан байыркы коомдун алга умтулуусу, тилеги. Бирок ал мифтик образ эмес. Каныкей сыяктуу эле көп түйшүккө ылайыктала жаратылып, өзүнүн аруулугу, нукура жомоктук касиеттери менен «Семетей», «Сейтек» эпосторунун көркөмдүгүн, кызыктуулугун арттырып турган толук кандуу эпикалык көркөм образ.
«АЙЧҮРӨК» — Айчүрөктүн ысмынан аталган Бишкек шаарындагы борб. дүр-дүйнө дүкөн (Чүй проспекти, 155). Кыргыз ССРинин 50 жылдык мааракесине карата курулуп, 1974-ж. ачылган.
АЙЧҮРӨК-БУЛАК — Талас дарыясынын оң алабында, Кеңкол өрөөнүнүн ылдый" жагындагы булак. Бүгүнкү күндө ал аймакка айыл түшүп, булак Таш-Арык айлынын ичинде, «Долоно» орто мектебинин жанында.
Эл оозунда «Айчүрөк Семетейди издеп ак куу болуп учуп келип ушул булактын башына конуп, Чачыкейге ушул жерден жолуккандыгы, кайгы-кубаныч аралаш көз жаштан пайда болгон», — деп Айчүрөктүн өзү менен байланыштырат.
«АЙЧҮРӨК» — кыргыздын туңгуч улуттук операсы. Төрт бөлүмдөн, алты сүрөттөн турган баатырдык-патриоттук, эпикалык-лирикалык опера. Либреттосун «Манас» үчилтигинин «Семетей» бөлүмүндөгү «Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү» аттуу эпизоддун негизинде Ж. Бөкөнбаев, К. Маликов. Ж. Турусбеков, музыкасын В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере жазган. Алгач опера 1939-ж. 12-апрелде Кыргыз мамлекеттик музыка театрында коюлган (дирижёру В. Целиковский, сүрөтчүсү Я. Штоффер, балетмейстри Н. Холфин, хормейстри П. Меркулов, режиссёру В. Васильев менен Куттубаев). «Айчүрөк» макаласына. Операдан көрүнүштөр 1) Семетей — Ж. Садыков, Айчүрөк— С. Кийизбаева, Калыйман — А. Куттубаева, Күлчоро — М. Баетов (1939); 2) Айчүрөк — К. Сартбаева, Чачыкей —Ч. Иманкулова (1976); 3)Семетей — Э. Касымов
Биринчи коюлушунда ролдорду С. Кийизбаева (Айчүрөк), Ж. Садыков (Семетей), А. Малдыбаев (Күлчоро), М. Сартбаев (Канчоро), М. Махмутова (Чачыкей), А. Куттубаева (Калыйман), X. Темирбеков (Акункан), Н. Кытаев (Бакай), А. Боталиев (Чынкожо), К. Эшимбеков (Толтой) аткарган. Операнын сюжети бири-бирине карама-каршы турган эки күчтүн күрөшүнө негизделген. Бир жагында эл мүдөөсүн көздөгөн Семетей, Айчүрөк, Бакай, Күлчоро, Акункан жана башкалар каармандар, экинчи тарапта Чынкожо, Толтой баштаган ички душмандар, буларга тилектеш Чачыкей, Канчоро, Кыяс турушат. Операнын музыкалык драматургиясын түзүүдө композиторлор кыргыз эпосторун аткаруудагы салттык обондордун, элдик ырлар менен күүлөрдүн жана жалпы эле кыргыз элдик музыкасына таандык өнүгүү ыкмаларынын элементтерин интонациялык, метрдик-ритмикалык өзгөчөлүктөрүн композитордук жогорку чеберчиликте өнүктүрүүгө жетишкен. Каармандардын музыкалык мүнөздөмөлөрүн жаратууда лейтмотивдерди пайдалануу менен аларды музыкалык драматургиянын өнүгүү жагдайларына ылайык ар кыл өзгөрүүлөргө дуушарлантып, татаал формаларга чейин өөрчүткөн. Семетейдин лейтмотивине манасчылардын байыртадан эл арасына кеңири таралган «Семетей күү» деген күүнүн обону пайдаланылып, эркиндикти, теңдикти баяндаган баатырдык планда чечилген. Айчүрөктүн лейтмотивине А. Огомбаевдин «Күйдүм чок» аттуу лирикалык ырынын обону пайдаланылып, татаал турмуш, чиеленишкен адам тагдырын баяндаган лирикалык маанай тартууланган. Чынкожонун темасы кастыкты, көралбастыкты чагылдырып турат. Операда оң каармандардын образдары өөрчүгөн музыкалык формаларда, ал эми терс образдар кыска репликалар жана речитативдер аркылуу чечилген. Айчүрөктүн образы кеңири, терең берилет. Анын ариясынын өзөгүн кошоктун интонациясы түзөт да, улам өнүктүрүлүп, акырындап өөрчүгөн арияга айланат. Биринчи көшөгөдө Айчүрөк кайгылуу ойдун кучагында турса (душмандардын курчоосунда), экинчи көшөгөдө (Чачыкей менен жолугушууда) анын интонациясында кайраттуулук, кыжырдануу сезилет, андан нары анын назик сүйүүсүн баяндаган интонациялар пайда болот. Операда Калыйман менен Күлчоронун образдарына да кеңири орун берилген. Калыймандын жандуу, шайыр образы эки ыр аркылуу сүрөттөлөт. Биринчи ыры эжеси Айчүрөктүн көңүлүн ачууга арналат (биринчи көшөгө); экинчисинде Айчүрөктүн укмуштуу түшүн жоруйт (үчүнчү көшөгө). Бул ырдын негизин «Ой тобо» аттуу элдик ыр түзөт. Күлчоро кеңири, созулуңку мүнөздөгү элдик музыка менен сыпатталган. Оркестрдин маанилүүлүгү увертюрадан, Семетейдин кошунундагы бийлерден (экинчи көшөгө) байкалат. Семетейдин кошуну көрүнүшүндө кириш музыкага Ж. Богачиновдун «Толгонайдын селкинчек», кыз-жигиттердин бийине К. Орозовдун «Жаш кербез», аялдардын бийине «Тилендинин ботою» күүлөрүнүн, жалпы ыр-бийге «Кыздар» аттуу элдик ырдын темалары пайдаланылган. Үчүнчү көшөгөдөгү патриоттукту баяндаган «Аксакал Бакай» деген хордун өзөгүн «Төрөгелдинин какмасы» аттуу элдик күүнүн темасы түзөт. Семетей менен Чынкожонун согушу симфониялык эпизод аркылуу сүрөттөлгөн. «А.» операсы — кыргыз маданиятынын өнүгүш тарыхында зор мааниси бар этаптык чыгарма. Элдик музыкага таянуу менен аларды накта симфониялык өркүндөтүүгө жеткирип, көп үндүү хорлорду түзүү, куплеттик ырларды өөрчүтүлгөн ария жана речитатив жана башкалар опералык формаларга жеткирип, татаал опера жанрын өздөштүрүүдө төл башы чыгарма «А.» операсы жаралды. «А.» операсынын жаралышы Менен улуттук опера өнөрү жаралды. Кыргыз профессионал музыкасынын алтын кенчинен орун алып, кыргыздын улуттук искусствосунун классикасына айланган «А.» операсы жаралган күндөн баштап үзүлбөй коюлуп келе жатат.
«АЙЧҮРӨКТҮН АКШУМКАРДЫ АЛА КАЧКАНЫ» — «Семетейдин» сюжетине байланыштуу чертилген элдик күү. Чыңкожо, Толтой Айчүрөктү алабыз деп, Акункандын шаарын камаганда ак куу кебин кийип, Семетейди издеп учуп чыккан Айчүрөк акыры шумкарынын артынан келет деп Семетейдин Акшумкарын ала качканы сүрөттөлгөн салттык сюжет комуз күүсүнүн жаралышына себеп болгон. Күү Кыргыз үналгысынын музыкалык фондусуна комузчулар Ыбырай Туман уулунан, Асанаалы Кыштообай уулунан жазылып алынган.
1. уменьш. от ай I 1; 2. узор в виде полумесяца; абчыгы алтын туу болуп, айгайлаган чуу болуп фольк. было знамя с золотым полумесяцем, был громкий тревожный крик.
АЙЧЫК, айчыктуу туу — түрдүү түстөгү кездемеге жарым ай түрүндө эмблема түшүрүлгөн туу. «Манаста» ар кандай шартта колдонулган. Көкөтөйдүн ашындагы «Айчыктуу туусу болбосо Ажеп эмес ал ашта Адашып киши жоголсо» (Сагымбай Орозбаков, 3. 223),— деп көп эл чогулган салттык мелдештер өз тууларынын айланасында өткөн, к. Туу. АЙЫМЖАН — эпизоддук кейипкер, Каныкейдин нөкөрү, Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап, жар тандоо салтында аты отуз үчүнчү келген Бозуул тагдырына буюрган А-га үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 419, 426).
1. Айдын кичирейтилип айтылышы, б.а., жаңы туулган ай. 2. Жарым ай түрүндө тууга ж.б. кооздолуп сайылган сайма же тартылган сүрөт. Ал көпчүлүк мусулман өлкөлөрүнүн мамлекеттик эмблемасы. Айчыктуу туулар жаркылдап. («Манас» С. О.). Келериңде, дүнүйө, Айчыгы алтын туудайсың, Кетериңде, дүнүйө, Соолгон кудук суудайсың (Токтогул). Айчыгы алтын көк тууну Алып бергин, эр Кошой («Манас»). 3. диал. Кооздолуп жасалган кийимдин бир түрү. Айчыкыт кийсе буралган, аргымак минсе кубанган.
возвр. отайчыкта- покрываться узорами в виде полумесяца; айгайлаган чуу болуп, айчыктанып туу болуп фольк. был громкий тревожный крик, было знамя с полумесяцем.
сын.1. Жарым ай формасындагы оймо-чийме менен кооздолгон. Асаба желек калкылдап, Айчыктуу туулар жаркылдап («Манас)».
2. Маңдайында жарым ай сыяктуу кашкасы бар (жылкы жөнүндө). Айчыктуу күлүк кызыл ат Айда аркандап минесиң (Үсөнбаев).
месячный срок; айчылык жер расстояние в один месяц пути (в прежнее время - для верхового); көрүктүү күлүк Көктеке, айчылык минсе жоюбас фольк. красив скакун Коктеке, если (на нём) даже месяц (без отдыха) ехать, он не устанет.
АЙЫБЫН (КҮНӨӨСҮН) МОЮНДАП КЕЛҮҮ – кылмыш жасаган кишинин ал тууралуу тергөө, прокуратура органдарына, сотко өзүн сот адилеттигинин колуна тапшыруу ниети менен өз ыктыярдуу келүүсү. КР кылмыш-жаза процесстик мыйзамдарында А. м. к-сү кылмыш-жаза ишин козгоонун бир жүйөсү болуп саналат жана кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуунун атайын түрүн колдонуу үчүн кызмат кылышы мүмкүн. Айыпкер өзүнүн кылмышы ашкереленерин күн мурунтан билип келген учурларда, А. м. к-нү жеңилдетүүчү жагдай катары кароого болбойт.
этиш. Аябай эрегишүү, өчөшүү, өчөгүшүү, кырчылдашуу. Ай-жылдап, айыгышып кармашууга Аябайм, айлым, сенден бардык күчүм (Маликов). Кабыл да кашайып айыгышып алды (Элебаев).
Өчөгүшүү; эрегишип касташуу, өжөрлөнө каршылашуу. Кабыл да кашайып айыгышып алды (Элебаев). Ошондон тарта тигилер айыгышып калышат (Байтемиров). Жатактын сырттанына айыгышпай, Кызыл чок жолу менен кетсе кантет (Турусбеков).
айыгыш этишинин аркылуу мамилеси. Ошентип Орой ага ак көңүлү менен Акбейил жеңени мактап коём деп, Чыргоо жеңени Акбейил жеңеге айыгыштырды да койду (Убукеев).
айык I южн. то же, чтоаюу. айык- II выздоравливать, поправляться; заживать (о ране); айыгып калды он выздоровел, поправился; айыгар оорунун дарысы өзү табылат погов. лекарство от болезни, которая должна пройти, само находится; ооруну сураса - айыкканчалык (или айыкканга тете, или айыкканга эсе) погов. навестить больного - равно (его) выздоровлению (у больного поднимется настроение).
Сакаюу, оорудан сакаюу, оңолуу; илдет кетип, ден соолуктун жакшырган абалы. Ооруну сураса, айыкканга тете (макал). Айыгасың, семиресиң, күч аласың, ал жерде жайдын күнү бир ай жатсаң (Шүкүрбеков). Аз күндө айыгып бул жараат Калыбыма келермин («Эр Табылды»). Эшен, кожо чогулуп Дем салган менен айыкпайт (Барпы). Кабар күтүп, айыгат деп кубанып, Тилек кылып, Кудай-таалам суранып (Акматалиев).
«Оорусунан сакаюу» деген маанидеги сөз ай+ык деген морфемалардан куралган. Анын ай деген уңгусу алгачкы саг «соо, сак» сөзүнүн башкы с тыбышы түшкөн түрү болуп эсептелет. Ошол сөзгө этиш жасоочу -ык мүчөсү жалганып, сагык түрүнөн агык-->айык болуп өзгөрүп, айык сөзү келип чыккан. Ал үчүн г тыбышы й тыбышына өткөн. Айык сөзү башка түрк тилдеринде «ачыл» (күнгө карата), «эсине келүү» деген мааниде да айтылат (Севортян, 113). Кыргыз тилинде андай маанилери өнүккөн эмес, «сакаюу», «жакшы болуу» маанисинде гана колдонулат.
айык этишинин аркылуу мамилеси. Аба жуттум, кымыз ичтим, эс алдым, Айыктырды оң санымдын жарасын (Үмөталиев). Айыктырып аларга Таппады Аккан айланы («Курманбек»). Өңкөй карып сени багып Ушул доктур айыктырган жараңдан (Элебаев).
айыл I 1. аул; айылы или айлы его аул; бир айыл эл население одного аула; 2. ист. группа юрт близких родственников и их припущенников; арпа чыкпайт таш жерге, айыл болбойт башка элге фольк. ячмень не родится на каменистом месте, не станет (пришелец) соаульцем в чужом роду; аталаш тууган болгон соң, айыл конду Манаска фольк. Манасу он единокровный брат, потому и присоединился к его аулу; чоң айыл ист. 1) большой аул (главенствующий над другими аулами); 2) представитель большого аула; кичине айыл или кичи айыл ист. 1) малый аул (находящийся в подчинённом положении у большого аула); 2) представитель малого аула; сен деле кичине айыл эмес белең? а ты же ведь тоже человек малого аула? айыл-апа см.апа I 5; айыл чарбасы см.чарба 1. айыл II кольцо катаура (см.басмайыл, артайыл).
Iзат.1. Чогуу оокат-тиричилик өткөрүп, бирге конуп, бирге көчүп жүргөн, көбүнчө уруусуна, тууган-туушкандыгына карай топтолушкан бир топ үй, бир жерге чогуу үй тигип отурган же орунтук алып жайгашкан анчалык көп эмес эл орношкон пункт. Кызыл-Суунун өйүз-бүйүзү кырка конгон айыл (Жантөшев). 2.сүйл. Кичирээк кыштак, чакан эл орношкон жер. Колхоздун айлы мемиреп, Күн нуру көктөн төгүлгөн (Бөкөнбаев). Мына, өзүбүздүн колхозго да келип калдык, биздин айыл — биздин колхоз (Сыдыкбеков).
♦ Айыл-апа — айыл ичи, айылдаш кишилер, тегерегинде жашагандар. Айыл-апа коңшусун Аппак майга жыргаткан (Тоголок Молдо). Айылчарба —дыйканчылык, мал багуу сыяктуу чарба иштерин өз кучагына алган эл чарбасынын негизги бир тармагы.
АЙЫЛIIзат. диал. Басмайыл.
1. Көчмөн турмуштагы бир нече үй-бүлөнүн бирге конуп, бирге көчүп, бири-бирине жамаатташ жашаган тобу. Андагы заман курусун Айылды айыл чабышкан (Маликов). Келип түштү Солтобай Кулжыгачтын айлына («Олжобай менен Кишимжан»). 2. Калк жашаган жер; кыштак. Кары-жашы калбастан, айылдагылар көчөт отургузууга киришти (Убукеев). Келчи, курбум, келчи биздин айылга (фольк.).
«население аула» (Юдахин 1965:60). Мындагы апа компонентинин төркүнү оба деген байыркы төл сөзүбүзгө барып такалат. Ал 1. племя, род; 2. войлочная юрта кочующих племен; 3. семья кочевника; 4. местожительство племени деген сыяктуу маанилерди билдирген (ЭСТЯ 1974:400).
АЙЫЛБАШЫ – КР мыйзамдары боюнча, тийешелүү аймак жашоочуларынын макулдугу менен айылдык жергиликтүү өзалдынча башкаруунун башчысы болуп дайындалган КР жараны. А. кызмат орду айыл өкмөтүнүн эмгек акысынын чегинде, айыл жана кыштык кеңештеринин чечими боюнча өзалдынча жайгашкан калктуу жайлардын жергиликтүү иштерин ыкчам башкарууну уюштуруу максатында киргизилген. А. калк жашаган жайлардын аймактык өзгөчөлүгү менен карманган каада-салттарын эске алуу менен, айыл өкмөтү тарабынан кабыл алынган чечимдерди аткарат.
этиш. Айылчылоо, мейман болуп келүү, экинчи бир айылга же үйгө мейман болуп баруу. Аралап элден кыз издеп, Келип калдык айылдап («Олжобай менен Кишимжан»).
Айылчылоо; айыл кыдырып, үй-үйлөргө кирип конок болуу. Курма алыскы айылдагы бир тууганынын үйүнө айылдап кеткен (Каимов). Аргымак оозун чойдуруп, Алтын медаль Айшага, Айылдап барар бекенбиз (Осмонов).
айылдык I 1. уст. аульный; 2. сельский; айылдык совет сельский совет. айылдык II отвл. отайыл I; чоң айылдык положение главенствующего аула или представителя такого аула; сенин чоң айылдыгың калган твоя власть кончилась.
сын.1. Айылга, кыштакка таандык. Абдылда менен Ракыя ушул кыштактагы айылдык мектепте бирге окушкан (Байтемиров).
2. Айылда жашаган; бир айылдан. Айылдык жигит. Биздин айылдык киши.
1. Айылга, кыштакка таандык; элеттик. Абдылда менен Ракыя ушул кыштактагы айылдык мектепте бирге окушкан (Байтемиров). Сезгендей элдин тобун келаткандар, Бир даары башка айылдык чоочун балдар (Осмонов). 2. Белгилүү бир айылда жашаган. Айылдыктардын арасынан да мыктылар чыгат экен го («Кутбилим»).
АЙЫЛ ЖЫЙЫНЫ – айылдык админстративдик-аймактык бирдиктин (айылдын, кыштактын, элеттеги калктуу конуштун бир бөлүгүнүн, элеттеги калктуу конуш тобунун) чөлкөмүндө жашаган жарандардын жалпы чогулушу. Жергиликтүү өзалдынча башкаруунун бир таризи.
АЙЫЛЧАРБАГА АРНАЛГАН ЖЕР – айыл чарбасынын керектөөсү же ошол максатка арналган жерлер. А. а. ж-дин катарына айыл чарба айдоо жерлери, ички чарба жолдору, айылчарба иши үчүн зарыл болгон байланыш, көлмө, курулуш, имарат ж. б. чукул жайгашкан жерлер да кирет.
АЙЫЛЧАРБА ЖЕРЛЕРИ – айылчарба азык-түлүктөрүн өндүрүү үчүн арналган, берилген, кодонулган жер участоктору, тактап айтканда: айдоо аянттары, эсалдырылган жер, көп жылдык мөмө бактары отургузулган бакча, чабындылар, жайыттар.
АЙЫЛЧАРБА КООПЕРАТИВИ – жамаат мүчөлөрүнүн экономикалык ж. б. кызыкчылыгын канагаттандыруу максатында, алардын акчалай бааланган мүлктүк үлүштөш салымдарын бириктирүүгө негизделген бирдиктүү өндүрүш же дагы башка чарбачылык иштерин жүргүзүү үчүн айылчарба товарын өндүрүүчүлөрдүн ыктыярдуу бирикмеси.
АЙЫЛ ЧАРБАНЫ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ЭЛАРАЛЫК ФОНДУ (АЧӨЭФ ) – өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн айылдын жакыр калкына багытталган долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу жолу менен кошумча каражаттарды тартуучу БУУнун адистештирилген мекемеси. 1977-жылы уюштурулган.
Индекс цен реализации сельскохозяйственной продукции (Producer Price Index on Agricultural Products) —Показатель исчисляющийся по группам однородной продукции. Индексы цен отражают изменение стоимости реализованной продукции вследствие изменения цен на нее в отчетном периоде по сравнению с базисным и исчисляются исходя из объемов продукции, реализованной в отчетном периоде, и цен реализации отчетного и базисного периодов.
АЙЫЛЧАРБА ТОВАРЫН ӨНДҮРҮҮЧҮ – айылчарба азык-түлүктөрүн чыгаруу менен алектенген жеке же юридикалык жак; өз ишин юридикалык жак түзбөй туруп жүргүзгөн дыйкан чарбалары (фермердик чарбалар) менен юридикалык жактардын өндүргөн товарынын жалпы көлөмү 50 пайыздан ашыгын түзүүгө тийиш болгон жеке же юридикалык жак.
1. любитель ездить по чужим аулам с целью получить угощение; айылчынын аягы ашта-тойдо тыйылат погов. ноги айылчы успокаиваются (только) на поминках и на пиру (там-то он сидит); 2. сплетница (женщина, которая собирает и разносит по аулам всякие сплетни); асыранды баланы айылчы катын чыгарат погов. приёмыша (от которого хотят это скрыть) выдаёт сплетница; 3. перен. лодырь, бездельник.
этиш. Мейман катарында башка айылга, башка үйгө баруу, айыл кыдыруу. Сулай эне мындан үч күн мурун алыс бир колхоздо турган инилериникине айылчылап кеткен (Таштемиров).
Айылга же тааныштардын, жакын адамдардын үйлөрүнө меймандап, айылдап баруу. Жылдызкан үйдө жалгыз. Энеси айылчылап кеткен (Байтемиров). Сулай эне мындан үч күн мурун алыс бир колхоздо турган инилериникине айылчылап кеткен (Таштемиров). Ат болбосо экөөбүз Айылчылар күн кана? (Токтогул). Айрымдары каникул убагында эс алуу үчүн жайлоого тааныштарына айылчылап жөнөшөт (Бейшеналиев).
1. южн. госпожа (ныне гл. обр. саставная часть женских имен: Гүлайым и т.п.); 2. супруга; алып жаткан тогуз айымы, андан айырылды Урумкан фольк. Урумкан лишился своих девяти супруг, с которыми он жил; мырза айым см.мырзайым.
зат.1. Зайып, жар, аял. Баатырыңды кул кылам! Айымыңды тул кылам («Семетей»). Калматай баатыр зайыбы, Мырза Жаңыл айымы (Тоголок Молдо).
2. Аялдарга сылык түрдө кайрылууда айтылат. Кадыры бар калкына, Бул кайсы элдин айымы? (Жантөшев).
Асмандагы ай кыргыз элинин түшүнүгүндө сулуулуктун символу болгон. Сулуулук аялдарга таандык назиктиктин, мээримдүүлүктүн артыкча бир белгиси катары каралган. Ошондуктан аларга айым деген кайрылуу урматтагандыкты да туюнткан. Алгач айым деген сөзгө I жактын таандык мүчөсү жалгангандыктан, сүйлөөчүгө гана таандык болуп айтылган. Кийин таандык мүчө өзүнүн ал касиетин жоготуп, уңгуга биригип кеткен, өзүнөн кийин таандык, мүчөлөрдү жалгай бере турган болуп калган: айымым, айымың, айымы.
1. Зайып, аял, жар (кадырлап, урматтоо иретинде). Баатырыңды кул кылам! Айымыңды тул кылам («Семетей»). Калматай баатыр зайыбы, Мырза Жаңыл айымы (Тоголок Молдо). Кадыры бар калкына Бу кайсы элдин айымы (Жантөшев). 2. Аялдарга карата сылыктык менен, урматтоо менен кайрылуунун формасы. Бул кыргыз сага эл эмес, айым. Бул Талас сага жер эмес, айым («Манас»). Каныша айым, сизге дат бар (Жантөшев). Урматтуу айымдар жана мырзалар! Конференциябыздын эң кызыктуу бөлүгүнө эми келип жеттик болуш керек (Акматов). 4. Сулуу аял, жар, селки, колукту. 5. какшыктуу. Жатып ичээр аял. Анын айымы үйдө созулуп отурат.
АЙЫМЖАН — эпизоддук кейипкер, Каныкейдин нөкөрү, Акылдын кызы. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап, жар тандоо салтында аты отуз тогузунчу келген Калдар тагдырына буюрган А-га үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 419, 427).
АЙЫМ-МҮНСӨК — топоним. Каныкей Көкөтөйдүн ашында Кошой кийип балбанга түшчү кандагай шымды даярдаш үчүн Абыке баштаган 60 мергенди атайы жиберип териси өтө бекем тоо текени аттырып алган жер.
диал. 1. Жаш сулуу. 2. Чучук майга койдун жаш эти, карчыга, бир тилим куйрук боор, сабиз, пияз, сарымсак, калемпир-мурч, зире, помидор кошулуп даярдалган палоо аш.
Себебинен, азабынан. Көр оокаттын айынан Кедейлер жүрчү ал кезде Кенен жатпай тынч алып (Токтогул). Дал ушунун айынан далай түндөр уйкусуз өткөн да (Байтемиров). Жокчулуктун айынан менин башыман далай мүшкүл күндөр өткөн (Бектенов).
Азыркы кыргыз тилинде айьщ сөзү «ушак», «имиш сөз» дегенге жакын мааниде айтылат. Ал ай + ың деген морфемалардан турат. Уңгусу ай байыркы кезде айт деген маани берген, ага этиштен атооч сөз жасоочу -ың мүчөсү жалганып, айың «ушак» маанисиндеги сөз келип чыккан (ДТС, 29).
Ушак сөз, бирөөнү жаман аттуу кылып айтылган ар кандай кеп-келеч. Айыл-ападагы айың кептерди Асанакун баамдабай кое албады (Эсенканов). Чоң жинди экен анык деп, Кара калмак, манжуу журт, Айың кылып жүргөнү («Манас»).
Бирөө жөнүндө ушак-айың кеп айтуу, жамандоо, имиш-имиш сөз чыгаргандык. Желмогуз шум мүнөзүн кыла салып, Арадан ушак айтып айыңдап жүр (Тоголок Молдо).
Божомолду болгон деп, укканын көргөм деп ар нерсени көбүртүп-жабыртып айта бергенге маш адам; ушакчы. Айыңчылардан сестенип, Чагынов эл көзүнө урунуш үчүн, ары райондон келүүчү өкүлдөрдү акмалап, кеңсеге тушташ дарбазасынан чыкты (Турсунов).
ар. 1. вина, провинность; айыбы или айбы его вина, его провинность; айыбы ачылды его виновность обнаружилась; айып эт- обвинять, осуждать; айып кетир- совершить проступок; айып этпе или айып көрбө не обессудь; извини; не вмени в вину; аз айып, көп күнөөбүз болсо, кечир много ли мы виноваты, мало ли- прости; 2. изъян, недостаток; 3. ист. материальное взыскание с виновного в пользу пострадавшего (налагалось по обычному праву; главным видом уплаты штрафа был скот, но платили и ловчими птицами, рабами, рабынями, а иногда отдавали в уплату и своих девушек); айыпты айдаган билер, кунду кууган билер погов. о штрафе (о его тягости) знает тот, кто гонит (скот в уплату); о вире знает тот, кто домогается; ооз айыбы взыскание за оскорбление словом; айыпка жык- или айыпка буюр-наложить взыскание; кун доолагандарды кайта айыпка жыгып үч тогуз, бир кыз тартуу алышкан тех, кто требовал виры, (самих) присудили к уплате и получили (с них) в виде подношения три девятки (см.тогуз 2) и одну девушку; айыпка жыгыл- быть присуждённым к уплате взыскания; ууру күч болсо, ээси айыпка жыгылат погов. если вор силён, хозяин (украденной вещи) в ответе; айып сал- наложить взыскание; айып төлө- платить то, что взыскивают; ат-тон айып см.ат I 1.
зат.1. Күнөө, жазык, кылмыш. Аз айып, көп күнөөм болсо кечир (Жантөшев). Айыбы чыккан жигиттин узун бою пас болот (макал). Кемчиликти бетке айткандын айбы жок (макал).
2. Кемчилик, каталык. Ырдашында айып жок, Калыпка тартып койгондой (Барпы).
3. Жаза иретинде кесилген мал, дүнүйө, доо; күнөөлүү деп таап, берилүүчү жаза. Ал жолу адилетсиз бий «бекке тил тийгизди деп мага тогуз айып ойлоду (Жантөшев).
♦ Айыпэтпеңизжеайыпкөрбөңүз — «кечириңиз», «жаман көрбөңүз» деген мааниде кечирим суроо, сылыктык иретинде колдонулат.
1. Күнөө, жазык. Сыркоолугун туйбай ишке бар десе, Сыр билбеген бригадирдин айыбы («Чалкан»). Бирок кандай арга кылып анын айыбын ачарын билбей жүрөт (Байтемиров). Адашкандын айыбы жок, кайтып үйүрүн тапкан соң (макал). 2. Кемчилик, каталык. Ак кагазды каралап, Кат билбеген айыбым (Токтогул). Жаштык айып таттуу ыр менен жетилет, Андай болсо, көп кечикпей кууп жет (Осмонов). Ырдашында айып жок, Калыпка тартып койгондой (Барпы). 3. Кылмышына, күнөөсүнө карата зордук, күч көрсөтүү аркылуу мал же башка нерселер менен төлөтүлүүчү салык, штраф. Токтогул деп кекетсең, Тогуз айып саларсың (Токтогул). Дыйканбай каарына алган кишилерине айып салган (Бөкөнбаев). Анча-мынча мал тапса, Алдырып коёр айыпка (Тоголок Молдо).
зат. Күнөөкөр, кылмышкер, айыптуу болгон адам. Эң биринчи айыпкерлер ичинен, Каршылашпай чынын айтты Бекберди (Аалы). Айыпкердин көзү алачакмактап, уну буулуга баштады (Бейшеналиев).
Айыптуу, күнөөлүү, кылмыштуу. Эгер бий каарына алып койсо, айыпкер адамдын жеке өз башы эмес, анын бүт уруусу айыпкер (Сыдыкбеков). Аш берген киши айыпкер, балам! Калк жыйган киши күнөөкөр балам! («Манас»).
сын. 1. Күнөөсүз, жазыксыз, кылмышсыз. Айыпсыз кармап сот кылып, Айдаганда кербезим (Токтогул).
2. Кемчиликсиз, кемчилиги жок, кемчилик кетирбеген. Айыпсыз киши болбойт (макал).
1. Айыбы жок, кылмышсыз, күнөөсүз, жазыгы жок. Айыпсыз кармап, сот кылып, Айдаганда кербезим (Токтогул). 2. Кемчилиги жок, бардык жагынан келишкен, ката кетирбеген. Айыпсыз адам болбойт (макал).
АЙЫПСЫЗДЫК ПРЕЗУМПЦИЯСЫ – кылмыш-жаза укугунда айыпталуучу (соттолуучу) анын айыбы мыйзамда белгиленген тартипте далилденмейинче ал айыпсыз деп эсептелген жобо. А. п. – маанилүү демократиялык принциптердин бири; инсандын укугунун корголуусун камсыз кылат, негизсиз айыптоого жана соттоого жол бербейт. А. п. процесстик мыйзамда белгиленген каражаттар аркылуу далилдөө жолу менен жана соттук ишке тийиштиги бар делген жана мыйзам жол берген жетиштүү далилдер болгондо гана четке кагылышы мүмкүн, ошондо да далилдөө түйшүгү (милдети) айыптоо органдарына гана жүктөлөт.
этиш.1. Күнөөлөө, айып коюу. [Каныбек].. өзүн өзү айыптайт (Жантөшев). Карабек акырында аялынын өзүн айыптай баштады(Каимов).
2. Айыпка жыгуу, айып тарттыруу (3-маанисинде). Боромбайдын Сарысын Күндө жейсиң айыптап(Токтогул). Күндө жейсиң айыптап Бутун журттун баарысын (Токтогул).
1. обвинять; 2. ист. налагать материальное взыскание (см.айып 3); күндө жейсиң айыптап, бүтүн журттун баарысын фольк. ты каждый день объедаешь весь народ, налагая взыскания.
Айып коюу (кимдир бирөөгө), айыптуу экенин көрсөтүү, кылмыштуу, күнөөлүү деп эсептөө, айыпка жыгуу. Менин жоктугум үчүн башка бирөөнү айыптабагыла («Ала-Тоо»). Күндө жейсиң айыптап, Бүтүн журттун баарысын (Токтогул).
АЙЫПТАЛУУЧУ (КҮНӨӨЛӨНҮҮЧҮ) – кылмыш-жазык жүрүмүнүн катышуучусу. Белгилүү бир жактын кылмыш жасагандыгын көрсөтүүсү жетиштүү болгондо, тергөөчү ал жакты К. катары жоопко тартуу жөнүндө ынанымдуу токтом чыгарат. Кылмыш-жаза жүрүмүнүн борбордук субъекттеринин бири.
АЙЫПТОО (КҮНӨӨЛӨӨ) КОРУТУНДУСУ – аныкталган кылмыш жагдайы баяндалып, чогултулган далилдер талдануучу жана алардын негизинде айыпталып жаткан жакты сотко өткөрүп берүүгө далилдердин жетиштүүлүгү жөнүндөгү тергөөчүнүн (алгачкы тергөө органы) жыйынтыгы чыгарыла турган алдынала тергөөнүн аягында жүргүзүлүүчү процесстик документ.
АЙЫПТОО (КҮНӨӨЛӨӨ) (укукта) – жасалган кылмыштын мүнөзү менен оордугуна жараша сотто жекече, жекече-жарыя жана жарыя тартибинде жүргүзүлөт. Жабырлануучу өлүп калган учурда же жаш курагына байланыштуу жарамсыз болсо, же денсоолугуна байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө өз эркин билдире албаса, анын эрезеге жеткен жакын туугандарынын биринин КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган тартипте кылмыш-жаза иши боюнча күнөөлөнүүчүнүн артынан түшүүгө, ал эми жекече А. иши боюнча тийешелүү жакка каршы А. талабын сунуштоого жана аны колдоого акысы бар. А. жабырлануучунун даттануусу боюнча гана козголуп, тараптардын өзара элдешүүсүнөн кийин токтотулат. Элдешүү өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин болууга тийиш. Жабырлануучу же анын мураскору сот өндүрүшүнүн кайсы маалында болбосун өз А-сунан баштарта алат. КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган учурларда, жабырлануучунун тутунган көзкарашына карабастан, прокурор жекече-жарыя А. иши боюнча кылмыш-жаза ишин козгой берүүгө акылуу. Прокурордун айыптоодон баштартышы жабырлануучунун колдоо укугунан ажыратпайт.
АЙЫПТОО ӨКҮМҮ – соттолуучу адамдын күнөөсүн аныктай турган өкүм. Соттолуучу адамдын жасаган кылмышы боюнча күнөөлүүлүгү иликтенген далилдердин жыйындысы аркылуу бекемделгенде гана А. ө. кабыл алынат жана ал аргандай жоромолдорго негизделбейт. Сот жазага тартуу жана камактан бошотуу тууралуу А. ө-н кабыл ала турган учурлар: ошол өкүм боюнча соттолгондорду жазадан бошото турган кечирим берүү мунапысы жарыяланса; соттолуучу адамдын алдынала камакта жаткан мезгили сот тарабынан белгиленген жаза мөөнөтүнө кошулганда. Сот төмөндөгүдөй учурларда жаза чарасы көрүлбөй турган А. ө-н кабыл алат: адам коомчулукка коркунуч туудурбай калганда; камакта жаза мөөнөтүн өтөөгө мүмкүндүк бербей турган оор дартка чалдыкканда; адамды бул кылмыш боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү эскиргенде.
1. Бирөөнү күнөөлөп, айыпка жыгуучу; айыптай турган киши. 2. Соттолуп жаткан кишини сот органдарынын алдында күнөөлөп, айып коюу милдетин аткарган адам. Мамлекеттик айыптоочу. Коомдук айыптоочу.
1. Айыбы бар, айыпкер, айыпка тартылган, кылмышкер, Жаш прокурор жай козголуп турду да, мегежиндей айыптууга карады (Токомбаев). 2. Кемчилик кетирип, каталык жиберген, кандайдыр бир ишке жооптуулугу бар. Бул үчүн баарыбыз айыптуубуз (Сыдыкбеков). Иштин токтолуп калышына көбүнчө жумушчулар өзүбүз айыптуубуз (Сасыкбаев).
Штрафные санкции (Penal sanctions) —Предусмотренные договором, документально зафиксированные вид и уровень штрафа, взимаемого с лиц, нарушивших принятые ими условия, обязательства по законодательству. Чаще всего штрафные санкции предусматриваются за несвоевременное выполнение или полное невыполнение заказа, несоблюдение графика работ, низкое качество продукции, товаров, услуг, за нанесение других видов ущерба, убытков.
Сылыктык, кичи пейилдик иретинде бирөөдон кечирим суроо, өтүнүү маанисинде колдонулат. Айып этпеңиз, Омор аке, азыр сабак учуру (Сыдыкбеков). В.: Айып көрбөңүз. Ак сакал ырдап жатат деп, Айып көрбө келиндер (Токтогул).
этиш.1. Бир бүтүндөн бөлүп жыртып алуу, тытуу. Айрып, жыртып бир канча Дептерди да бүтүрдү (Тоголок Молдо).
2. Бирге койбой бөлүү, ажыратуу. Өксүтүп мени боздоткон, Өз теңимден айырган (Үсөнбаев).
3. Куткарып калуу.Аман айрып Айдарды Ажалдан сактап калганы(«Манас»).
4. Жаруу (мис., катуу нерсеге уруп алып). Башын айрып алды. ♦ Көзайырбоо — көзүн албай тиктөө, тигиле кароо, көпкө чейин кароо.
айыр-, айры- 1. раздваивать; разрывать; разлучать; кагаз айрып, тамеки орой баштады оторвав бумаги, начал закручивать цигарку; 2. различать; айра тааны- или айра бил- точно узнать, точно установить; ошого дүрбү сал деди, айра таанып ал деди фольк. направь на него подзорную трубу и точно узнай (его) - сказал; 3. отбивать, отнимать; жылкыны айырып калды он отбил лошадей; 4. разбивать; башын айырып алды он разбил себе голову; бетин айра чапты он так хлестнул, что разбил ему лицо; көзүн айырбан не отрывая глаз, не сводя глаз.
(айры) 1. Айрык кылып жыртуу, жыртып алуу (мис., кездемени, кагазды ж.б.) Айырып, жыртып бир канча дептерин да бүлдүрдү (Тоголок Молдо). Тамтыгын койбой айырган, Дамбалы менен чалбарын(Токтогул). 2. Денеге айрык түшүрүү, жаралатуу. Башын айрып, көзүн чыгара чапкысы келген экен да! («Ала-Тоо»). 3. Бирге болтурбай бөлүп салуу, ажыратуу же тытып жок кылуу. Өксүтүп мени боздотуп Өз теңимен айырган (Үсөнбаев). Атадан жалгыз Кайырды Алда ким бизден айырды (Токомбаев). 4. Колдо болгонунан, мал-мүлкүнөн ж.б. ажыратып салуу; мал-мүлк, дүнүйөсүн алып коюу. Жокчулуктун дарты өттү, Жалгыз уйдан айырып Жалдыратып жөнөттү (Калык). Туяктан мени айырып, Көрчү кандай кылышын (Токтогул). 5. Куткаруу, ажыратып аман калтыруу. Аман айырып Айдарды Ажалдан сактап калганы («Манас»). Карган чалдан айырып, Кала көр кыздын сообуна (Осмонкул). 6. Бир нерсенин жөнүн, айырмасын ажырата таануу, айырмалай билүү. Жакшы менен жамандын жөнүн айырып, алды-артына карап жүрүүгө үйрөнүп калган жигит экенсиң («Ала-Тоо»). Ким душман, ким дос – айыра таанып жүр (Сыдыкбеков).
этиш. Бир нерсени экинчи нерсеге алмаштыруу. Кийим-кечелерди этке айырбаштап ала берчү («Советтик Кыргызстан»). Алар[капиталисттер]адамгерчилик ынсаптарын алтынга, долларга айырбаштап жиберишкен (Сыдыкбеков).
Бир нерсени экинчи нерсeгe алмаштыруу, башма-баш алмаштыруу, айырбаш кылуу. Эзелден соода-сатык менен иши жок көчмөн журт керек болсо атын, бээсин башма-баш айырбаштап жүрө беришкен (Сыдыкбеков).
АЙЫРБАШТОО КЕЛИШИМИ – арбир тарап бир товарга башка бир товарды айырбаштоо менен, экинчи тараптын менчигине өткөрүп берүүгө милдеттенген келишим. Эгер ал А. к. жөнүндөгү мыйзамдык ченемдерге жана айырбаштоонун маңызына карама-каршы келбесе, А. к. тийиштүүлүгүнө жараша КР соода-сатык жөнүндө мыйзамдарындагы эрежелер колдонулат. Мында ар бир тарап товарды өткөрүүгө милдеттенген сатуучу катары жана аны айырбаштоого милдеттенген алуучу катарында да таанылат. Эларалык соодада А. к. адатта бартердик деп аталат.
зат. Бир нерсе менен экинчи нерсенин ортосундагы өзгөчөлүк, айрып, ажыратып кароого мүмкүн болгон белги. Адам менен айбандын Айырмасы сөзүндө (Шүкүрбеков). Жолой үчүн күн менен түндүн айырмасы аз (Жантөшев).
1. Биринен экинчисин ажыратып, айырып кароого мүмкүн болгон өзгөчөлүк, өзгөчөлөй турган сапат же башка белги. Салыштырсаң эки доордун арасын Айырмасы асман, жерден кем эмес (Токомбаев). Ашыр карагер бышты менен шахтадагы аттардын айырмасын көз алдына келтирип ойлонду (Сасыкбаев). Акын менен булбулда айырма жок, Ийилбегин, коноюн, чыксын үнүм (Үмөталиев). Колхоздогу клубдун чоң шаардын театрынан айырмасы жок (Сыдыкбеков). Адам менен айбандын Айырмасы сөзүндө (Шүкүрбеков). 2. Саны, көлөмү ж.б. жагынан алып караганда, бири-бирине барабар келбей тургандыгын көрсөтүүчү белги. Экөөбүздүн жашыбызда айырма жок экен, боюбузда гана айырма бар («Ала-Тоо»). Жолдун кайсынысы жакын, кайсынысы алыс, айырмасын айтыш кыйын («Советтик Кыргызстан»). Бардык короодогу койлордун саны бирдей эле болуш керек, айырмасы жок («Ала-Тоо»). 3. мат. Чоң сандан кичине санды алуудан келип чыккан калдык. Жыйырмадан он экини алсак, айырмасы сегиз болот.
Кандайдыр бир өзгөчөлүгү, белгиси боюнча айырмасы бар экендигин көрсөтүү, айырмасын таап ажыратуу, ажырата таануу. Дос, душмандын айырмасын биле жүр, мал аласы сыртында, киши аласы ичинде эмеспи, аны айырмалай бил («Ала-Тоо»). Жоголгон койлоруңдун өңүн-түсүн айырмалап айтып бере аласыңбы? – деп сурап калышты («Советтик Кыргызстан»).
айырмала өздүк мамилеси. Чоң-кичинелиги, узун-кыскасы жагынан айырмалана турган эчтемеси жок, бардыгы бирдей болгон жыйырмадай таяк бар («Жаш ленинчи»).
Айырмасы бар, башкалардан айырмаланган кандайдыр бир өзгөчөлүккө ээ. Мына ушундай эпкиндүүлүк, ак ниеттүүлүк жагынан биздин бригаданын адамдары башкалардан айырмалуу болуп жатат («Ала-Тоо»).
«Айырмач токуп, малга артып, кайра көчтү эл шашып» (А. Үсөнбаев). Бул — жыгач буюму, ээрдин бир түрү. 1). Кичинекей балдар (4—6 жаштардагы) атка минүүгө өбөк. Аны көчмөңдүү турмушта өзүнчө тайкунанга мингизүүгө көнүктүрүүгө атайын токулган ээр. Айырмачтын кашы менен артын бирдей кылып, бири-бирине кайчылаш аштала жасалат. Ат үстүнөн бала жыгылбашы үчүн мунун капталдарына туурасынан баланын балтырын кыспагыдай жалпак жыгачтар бекитилет. Айырмачтын үстүнө көпчүк салынат. Үзөңгү ордуна тебүү үчүн көбүнчө териден же кийизден кооздоп жасалган темингиси болот. Айырмачтын кайчылашып ашталган бети кол жеткидей кооздолот. Усталар ага жыгачка таандык оюм-чийимди түшүрүшөт. Ал оюм-чийим, адатта, чагаракталып, «кочкоректенип» кетет. Чийимди каалга бетиндей тереңдете баспоо керек. Буга түшкөн жыгач оюму «ит куйруктанып», «бармак боочу» сыяктанып, көпчүк-көрпөчөдөн анын кашы койкоюп көрүнүп турат. Зергерлер бул токулгуга да күлдүрө күмүш чабышкан. Ээрдин алдыңкы жана арткы гана кашы минтип кооздолушу зарыл. 2) Алдыдагы жана арт жагындагы тик жыгачтарын бири-бирине кайчылаштырып жасайт. Бул — унаага кийиз салып токуп жүк артууга ылайыкташкан ээрдин (ыңырчактын) бир түрү. Көчмөңдүү турмушта минтип ээрдин ар кандайына узануу абдан өнүккөнүн тарых музейлериндеги экспонаттар далилдеп турат. Илгери чабылган айырмачка кичине жошо сүртүп коюшчу. Ал ак жыгачтын өңүн өзгөртүп, кир көтөрүмдүү кылган. Атайын сырдап койгондой буюмдун өңүн ачкан. Азыр аны урунгандар өтө азайды. Мал киндиктүү элет жерлеринде эле ташынып-көчүүдө анча-мынчалар токубаса, кийинки муундар муну музейден гана көрүп калышты. Айырмачты эми өнөрканаларда өзүнчө буюм же белек катары чыгаруу зарыл.
Балдар жыгылбасын үчүн баштарын ача кылып жасап, эки капталынан жиптер менен байлап коё турган ээр айырмач аталат. Алгачкы айыр баш//айры баш деген сөздөр бириккенде, сөздүн аягындагы ш тыбышы ч тыбышына өтүп кетип, айырмач менен айры баш дегендердин тыбыштык түзүлүшү окшошпой калган.
Ээрдин айры баш аталганын куш баш ээр же оозеки речте айтыла калчу кучмач ээр деген менен салыштырып билүүгө болот.
1. Алдындагы жана арт жагындагы тик жыгачтарын кайчылаштырып, жүк артууга жана жаш балага ылайыктап жасалган ээрдин түрү. Мындай ээрге көчкөндө балдарды мингизет. Басмайыл, кошмок, айырмач, Баланын башы байкалды. («Эл адабияты»). Айырмач токуп, тай мингизген ата бар (Сыдыкбеков). Айырмач токуп малга артып, Кайра көчтү эл шашып (Үсөнбаев). 2. Бакандын эт ж.б. илине турган илгич ачалары. 3. Тамдын, сарайдын чатырынын кайчылаштырып орнотулган, үстүнө рейкаларды кагып, шифер же башка материалдарды калкалап жаба турган жыгачтары.
Айырмасы бар экендик; бирдей, окшош болбогондук; башкалардан айырмаланып, өзгөчөлөнүп турган көрүнүш, абал. Айрым бир айырмачылыгын эске албаганда, кийинки макалалардан да ушул эле касиеттерди көрөбүз (Борбугулов). Улуттук айырмачылык.