айла I ар 1. хитрость, уловка; эр айласы бир, катын айласы миң погов. у мужчины одна уловка, у женщины - тысяча; адамдан айла качып кутулбайт погов. человек на выдумки хитёр (букв. от человека уловка бегством не спасётся); айла алтоо, акыл жетөө погов. хитрость - шесть, (а) ум - семь (т.е. ум сильнее хитрости); айла-амалдар увёртки, уловки; плутни; бардык айла-амалдарына карабастан несмотря на все его плутни; 2. выход из положения; Алмамбет, Бакай, келчи деп, айланы кандай кылабыз фольк. Алмамбет, Бакай, идите-ка сюда! какой же выход мы найдём (что же мы должны предпринять) ? айласы куруду у него нет никакого выхода; он совершенно растерялся; он совершенно обессилел; эң айла болбогондо в самом крайнем случае, если нет другого выхода; айласын кетир- поставить (его) в безвыходное положение; довести (его) до полной растерянности; тилдеп айласын кетирди он его разругал в пух и в прах (поставил его в безвыходное положение); айла барбы? 1) есть ли выход (из этого положения) ? есть ли возможность? 2) где уж тут!; ничего не поделаешь!; жан айласынан или жан айласы үчүн ради спасения своей жизни; айла канча! что ж поделаешь!; ничего не поделаешь!; айдада жок жаман совершенно никчёмный (человек); сөз айласын билбеген сөздү өзүнө келтирет погов. кто в слове толку не понимает, тот против себя его обращает. айла- II айлап месяцами, в течение месяцев; айлап-жылдап месяцами и годами (напр. ждать).
зат. Амал; арга, ык, мүмкүнчүлүк. Айла менен Алмамбет Тилегине жетти эми («Манас»). Сөз айласын билбеген сөздү өзүнө келтирет (макал). Айла болсо, сенин үстүңө чаң жугузгум келбейт (Байтемиров).
♦ Айладажокжаман — эң жаман, эң начар. Айласытүгөнүү,айласыкуруужеайласыкетүү — аргасы кетүү, эмне кыларын билбей калуу, кыйын абалда калуу, шаштысы кетүү. Эңайлаболбогондо — арга болбой калганда, амал түгөнгөндө; эң эле болбой калганда, башка эч мүмкүнчүлүк болбосо.
Кандайдыр бир максатка жетүүнүн, талабын ордунан чыгаруунун же бир нерсеге себеп, шарт табуунун амалы, аракети. Айла тапкыч акылман берен Бакай карыга айт («Манас»). Карайлап баш көтөрүп, жан талашып, Качууга айла кылды тыбырчылап (Осмонкул). Айла менен Алмамбет Тилегине жетти эми («Манас»). Айла – алтоо, акыл – жетөө (макал).
Арга түгөнүп, такыр амалы кетип калган учурду, бир нерсеге каршы чара көрүүгө мүмкүн болбой калган абалды баяндоо үчүн колдонулат. Айла барбы, башка түшкөнүн көрө жатармын (Абдукаримов). В.: Айла канча. Айла канча, шарттын начардыгына карабастан, фронт үчүн иштеп жатабыз (Сасыкбаев). Амал барбы. Амал барбы! Бардыгына чыдайбыз да. Амал канча. Амал канча, кечки көлөкөдөй сүйрөлө башбаккан калыбында уйпаланган кроватыма боюмду шалак таштайм (Өмүрбаев).
Амалдуу, куу, айла тапкыч, эпчил. Мадамин аке бу жагынан ашкан айлакер киши («Ала-Тоо»). Айлакер энем тилимди ал, Айтканым ушул билип ал («Семетей»). Зор айлакер Коңурбай, Жолдун баарын тороду («Семетей»).
АЙЛАМОР (орусча Илья Муромец) — каарман. Сагымбай Орозбаковдун вариантында гана кездешүүчү «Түндүккө чабуул» аттуу окуяда Манас менен кармашкан эпостук баатырлардын бири. Айламор орус элинин баатырдык эпосторунун (былиналарынын) Киев циклине кирген варианттарында айтылуучу каарман Илья Муромецтин ысымынын манасчы тарабынан кыргызчаланып айтылышы. Айламор — кыргыз элинин эпикалык чыгармачылыгындагы орус эпосторунан өздөштүрүлгөн образдардын эң ириси. Аталган эпизоддордо Манас түндүктө жашоочу элдерге чабуул жасап, аларды багындырат. Орус баатыры Айламор менен сайышка түшүп, анан кылычташууга өтөт. Акырында Айламордун Дөңкара аттуу аты аны ала качып жөнөйт. Ошентип, Айламор жеңилип, орустар Манаска 300 сулуу кыз тартуу берет да «Атабыз Жаяпис бир» деп элдешип кайтат.
1. водоворот; алды жагым айлампа - Ак-Күргүн дарыя суу болду фольк. подо мной водоворот - воды реки Ак-Кургун; 2. головокружительный; үстү жагым көз жеткиз айлампа мунар зоо болду фольк. надо мной глазом непостижимая, головокружительная скала во мгле; 3. тяньш.то же, чтотопсо.
зат. 1.Суунун имерилип агып турган терең жери. [Асканын].. алды жагы мелтиреген көк айлампа ирим (Мидин). [Жеңиш] удургуп, төө өркөчтөнүп агып жаткан суунун айлампасына кайырмагын ыргытты («Жаш ленинчи»).
2.сүйл. Тегеретип ат чабылуучу жай, ипподром. Алты жолу мен көрдүм, Айлампага чапканын (Осмонкул).
1. Суунун имерилип агып турган терең жери, ирим. Жеңиш удургуп, төө өркөчтөнүп агып жаткан суунун айлампасына кайырмагын ыргытты («Жаш ленинчи»). Асканын алды жагы мелтиреген көк айлампа ирим (Мидин). 2. Аттарды (күлүктөрдү) тегеретип чаба турган жай, ипподром. Бир колхоздун карачы, Беш күлүктү бакканын, Алты жолу мен көрдүм Айлампага чапканын (Осмонкул). 3. диал. Эшиктин туруму. 4. аңч. Капкандын тетиктерин анын чынжыры менен бириктирип, түшкөн аңды чалындырбай тегеренип туруучу капкандын тетиги.
то, что имеет вокруг себя проход, проезд; айлампалуу сеңирден кызга жакын Күлчоро чыга калды бир жерден фольк. (завидев на другом берегу дгвушек) вдруг объездом из-за выступа появился девичий угодник Кюльчоро.
1. Айлампасы бар, иримдүү. Чоң Илени кыдырып, Айлампалуу урчуктан Кечип чыккан кези экен («Манас»). 2. Айланып өтмө, айланып өтө турган. Айлампалуу сеңирден, Кызга жакын Күлчоро, Чыга калды бир жерден («Семетей»).
1. Бир жагына айлана берме кылып коюучу мал оорусу. 2. өтм. Келесоо, башы айланган, эмне кыларын билбеген, бирөөнүн айтканын ээрчий берген. Айлампаш болуп калган немедей бир айтканын кайра айта берчү болуптур («Чалкан»).
этиш.1. Белгилүү бир точканын айланасында жүрүү, айлана-тегерек боюнча жүрүү, учуу, өтүү, тегеренүү; кыдырып чыгуу. Г. С. Титов «Восток-2» корабль-спутниги менен жер шарын 17 жолу айланып чыкты («Советтик Кыргызстан»). Асман менен айланган Канаттуулар бир сонун (Бөкөнбаев). [Актан].. бири-биринен оолак салынган үч көчө кыштакты айланып чыкты (Бейшеналиев).
2. Өз огунда тегеренүү. Айланат көзгө илинбей станоктор (Бөкөнбаев). Күркүрөп мотор айланды Тетигин Сырга басканда (Бөкөнбаев).
3. Курчоо, тегеректеп алуу. Алтын Ош шаарымды, Алты айланып алыптыр («Курманбек»).
4. Кайрылуу, кайрылып келүү, кайта баруу. Эми кайра айланып Үч-Дөбө аркылуу барыш үчүн эки-үч күн керек (Жантөшев). Ат айланып казыгын табат (макал).
5. Башка түргө өтүү, башка көрүнүшкө, сапатка өтүү, өзгөрүп кетүү. Кыштак чакан шаарга айланган (Сыдыкбеков). Кичинекей өндүрүш чоң булгаары заводуна айланды (Сасыкбаев).
6. Белгилүү бир өлчөмгө, орточо санга жетүү; боло баштоо. Аны кошкондо 40 гектардын түшүмү 30,5 центнерден айланат (Убукеев).
7. Белгилүү бир убакыт өтүү, толуу. Жыл айланды. Ай айланбай кайра келип калды. 8. Жакшы көргөндүгүн, сүйгөндүгүн билдирип жалынуу, жалбаруу; жакшы
көрүү, эркелетүү. Алдейлеп мени өстүргөн Айланамын кыргыздан (Бөкөнбаев). Адамзат болсун эркем деп, Айланып апам күлгөн жер (Аалы). 9. Курмандыкка туш келүү, садага кетүү («куруп калсын» деген мааниде). Терменин башы арактан Айланып кетсин тамактан (Шүкүрбеков).
♦ Айланкөчөк — балдардын бир орунда туруп тегеренип ойноочу оюну. Айланкөчөкболуу — баш айлануу, жер тегеренгендей, астын-үстүн болгондой болуп көрүнүү. Башы айлан көчөк болуп, денеси шалкайды («Ала-Тоо»). Ичиненкаракылайланбоожеичиненкаратарууайланбоо — ичи тардык кылуу, көрө албоо. Жүрөгүайлануу — жийиркенүү, кускусу келүү. Көздүнкарегимененжеагыменентеңайлануу — ою менен, дегени менен болуу; бирөөгө толук көз каранды болуу, бирөөнүн таасиринде болуу. Көңүлүайлануу — өзүн начар сезип, кускусу келүү. Башыайлануу — 1) башы тегеренүү, өзүн начар сезип, көзү караңгылоо, алсырап кетүү. Табылды катты окуп, башы айланып, кеңгиреп жыгылды («Эр Табылды»).; 2) маң болуу, эмне кыларын билбей калуу. [Андрей].. кайда басарын, [үйүн] кимден сурарын билбей башы айланды (Сасыкбаев); 3)өт, мактанып, менменсинип кетүү.
1. двигаться вокруг, кружиться, вращаться, вертеться; аблана уч- летать вокруг, облетать; айланып өтмө жол кружный путь, обходная дорога; 2. превращаться; бууга айлан- превращаться в пар; 3. этн. признавать превосходство, оказывать почести (признавать годным или готовым стать искупительной жертвой; при знахарских способах лечения для изгнания "духа" болезни приносилась искупительная жертва, которая вращалась - фактически или символически - вокруг головы больного, или вокруг предполагаемого места, где якобы сидит "дух"); айланайын (или айнанайын или айлайын или айланып кетейиним) мой миленький (я готов стать искупительной жертвой за тебя); кой, айланайын, кой перестань, милый, перестань; айланайындарым мои милые; айланабы или айлансын далеко не...; куда ему; ал таланттан айланабы он далеко не талантлив, никакой он не талант; алкыштан айлансын! какая там ему благодарность!; колдон айлансын (следовало бы побить, да) не стоит руки о него марать; башыман айлансын! (пропало) ну и чёрт с ним!; келиндин тырмагынан бир күндө миң айланса эп экен фольк. пальцы (букв. ногти) молодухи заслуживают того, чтобы им оказывать каждый день тысячу почестей (она искусная рукодельница); аргымак жыйдым, ат жыйдым, айланып кетсин буудандан! фольк. собирал я аргамаков и простых коней, но где им до буудан'а! (см.буудан 1); атадан абланган жаль, что (такого плохого) хороший отец на свет произвёл; оозуңдан айланайыным преклоняюсь перед твоими устами (как ты хорошо, приятно говоришь!); ал оозуңдан айлансын он не стоит того, чтобы ты тратил на него слова; элден айланайын народ (а не я) велик; я перед народом - ничто; жогол! элден айлан! прочь! тебе не место среди народа!; мүрзөдөн айлан ты не стоишь могилы (твой труп нужно выбросить и т.п.); айланганы... бы? за каким чёртом? чёрт дёрнул!; колуңан келбеген ишке айланганы бардыңбы? чёрт тебя дёрнул пойти на работу, с которой ты справиться не можешь!; көзүбүздүн карасы менен тең айланып турат он делает всё, чего мы ни пожелаем; он находится целиком под нашим влиянием; Күмүштүн көзүнүн агы менен тең айланган жигиттер парни, готовые на всё для (девушки) Кюмюш; жыл айланбай эле не прошло и года (как...); көчүк айланбайт разг. (о помещении) повернуться негде; ...айланып... толгонуп все радости и горести...; төрт баланын ачына айланып, тогуна толгонуп жүрө бердим я горевал, когда четверо моих детей были голодны, радовался, когда они были сыты; айлан көчөк см.көчөк; айлан баш см.айлампаш.
1. Белгилүү бир чекиттин айланасында тегеренип жүрүү, тегеренип өтүү. Жер күндүн тегерегинде айланат. Советтик корабль-спутниктер Жер шарын айланып учуу боюнча дүйнө жүзүнө биринчи жолу белгилүү болду. Балатыны айланып, Оромпой тээп ойнойлу (Үмөталиев). 2. Асман мейкиндигинде тегеренип учуу (куштарга, самолётко ж.б. карата). Асман менен айланган Канаттуулар бир сонун (Бөкөнбаев). Абада куштай айланган Учкуч болуп алсакпы? (Барпы). Самолёт айланып, жерге жакындай берет (Сыдыкбеков). 3. Бир нерсенин далдаасына, арка жагына карай имерилүү, имерилип өтүү. Карабек колун булгады да, тумшукту айланып кетти (Сыдыкбеков). Ургандай өзүн ташка жыйнап күчтү, Айланып далдаа жакка кире түштү (Үмөталиев). 4. Өз огунда тегеренген абал. Айланат көзгө илинбей станоктор (Бөкөнбаев). Күркүрөп мотор айланды Тетигин Сырга басканда (Бөкөнбаев). 5. Курчоо, тегеректеп алуу. Алтын ооз шаарымды Алты айланып алыптыр («Курманбек»). 6. Кайрылуу, кайрылып келүү. Аман келсем айланып Алармын сенден өчүмдү (Токтогул). Ат айланып казыгын табат (макал). 7. Башка түргө өтүү, башка көрүнүшкө, сапатка, абалга өтүп өзгөрүү. Кыштак чакан шаарга айланган (Сасыкбаев). От дуулдап күйүп, мештин боору жалынга айланып бараткансыйт (Байтемиров). 8. Белгилүү бир өлчөмгө, деңгээлге жетүү. Торпоктордун ар биринин орточо салмагы 162 килограммдан айланды. Ар бир гектардан алынган түшүм 3–4 тоннадан айланат. 9. өт. Толуу, өзгөрүү. Белгилүү бир убакыттын өткөн же толгон абалы. Мезгил бир тоголок жылга айланды (Акматов). Жыл айланды. Ай айланбай кайра келип калды. 10. Жакшы көргөндүктү, сүйгөндүктү билдирүү же жалынып-жалбаруу (эркелетүү маанисинде). Алдейлеп өстүргөн Айланамын кыргыздан (Бөкөнбаев). Айланайын берекем, энеңдин тилин алып, айтканын угуп жүр! («Ала-Тоо»). 11. Бирөөнүн же бир нерсенин жарабастыгын, начардыгын, кемдигин көрсөтүп, аны башкага салыштырып караганда «садага кетсин!» «куруп калсын!» деген мааниде колдонулат. Терменин башы арактан Айланып кетсин тамактан (Шүкүрбеков). Сен баладан айлан! («Ала-Тоо»).
1. окружность; окрестность; шаардын айланасында в окрестностях города; сөз кайсы маселенин айланасында болду? вокруг какого вопроса были разговоры? 2. среда (окружение).
зат.1. Борбордон бирдей аралыкта турган туюк тегерек сызык же чийин, алкак формасындагы курчоо. Айлана сызуу. Айлананы тең бөлгөн түз сызык жүргүзүү. 2. Курчап турган жан жак, тегерегиндеги мейкиндик, боштук, туш-туш жак, тегерек. Күүгүм кирди, айлана тынч, Көшүп жатты капчыгай (Бөкөнбаев). Айлана жашыл кымкап жамынгандай күлүңдөйт (Сасыкбаев).
3. Бир нерсенин тегереги, чети; баш аягы. Дөбөчөнүн айланасы алты канат үйдүн ордунан аз чоңураак (Сыдыкбеков). Көлдүн айланасы тай чабымдай (Жантөшев).
4. Кандайдыр бир иштин, аракеттин таралган чөйрөсү, чөйрө. Сөз кышка камылга көрүүнүн айланасында болду.
1. Борбордон бирдей аралыкта турган алкак формасындагы туюк тегерек сызык, курчоо. Айлана сызуу. Айлананы тең бөлгөн түз сызык жүргүзүү. Бирдей аралыкта жайгаштырылган үч айлананын ортоңкусу чоңураак, эки четкиси кичирээк («Мугалимдер газетасы»). 2. Курчап турган туш тарап, мейкиндик, теребел. Күүгүм кирди, айлана тынч, Көшүп жатты капчыгай (Бөкөнбаев). Айлана жашыл кымкап жамынгандай күлүңдөйт (Сасыкбаев). 3. Бир нерсенин тегерек-чети, тегереги. Үйдүн айланасы. Кыштактын айланасы. Театрдын айланасын курчаган көрктүү кара бакты аралап жүрдүк («Ала-Тоо»). 4. Бирөөгө же бир нерсеге таандык чөйрө. Сөз кышка камылга көрүүнүн айланасында болду («Ала-Тоо»). Өзүңдөй карып көрүнсө, Айланаңа топтогун (Барпы).
Азыр эркелетүү маанисинде колдонулган бул сөз кыргыздын байыркы көчүрмө ишеними менен байланыштуу. Бул ишеним боюнча, он айланганда оору айланган кишиге өтөт. Ошондуктан кыргыздар айланууга тыюу салышат жана айланып жиберген учурда тескери айлантып жандырышат. Баштан суу айландырып, жамандыкты сууга көчүрүшөт. Ноорузда тепшиге таш салып, үйдү айлануу менен үйдөгүлөрдүн бүт кесепетин ташка көчүрүшөт. Оттон секирүү менен жамандык отко көчүрүлөт. Ошентип, айланайын,тегеренейин деген синоним сөздөр «бүт жамандыгыӊды мен алайын» деген маанини туюндурат. Ал эми өпкөмдү чабайын деген сөздүн мааниси жаӊы союлган жандыктын өпкөсү менен чаап, жамандыктын бардыгы чапкандан карая түшкөн өпкө менен кетти деген көчүрмөнүн дагы бир түрү менен байланыштуу. Кагылайын да ушул топтогу сөздөргө кирет. Ушул эле мотив арап тилинен кирген сөздөрдөн жасалган «балакетиӊди (фэлакет «кырсык») алайын», «садагаӊ (сэдэкэ «кайыр») болоюн//кетейин», «секетиӊ (зэкат «кайыр, садага») кетейин//болоюн» деген сөз айкаштарына да өткөн.
Бирөөгө жалынганда, эркелеткенде же кандайдыр бир өтүнүч, суроо менен кайрылганда айтылат. Айланайын калың журт, Алдыңа салып сүрөгүн (Токтогул). Акылыңдан айланайын, туура айтасың (Каимов). И, айланайын, сен чоор тартасыңбы? (Жантөшев),
АЙЛАНА-ЧӨЙРӨ – адамдын жашоо чөйрөсү, адамдын жана башка жандуу организмдердин жашоо орду жана каражаты, шарты катары кызмат кылуучу био-чөйрө; табигый экологиялык тутумдардын тутуму катары жаратылышты жана адамдын ишмердигинин натыйжасында өзгөргөн анын табигый чөйрөсүн өзүнө камтыйт.
АЙЛАНА-ЧӨЙРӨГӨ ЗАЛАЛ КЕЛТИРҮҮ – айлана-чөйрөнү өзгөртүүнүн, аны булгоонун натыйжасында акча түрүндө эсептелүүчү коомчулуктун экономикалык жана экономикалык эмес жоготуусу.
АЙЛАНА-ЧӨЙРӨГӨ ЗЫЯНДУУ ТААСИР ЭТҮҮНҮН ЖОЛ БЕРИЛЕ ТУРГАН ЧЕНЕМДЕРИ – айлана-чөйрөнү коргоону, табигый байлыктарды үнөмдүү пайдаланууну, экологиялык жана адам денсоолугуна коопсуздукту камсыз кылуучу айлана-чөйрөгө чарбачылык, рекреациялык ж. б. иш-аракеттер аркылуу таасир этүүнүн жол бериле турган көрсөткүчтөр.
АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО – жаратылыш байлыктарын сактоо, жаратылыш байлыктарын үнөмдүү пайдалануу, адамдын жашоо-турмушун курчап турган чөйрөнүн сапатын арттыруу боюнча коом менен жаратылыштын өзара шайкештигин камсыз кылууга багытталган мамлекеттик жана коомдук чаралардын тутуму.
АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮН САПАТТЫК ЧЕНЕМИ – айлана-чөйрө абалынын сапаттык көрсөткүчү: зыяндуу заттардын, зыяндуу заттарга чулгануунун жол бериле турган топтолуу ченеми, айыл чарбасы менен токой чарбасында колдонулуучу химиялык заттардын жол бериле турган ченеми, азык-түлүктө калуучу химиялык заттардын жол бериле турган ченеми, айлана-чөйрөгө антропогендик ишаракеттер аркылуу жүктөмдөрдүн жол бериле турган ченеми; айлана-чөйрөгө антропогендик жактан аргандай иш-аракеттердин күч келтире тургандай жүктөө ченемдеринин жол берилүүчү сапаттык ченеми.
environmental sensor (noun)
A category of sensor that tracks environmental changes such as temperature, atmospheric pressure, humidity, wind speed and wind direction.
АЙЛАНА-ЧӨЙРӨ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ – айлана-чөйрөгө таасир этүүчү суунун, абанын, кыртыштын, жер катмарынын, өсүмдүктөрдүн, жанжаныбарлардын абалы жөнүндөгү маалымат жана аны коргоо иш-чаралары.
понуд. отайлан- 1. вертеть, кружить, вращать; заставить вертеться; айландыра вокруг; айландыра эки жакты карап туруп оглядываясь вокруг, посматривая то туда, то сюда; 2. обходить, окружать; мени айландырып турат он что-то (подозрительно) ходит вокруг меня (с каким-то нехорошим намерением); 3. превращать, обращать; акчага айландыр- превратить в деньги; жерди бүткүл элдик кенчке айландыр- обратить землю в общенародное достояние; кайырды чайырга айландырды он за добро отплатил злом.
айлан этишинин аркылуу мамилеси. Арабанын дөңгөлөгүн айландыра берип, ордунан жылдырып койдук («Ала-Тоо»). Кайрак жерлерди сугат аянтына айландырып, түшүмдү жогорулатуунун камын көрүү керек («Советтик Кыргызстан»).
Туш тарабын, айланасын курчай; тегерете. Келсем айыл кейпи кетип, Айландыра муң баскан (Бөкөнбаев). Көздөрү бүтүйгөн, мурду барбайган бирөө үйдүн ичин айландыра карады (Жантөшев).
rotate (noun)
A gesture represented by placing at least two fingers on an object and rotating your fingers in a clockwise or counterclockwise direction.
rotation (noun)
A multi-touch gesture that consists of two fingers moving around a center point or one finger moving around a finger that is not moving.
rotation lock button (noun)
An Exchange mailbox that is associated with a SharePoint site, enabling users to access documents and email related to group projects through either Outlook or SharePoint.
Башы айланып, жер тегеренип, астын-үстү болгонсуп көрүнүү. Көзүм тунарып, жер айлан көчөк болуп кетти («Ала-Тоо») Түгөлдүн көзү тунарып, башы айлан көчөк болуп кетти (Бейшеналиев).
Башы айланып, жер тегеренип, астын-үстү болгонсуп көрүнүү. Көзүм тунарып, жер айлан көчөк болуп кетти («Ала-Тоо»). Түгөлдүн көзү тунарып, башы айлан көчөк болуп кетти (Бейшеналиев). В.: Айлан көчөк атуу. Башым айлан көчөк атып, жыгылып кеттим («Жаш ленинчи»).
1. Тегеренме, айлана сыяктуу. Храмдын сырты төрт бурч сыяктуу көрүнгөнү менен ички коридорлору айланма, жарым айланма экен (Акматов). 2. Тике же түз эмес, айланып өтө турган. Айланма жол. Алар аны тескери айланма жолго салып жиберише турган («Ала-Тоо»).
Circular Bending Process (proper noun)
A SmartArt graphic layout used to show a long or non-linear sequence or steps in a task, process, or workflow. Works best with Level 1 text only. Maximizes both horizontal and vertical display space for shapes.
понуд. отайлан- 1. заставить кружиться; кружить; вращать; айланта кругом, вокруг; айланта карап осмотрев, обойдя кругом; осмотрев со всех сторон; 2. окружать; делать обходное движение, обходить; будурмакты айлантып, буткулга салып кубалап фольк. прогнав (его) вокруг холма, он преследовал в низине; айкөл Манас кабылан алты айланта кууду эми фольк. великодушный леопард Манас преследовал его шесть кругов; 3. превращать; тамашага айлант- обратить в шутку; 4. этн.то же, чтоайлан- 3; кемпир ырым-жырымын кылып, башынан суу айлантып чачып... старуха, совершив магические действия, побрызгав вокруг головы его водой...; айлантпай не дав ещё кончиться, не дав пройти (какому-л. времени); күз айлантпай не дав ещё пройти осени; не успела осень пройти (как...); айлантып дав кончиться, пройти (какому-л. времени); айларды-айлантып, жылдарды жылдырган он провёл месяцы и годы; по прошествии месяцев и лет он...; так у него прошло много лет; через много лет он...; жыл айлантпай Букарга куда болуп баралы фольк. не дожидаясь истечения года, отправимся в Бухару для сватовства.
вращательный; вращающийся; вращение; айлантма мылтык көп дүрмөт фольк. вращаюшееся (с диском) многозарядное ружьё (видимо, сказитель ввёл в эпос современный автомат); баш айлантма вет. вертячка; айлантма капитал эк. оборотный капитал.
вращающийся; айлантмалуу дүрбү (в эпосе) бинокль; айлантмалуу чоң дүрбү, атадан калган чоң үлгү фольк. большой бинокль, оставшийся в наследство от отца.
айлан этишинин кыймыл атоочу. Арабанын төрт дөңгөлөгү айланууда (Сыдыкбеков). Ар кайсыга салып көрсөм сарасап, Айланууда өмүр деген чыгырык (Байзаков).
Бөлүнүп же таштап кете албагандык, имерчиктеп туруп алгандык, кандайдыр бир байланып, имерчиктеп калма себеп. Эмнеге эле бул үйдөн чыкпай калды десе, бизге белгисиз айланчыгың бар турбайбы («Ала-Тоо»).
1. задержаться, замешкаться (занявшись чем-л.); азыраак айланчыктай кал- немного замешкаться, задержаться; айланчыктап бул сууга, карап туруп жалдырап фольк. задержавшись у этой реки, он смотрел с умилением; 2. ходить вокруг; айланчыктап басып турду он ходил вокруг; айланчыктап арбактар азиз кылып кеткен дейт фольк. духи, вращаясь вокруг него, сделали его слепым; 3. быть притягательной силой, привязывать к себе; аралжы кирер күчүм жок, айланчыктар кишим жок фольк. у меня нет силы, которая бы меня защитила, у меня нет ничего, что бы меня удерживало (здесь).
Таштап же бөлүнүп кете албай имерчиктөө, кылчактоо, жанынан чыга албай тегеренүү. Актан алты асый карагерди көрүп, айланчыктай берди (Бейшеналиев). Тигилерге айланчыктап, убакыттын көбүн өткөрдүм (Ашуубаев).
вращаться, кружиться; ар күнү айланычтап көлөкөсү келгенде, Жунуш сурайт: "жүргөн кимсиң?" стих. каждый день, когда тень его, кружась, приходит, Джунуш (в бреду) спрашивает: "ты кто?".
айланыш I 1. вращение; 2. объезд, обход (кружный путь); айланыш жол объездной, кружный путь. айланыш- II взаимн. отайлан- 1. совместно вращаться; 2. задерживаться; мешкать, замешкаться; бир жумушка айланышып кечигип калдым я опоздал, занявшись одним делом.
Кандайдыр бир ишке же кандайдыр бир иш менен кармалып калуу, кеталбай буйдалуу. Мустафа жумуш учурунда башка бирдемеге айланышып, убакытты бекер өткөрүүнү жаман көрөр эле (Сасыкбаев). Бир жумушка айланышып кечигип калдым («Ала-Тоо»).
1. неловкий; неизворотливый; несообразительный; айласыз жаман неумеха; айласыз баатыр чочкого чабат погов. горе-богатырь на свинью нападает; 2. не имеющий выхода из положения; айласыздан в силу необходимости, поневоле; айласыздын иши дело, которое выполняется потому, что нет другого (напр. работа не по специальности).
1. Айла жоктон, өз эрки менен эмес, амалсыздан. Алдымдан нымдуу сыз өтөт, Айласыз жатам жалдырап (Токтогул). Канчалык кайрат байлап жулунсам да, Айласыз жетегине далай көнгөм (Бөкөнбаев). 2. Айла табылбаган, айла кылууга мүмкүн болбогон, айласы куруган. Татыбек айласыз абалда калды (Байтемиров). 3. Эң, абдан, өтө эле, айлада жок, болжолсуз. Айласыз жаман. Айласыз семиз. Айласыз баатыр чочкого чабат (макал).
Акыл менен иштебеген адам, айла менен иштебей, күчкө салып качырып кирген адам – өзү мерт болот деген мааниде. «Айласыз баатыр каманга чабат» болуп, манапка кол көтөргөндөн айланат бекен? Мунун атасы жаман неме болучу – жаткан уйга мине албаган (Ш.Үмөталиев).
Айла жоктон, айласы куругандан, айла кылууга мүмкүн болбогондуктан, амалсыздан. Айланайын тийбе деп, Айласыздан жалындым (Токтогул). Салык айласыздан атынын башын бурду (Каимов).
default worksheet template (noun)
The Sheet.xlt template that you create to change the default format of new worksheets. Excel uses the template to create a blank worksheet when you add a new worksheet to a workbook.
default workbook template (noun)
The Book.xlt template that you create to change the default format of new workbooks. Excel uses the template to create a blank workbook when you start Excel or create a new workbook without specifying a template.
Эч амалын таба албоо, аргасы түгөнүү, кыйын абалда калуу, эмне кыларын билбей абдан кыжалат болуу. Жетип айдоого жол жок, айлалары кетиптир (Убукеев). Ырас, балам Искендер, журттан айла кетти (Турусбеков). Капа болуп турганда бирөө менен сырдашкым келди, айлам кетти (Бердикеев).
Эч амалын таба албоо, аргасы түгөнүү, кыйын абалда калуу, эмне кыларын билбей абдан кыжалат болуу. Жетип айдоого жол жок, айлалары кетиптир (Убукеев). Ырас, балам Искендер, журттан айла кетти (Турусбеков). Капа болуп турганда бирөө менен сырдашкым келди, айлам кетти (Бердикеев). В.: Айласы куруу. Буга да бардыгы бир ооз, Шералинин айласы куруп кетти (Касымбеков). Эми ыраса айлам куруду (Касымбеков). Айласы түгөнүү. Эмне кылуу керек? Айлам түгөнө баштады (Каимов). Айла түгөнсө, ошолорду... көтөрүп баргыла (Бейшеналиев).
Өтө кыйын, абдан ыңгайсыз абалга калтыруу. Достун ыйык сезимин булгай берсе болобу? – дешип туш-туштан чыгышып, Жайдарбектин айласын алты жерден кетиришиптир (Медетов).
Өтө кыйын, абдан ыңгайсыз абалга калтыруу. Достун ыйык сезимин булгай берсе болобу? -дешип туш-туштан чыгышып, Жайдарбектин айласын алты жерден кетиришиптир (Медетов).
женщины в одном и том же периоде беременности; айлаш катын - муңдаш погов. женщины в одном периоде беременности сочувствуют друг другу; жакшы катынга жаман катын, айлашмын деп, теңелет фольк. плохая женщина приравнивает себя к хорошей, мол, я с ней айлаш.