Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Арга түгөнүп, такыр амалы кетип калган учурду, бир нерсеге каршы чара көрүүгө мүмкүн болбой калган абалды баяндоо үчүн колдонулат. Айла барбы, башка түшкөнүн көрө жатармын (Абдукаримов). В.: Айла канча. Айла канча, шарттын начардыгына карабастан, фронт үчүн иштеп жатабыз (Сасыкбаев). Амал барбы. Амал барбы! Бардыгына чыдайбыз да. Амал канча. Амал канча, кечки көлөкөдөй сүйрөлө башбаккан калыбында уйпаланган кроватыма боюмду шалак таштайм (Өмүрбаев).