Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Айла жоктон, өз эрки менен эмес, амалсыздан. Алдымдан нымдуу сыз өтөт, Айласыз жатам жалдырап (Токтогул). Канчалык кайрат байлап жулунсам да, Айласыз жетегине далай көнгөм (Бөкөнбаев). 2. Айла табылбаган, айла кылууга мүмкүн болбогон, айласы куруган. Татыбек айласыз абалда калды (Байтемиров). 3. Эң, абдан, өтө эле, айлада жок, болжолсуз. Айласыз жаман. Айласыз семиз. Айласыз баатыр чочкого чабат (макал).