Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Борбордон бирдей аралыкта турган алкак формасындагы туюк тегерек сызык, курчоо. Айлана сызуу. Айлананы тең бөлгөн түз сызык жүргүзүү. Бирдей аралыкта жайгаштырылган үч айлананын ортоңкусу чоңураак, эки четкиси кичирээк («Мугалимдер газетасы»). 2. Курчап турган туш тарап, мейкиндик, теребел. Күүгүм кирди, айлана тынч, Көшүп жатты капчыгай (Бөкөнбаев). Айлана жашыл кымкап жамынгандай күлүңдөйт (Сасыкбаев). 3. Бир нерсенин тегерек-чети, тегереги. Үйдүн айланасы. Кыштактын айланасы. Театрдын айланасын курчаган көрктүү кара бакты аралап жүрдүк («Ала-Тоо»). 4. Бирөөгө же бир нерсеге таандык чөйрө. Сөз кышка камылга көрүүнүн айланасында болду («Ала-Тоо»). Өзүңдөй карып көрүнсө, Айланаңа топтогун (Барпы).