Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Суунун имерилип агып турган терең жери, ирим. Жеңиш удургуп, төө өркөчтөнүп агып жаткан суунун айлампасына кайырмагын ыргытты («Жаш ленинчи»). Асканын алды жагы мелтиреген көк айлампа ирим (Мидин). 2. Аттарды (күлүктөрдү) тегеретип чаба турган жай, ипподром. Бир колхоздун карачы, Беш күлүктү бакканын, Алты жолу мен көрдүм Айлампага чапканын (Осмонкул). 3. диал. Эшиктин туруму. 4. аңч. Капкандын тетиктерин анын чынжыры менен бириктирип, түшкөн аңды чалындырбай тегеренип туруучу капкандын тетиги.