Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Борбордон бирдей аралыкта турган туюк тегерек сызык же чийин, алкак формасындагы курчоо. Айлана сызуу. Айлананы тең бөлгөн түз сызык жүргүзүү.
2. Курчап турган жан жак, тегерегиндеги мейкиндик, боштук, туш-туш жак, тегерек. Күүгүм кирди, айлана тынч, Көшүп жатты капчыгай (Бөкөнбаев). Айлана жашыл кымкап жамынгандай күлүңдөйт (Сасыкбаев).
3. Бир нерсенин тегереги, чети; баш аягы. Дөбөчөнүн айланасы алты канат үйдүн ордунан аз чоңураак (Сыдыкбеков). Көлдүн айланасы тай чабымдай (Жантөшев).
4. Кандайдыр бир иштин, аракеттин таралган чөйрөсү, чөйрө. Сөз кышка камылга көрүүнүн айланасында болду.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Борбордон бирдей аралыкта турган алкак формасындагы туюк тегерек сызык, курчоо. Айлана сызуу. Айлананы тең бөлгөн түз сызык жүргүзүү. Бирдей аралыкта жайгаштырылган үч айлананын ортоңкусу чоңураак, эки четкиси кичирээк («Мугалимдер газетасы»). 2. Курчап турган туш тарап, мейкиндик, теребел. Күүгүм кирди, айлана тынч, Көшүп жатты капчыгай (Бөкөнбаев). Айлана жашыл кымкап жамынгандай күлүңдөйт (Сасыкбаев). 3. Бир нерсенин тегерек-чети, тегереги. Үйдүн айланасы. Кыштактын айланасы. Театрдын айланасын курчаган көрктүү кара бакты аралап жүрдүк («Ала-Тоо»). 4. Бирөөгө же бир нерсеге таандык чөйрө. Сөз кышка камылга көрүүнүн айланасында болду («Ала-Тоо»). Өзүңдөй карып көрүнсө, Айланаңа топтогун (Барпы).

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Азыр эркелетүү маанисинде колдонулган бул сөз кыргыздын байыркы көчүрмө ишеними менен байланыштуу. Бул ишеним боюнча, он айланганда оору айланган кишиге өтөт. Ошондуктан кыргыздар айланууга тыюу салышат жана айланып жиберген учурда тескери айлантып жандырышат. Баштан суу айландырып, жамандыкты сууга көчүрүшөт. Ноорузда тепшиге таш салып, үйдү айлануу менен үйдөгүлөрдүн бүт кесепетин ташка көчүрүшөт. Оттон секирүү менен жамандык отко көчүрүлөт. Ошентип, айланайын,тегеренейин деген синоним сөздөр «бүт жамандыгыӊды мен алайын» деген маанини туюндурат. Ал эми өпкөмдү чабайын деген сөздүн мааниси жаӊы союлган жандыктын өпкөсү менен чаап, жамандыктын бардыгы чапкандан карая түшкөн өпкө менен кетти деген көчүрмөнүн дагы бир түрү менен байланыштуу. Кагылайын да ушул топтогу сөздөргө кирет. Ушул эле мотив арап тилинен кирген сөздөрдөн жасалган «балакетиӊди (фэлакет «кырсык») алайын», «садагаӊ (сэдэкэ «кайыр») болоюн//кетейин», «секетиӊ (зэкат «кайыр, садага») кетейин//болоюн» деген сөз айкаштарына да өткөн.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөгө жалынганда, эркелеткенде же кандайдыр бир өтүнүч, суроо менен кайрылганда айтылат. Айланайын калың журт, Алдыңа салып сүрөгүн (Токтогул). Акылыңдан айланайын, туура айтасың (Каимов). И, айланайын, сен чоор тартасыңбы? (Жантөшев),

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙЛАНА-ЧӨЙРӨ – адамдын жашоо чөйрөсү, адамдын жана башка жандуу организмдердин жашоо орду жана каражаты, шарты катары кызмат кылуучу био-чөйрө; табигый экологиялык тутумдардын тутуму катары жаратылышты жана адамдын ишмердигинин натыйжасында өзгөргөн анын табигый чөйрөсүн өзүнө камтыйт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙЛАНА-ЧӨЙРӨГӨ ЗАЛАЛ КЕЛТИРҮҮ – айлана-чөйрөнү өзгөртүүнүн, аны булгоонун натыйжасында акча түрүндө эсептелүүчү коомчулуктун экономикалык жана экономикалык эмес жоготуусу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙЛАНА-ЧӨЙРӨГӨ ЗЫЯНДУУ ТААСИР ЭТҮҮНҮН ЖОЛ БЕРИЛЕ ТУРГАН ЧЕНЕМДЕРИ – айлана-чөйрөнү коргоону, табигый байлыктарды үнөмдүү пайдаланууну, экологиялык жана адам денсоолугуна коопсуздукту камсыз кылуучу айлана-чөйрөгө чарбачылык, рекреациялык ж. б. иш-аракеттер аркылуу таасир этүүнүн жол бериле турган көрсөткүчтөр.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО – жаратылыш байлыктарын сактоо, жаратылыш байлыктарын үнөмдүү пайдалануу, адамдын жашоо-турмушун курчап турган чөйрөнүн сапатын арттыруу боюнча коом менен жаратылыштын өзара шайкештигин камсыз кылууга багытталган мамлекеттик жана коомдук чаралардын тутуму.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮН САПАТТЫК ЧЕНЕМИ – айлана-чөйрө абалынын сапаттык көрсөткүчү: зыяндуу заттардын, зыяндуу заттарга чулгануунун жол бериле турган топтолуу ченеми, айыл чарбасы менен токой чарбасында колдонулуучу химиялык заттардын жол бериле турган ченеми, азык-түлүктө калуучу химиялык заттардын жол бериле турган ченеми, айлана-чөйрөгө антропогендик ишаракеттер аркылуу жүктөмдөрдүн жол бериле турган ченеми; айлана-чөйрөгө антропогендик жактан аргандай иш-аракеттердин күч келтире тургандай жүктөө ченемдеринин жол берилүүчү сапаттык ченеми.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙЛАНА-ЧӨЙРӨ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ – айлана-чөйрөгө таасир этүүчү суунун, абанын, кыртыштын, жер катмарынын, өсүмдүктөрдүн, жанжаныбарлардын абалы жөнүндөгү маалымат жана аны коргоо иш-чаралары.