Азыр эркелетүү маанисинде колдонулган бул сөз кыргыздын байыркы көчүрмө ишеними менен байланыштуу. Бул ишеним боюнча, он айланганда оору айланган кишиге өтөт. Ошондуктан кыргыздар айланууга тыюу салышат жана айланып жиберген учурда тескери айлантып жандырышат. Баштан суу айландырып, жамандыкты сууга көчүрүшөт. Ноорузда тепшиге таш салып, үйдү айлануу менен үйдөгүлөрдүн бүт кесепетин ташка көчүрүшөт. Оттон секирүү менен жамандык отко көчүрүлөт. Ошентип, айланайын,тегеренейин деген синоним сөздөр «бүт жамандыгыӊды мен алайын» деген маанини туюндурат. Ал эми өпкөмдү чабайын деген сөздүн мааниси жаӊы союлган жандыктын өпкөсү менен чаап, жамандыктын бардыгы чапкандан карая түшкөн өпкө менен кетти деген көчүрмөнүн дагы бир түрү менен байланыштуу. Кагылайын да ушул топтогу сөздөргө кирет. Ушул эле мотив арап тилинен кирген сөздөрдөн жасалган «балакетиӊди (фэлакет «кырсык») алайын», «садагаӊ (сэдэкэ «кайыр») болоюн//кетейин», «секетиӊ (зэкат «кайыр, садага») кетейин//болоюн» деген сөз айкаштарына да өткөн.
Бирөөгө жалынганда, эркелеткенде же кандайдыр бир өтүнүч, суроо менен кайрылганда айтылат. Айланайын калың журт, Алдыңа салып сүрөгүн (Токтогул). Акылыңдан айланайын, туура айтасың (Каимов). И, айланайын, сен чоор тартасыңбы? (Жантөшев),