то, что или тот, кто является удерживающей причиной; то, что или тот, кто привязывает к себе, то, с чем или тот, с кем не расстанешься.
зат. Бөлүнүп же таштап кете албагандык, имерчиктей туруп алуучулук, кандайдыр бир байланган себеп. Айланчыгы бар.
Бөлүнүп же таштап кете албагандык, имерчиктеп туруп алгандык, кандайдыр бир байланып, имерчиктеп калма себеп. Эмнеге эле бул үйдөн чыкпай калды десе, бизге белгисиз айланчыгың бар турбайбы («Ала-Тоо»).
этиш. Имерчиктеп алыс кетпөө, бөлүнүп же таштап кете албоо. Кычан атайылап келгенин билгизүү максатында айланчыктап токтоду (Бейшеналиев).
1. задержаться, замешкаться (занявшись чем-л.);
азыраак айланчыктай кал- немного замешкаться, задержаться;
айланчыктап бул сууга, карап туруп жалдырап фольк. задержавшись у этой реки, он смотрел с умилением;
2. ходить вокруг;
айланчыктап басып турду он ходил вокруг;
айланчыктап арбактар азиз кылып кеткен дейт фольк. духи, вращаясь вокруг него, сделали его слепым;
3. быть притягательной силой, привязывать к себе;
аралжы кирер күчүм жок, айланчыктар кишим жок фольк. у меня нет силы, которая бы меня защитила, у меня нет ничего, что бы меня удерживало (здесь).
Таштап же бөлүнүп кете албай имерчиктөө, кылчактоо, жанынан чыга албай тегеренүү. Актан алты асый карагерди көрүп, айланчыктай берди (Бейшеналиев). Тигилерге айланчыктап, убакыттын көбүн өткөрдүм (Ашуубаев).
айланчыкта этишинин аркылуу мамилеси.
айланчыта этишинин аркылуу мамилеси. Сени айланчыктаткан себеп ушул экен да! («Чалкан»).
айланчыкта этишинин кыймыл атоочу.
айланчыта этишинин кыймыл атоочу. Жакшы көргөнүңдү, жанынан чыга албай, кечке эле ушинтип айланчыктоо менен түшүндүрмөй болдуң го («Ала-Тоо»).