Киргизско-русский словарь Юдахина
1. водоворот;
алды жагым айлампа - Ак-Күргүн дарыя суу болду фольк. подо мной водоворот - воды реки Ак-Кургун;
2. головокружительный;
үстү жагым көз жеткиз айлампа мунар зоо болду фольк. надо мной глазом непостижимая, головокружительная скала во мгле;
3. тяньш. то же, что топсо.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Суунун имерилип агып турган терең жери. [Асканын].. алды жагы мелтиреген көк айлампа ирим (Мидин). [Жеңиш] удургуп, төө өркөчтөнүп агып жаткан суунун айлампасына кайырмагын ыргытты («Жаш ленинчи»).
2. сүйл. Тегеретип ат чабылуучу жай, ипподром. Алты жолу мен көрдүм, Айлампага чапканын (Осмонкул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Суунун имерилип агып турган терең жери, ирим. Жеңиш удургуп, төө өркөчтөнүп агып жаткан суунун айлампасына кайырмагын ыргытты («Жаш ленинчи»). Асканын алды жагы мелтиреген көк айлампа ирим (Мидин). 2. Аттарды (күлүктөрдү) тегеретип чаба турган жай, ипподром. Бир колхоздун карачы, Беш күлүктү бакканын, Алты жолу мен көрдүм Айлампага чапканын (Осмонкул). 3. диал. Эшиктин туруму. 4. аңч. Капкандын тетиктерин анын чынжыры менен бириктирип, түшкөн аңды чалындырбай тегеренип туруучу капкандын тетиги.

Киргизско-русский словарь Юдахина
то, что имеет вокруг себя проход, проезд;
айлампалуу сеңирден кызга жакын Күлчоро чыга калды бир жерден фольк. (завидев на другом берегу дгвушек) вдруг объездом из-за выступа появился девичий угодник Кюльчоро.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Айлампасы бар, иримдүү. Чоң Илени кыдырып, Айлампалуу урчуктан Кечип чыккан кези экен («Манас»). 2. Айланып өтмө, айланып өтө турган. Айлампалуу сеңирден, Кызга жакын Күлчоро, Чыга калды бир жерден («Семетей»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир жагына айлана берме кылып коюучу мал оорусу. 2. өтм. Келесоо, башы айланган, эмне кыларын билбеген, бирөөнүн айтканын ээрчий берген. Айлампаш болуп калган немедей бир айтканын кайра айта берчү болуптур («Чалкан»).