Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир максатка жетүүнүн, талабын ордунан чыгаруунун же бир нерсеге себеп, шарт табуунун амалы, аракети. Айла тапкыч акылман берен Бакай карыга айт («Манас»). Карайлап баш көтөрүп, жан талашып, Качууга айла кылды тыбырчылап (Осмонкул). Айла менен Алмамбет Тилегине жетти эми («Манас»). Айла – алтоо, акыл – жетөө (макал).