Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эч амалын таба албоо, аргасы түгөнүү, кыйын абалда калуу, эмне кыларын билбей абдан кыжалат болуу. Жетип айдоого жол жок, айлалары кетиптир (Убукеев). Ырас, балам Искендер, журттан айла кетти (Турусбеков). Капа болуп турганда бирөө менен сырдашкым келди, айлам кетти (Бердикеев). В.: Айласы куруу. Буга да бардыгы бир ооз, Шералинин айласы куруп кетти (Касымбеков). Эми ыраса айлам куруду (Касымбеков). Айласы түгөнүү. Эмне кылуу керек? Айлам түгөнө баштады (Каимов). Айла түгөнсө, ошолорду... көтөрүп баргыла (Бейшеналиев).