Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Белгилүү бир чекиттин айланасында тегеренип жүрүү, тегеренип өтүү. Жер күндүн тегерегинде айланат. Советтик корабль-спутниктер Жер шарын айланып учуу боюнча дүйнө жүзүнө биринчи жолу белгилүү болду. Балатыны айланып, Оромпой тээп ойнойлу (Үмөталиев). 2. Асман мейкиндигинде тегеренип учуу (куштарга, самолётко ж.б. карата). Асман менен айланган Канаттуулар бир сонун (Бөкөнбаев). Абада куштай айланган Учкуч болуп алсакпы? (Барпы). Самолёт айланып, жерге жакындай берет (Сыдыкбеков). 3. Бир нерсенин далдаасына, арка жагына карай имерилүү, имерилип өтүү. Карабек колун булгады да, тумшукту айланып кетти (Сыдыкбеков). Ургандай өзүн ташка жыйнап күчтү, Айланып далдаа жакка кире түштү (Үмөталиев). 4. Өз огунда тегеренген абал. Айланат көзгө илинбей станоктор (Бөкөнбаев). Күркүрөп мотор айланды Тетигин Сырга басканда (Бөкөнбаев). 5. Курчоо, тегеректеп алуу. Алтын ооз шаарымды Алты айланып алыптыр («Курманбек»). 6. Кайрылуу, кайрылып келүү. Аман келсем айланып Алармын сенден өчүмдү (Токтогул). Ат айланып казыгын табат (макал). 7. Башка түргө өтүү, башка көрүнүшкө, сапатка, абалга өтүп өзгөрүү. Кыштак чакан шаарга айланган (Сасыкбаев). От дуулдап күйүп, мештин боору жалынга айланып бараткансыйт (Байтемиров). 8. Белгилүү бир өлчөмгө, деңгээлге жетүү. Торпоктордун ар биринин орточо салмагы 162 килограммдан айланды. Ар бир гектардан алынган түшүм 3–4 тоннадан айланат. 9. өт. Толуу, өзгөрүү. Белгилүү бир убакыттын өткөн же толгон абалы. Мезгил бир тоголок жылга айланды (Акматов). Жыл айланды. Ай айланбай кайра келип калды. 10. Жакшы көргөндүктү, сүйгөндүктү билдирүү же жалынып-жалбаруу (эркелетүү маанисинде). Алдейлеп өстүргөн Айланамын кыргыздан (Бөкөнбаев). Айланайын берекем, энеңдин тилин алып, айтканын угуп жүр! («Ала-Тоо»). 11. Бирөөнүн же бир нерсенин жарабастыгын, начардыгын, кемдигин көрсөтүп, аны башкага салыштырып караганда «садага кетсин!» «куруп калсын!» деген мааниде колдонулат. Терменин башы арактан Айланып кетсин тамактан (Шүкүрбеков). Сен баладан айлан! («Ала-Тоо»).