зат. Амал; арга, ык, мүмкүнчүлүк. Айла менен Алмамбет Тилегине жетти эми («Манас»). Сөз айласын билбеген сөздү өзүнө келтирет (макал). Айла болсо, сенин үстүңө чаң жугузгум келбейт (Байтемиров).
♦ Айлада жок жаман — эң жаман, эң начар. Айласы түгөнүү, айласы куруу же айласы кетүү — аргасы кетүү, эмне кыларын билбей калуу, кыйын абалда калуу, шаштысы кетүү. Эң айла болбогондо — арга болбой калганда, амал түгөнгөндө; эң эле болбой калганда, башка эч мүмкүнчүлүк болбосо.