Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кандайдыр бир кылмыштуу ишке бирге катышып же аны көрүп-билип, кийин аны айтып берип, айыбын ачып, күнөөнү мойнуна коюп берген кишини айгак дейт. Бул сөз ай+гак деген эки морфемадан турат. Анын ай уңгусу байыркы түрк тилинде азыркы айт сөзүнүн маанисин берген (ДТС, 25). Ошол сөзгө атооч жасоочу -гак мүчөсү уланып, айгак сөзү жаралган. Мындай -гак мүчөсү кускак, туткак сыяктуу учурларда көнүмүшкө айланган сапатты билдирет. Ошону менен бирге баткак, сайгак, таңгак, сойгок деген сыяктуу сөздөрдө этиштен зат атооч сөздөрдү жасайт.