Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Убадасында турбоо, айтканынан кайтуу; көздөгөн максатынан, оюнан баш тартуу. Мурун айтып алып, эми кайра айныйсыз (Бейшеналиев).
2. Мурдагыдай болбой калуу, эс-акылы төмөндөө, начарлоо. Али айныбайт, ордунда Акеңдин эс-акылы («Саринжи — Бөкөй»).
Жүрөгү айнуу же көңүлү айнуу — окшугусу, кускусу келүү; өзүн начар сезүү; иренжүү. Көз айныган — көз тайгылган, көз жетпеген. Көз айныган мунарык, Чөлгө түштү эр Төштүк («Эр Төштүк»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. отказаться от слова; раздумать, идти на попятный;
айнып калба не отказывайся от данного слова;
2. изменяться, изменять своё отношение;
сен, аруу кулунум, айнып кетер бекенсиң? фольк. мой чистый жеребёночек (мой милый), не изменишься ли ты?
айныбай неуклонно;
чыныгы кызмат акы айныбай өсүп жатат реальная заработная плата неуклонно растёт;
айныбастан решительно, смело; не раздумывая;
найза бою аң келсе, айныбастан чуркаган фольк. когда попадался ров (шириною) в длину копья, (конь) перескакивал смело;
көөнүм айныды или жүрөгүм айныды меня тошнит;
көөнүм айнып, жаным жер тартып турат я себя плохо чувствую, и мне хочется лечь (я могу упасть).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Убададан тануу, айткан сөздөн кайтуу, баш тартуу, баштаганын аягына чыгарбай, айникейи кармаган абал. Антым ак, убадам бир, күтөм... күтөм... Айныбайм, үмүт үзбөйм, чыдайм күтөм (Осмонов). Айдай эмне үчүн качат, убадасынан айныдыбы? (Байтемиров). Үйгө барбай, айнып калдык (Абдукаримов). 2. Мурдагысындай болбой, эс-акыл, ден соолук, жөндөмдүүлүк ж.б. жагынан начарлай түшкөн абал. Айныгандыр кадимки Абышканын чечени (Тоголок Молдо). Айныпсың, балам, акылдан! («Семетей»). Табы айнып турат дегидей эчтемеси жок, сопсоо эле жүргөнсүйт («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсени ниеттенгенде же бирөөгө убада кылганда, кайтадан жанып, аларды орундабай коюу. 2. Карылыгы жеткен адамдын мурунку эс-акылынан жанып, дайны жок сүйлөп калуусу. Айнып калган экен кайран киши! Айныр убагы боло элек эле, буга уулу кылып кетти (Өмүрбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от айны-
отговаривать;
мен Нарынга барайын десем, ал мени айнытып койду хотел я поехать в Нарын, (но) он меня отговорил;
мен иштеймин сен айнытпа я буду работать, ты не отвлекай.