айны
Толковый словарь кыргызского языка (1969)этиш. 1. Убадасында турбоо, айтканынан кайтуу; көздөгөн максатынан, оюнан баш тартуу. Мурун айтып алып, эми кайра айныйсыз (Бейшеналиев).
2. Мурдагыдай болбой калуу, эс-акылы төмөндөө, начарлоо. Али айныбайт, ордунда Акеңдин эс-акылы («Саринжи — Бөкөй»).
♦ Жүрөгү айнуу же көңүлү айнуу — окшугусу, кускусу келүү; өзүн начар сезүү; иренжүү. Көз айныган — көз тайгылган, көз жетпеген. Көз айныган мунарык, Чөлгө түштү эр Төштүк («Эр Төштүк»).