АЙНЫ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Убададан тануу, айткан сөздөн кайтуу, баш тартуу, баштаганын аягына чыгарбай, айникейи кармаган абал. Антым ак, убадам бир, күтөм... күтөм... Айныбайм, үмүт үзбөйм, чыдайм күтөм (Осмонов). Айдай эмне үчүн качат, убадасынан айныдыбы? (Байтемиров). Үйгө барбай, айнып калдык (Абдукаримов). 2. Мурдагысындай болбой, эс-акыл, ден соолук, жөндөмдүүлүк ж.б. жагынан начарлай түшкөн абал. Айныгандыр кадимки Абышканын чечени (Тоголок Молдо). Айныпсың, балам, акылдан! («Семетей»). Табы айнып турат дегидей эчтемеси жок, сопсоо эле жүргөнсүйт («Ала-Тоо»).