сын. Мөлтүрөгөн, сулуу. Азамат эрге табылса, Айнектей сулуу жар кызык (Токтогул).
1. Айнекке окшогон, айнек сыяктуу. Айнектей муз. 2. Мөлтүрөгөн, жакшынакай, күзгүдөй. Айнектей сулуу жар болсо Өмүрлүккө сүйгөнүм (Токтогул). Аткан таңдай кашкайып, Айнектей бетиң тастайып (Тоголок Молдо). Чексиз асман көк айнектей мелтиреп, Окшошконсуйт биздин жашыл жер менен (Токомбаев). Кичирээк бөлмөдө ак халат кийген орто бойлуу жигит айнектей тунук нерсени текшерип жатты («Советтик Кыргызстан») .