АЙЛЫК
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Аткарылган иши үчүн ай сайын алып туруучу эмгек акы. Сиз айлык аласыз, мен окуп жатам (Таштемиров). Айлыгынан тышкары, Жаңы кийим көп берди (Осмонкул). Сурабаңыз, артып калат айлыгым (Токомбаев). 2. Ай бою аткарыла турган, аткарылууга тийиш болгон. Күндүк, айлык нормаларын, Беш мертебе ашырган (Бөкөнбаев). Айдай жүзү абийир тапкан абам бар, Айлык иши жылдык ишке барабар (Нуркамал). 3. Бир же бир нече айды ичине алган мөөнөткө туура келген, ошондой мөөнөткө ылайыкталган мезгил өлчөмү. Бир айлык отпуск. Кыргыз китептеринин айлыгы. Достуктун айлыгы. Аялды жаңы алдым эле, үч айлык боюнда калды (Жакыпбеков).