Киргизско-русский словарь Юдахина
айран I
ар.
удивлённый, изумлённый; растерявшийся;
айранга кал- или айран кал- изумиться; растеряться;
айран калды или айран-таң калды или айран-азыр калды он растерялся, он опешил.
айран II
1. айран (кислое молоко, слегка разбавленное водой);
аш айран айран с крупой (ячменной или пшённой);
жалама айран небольшое количество айрана (чтобы только лизнуть);
айран ичкен кутулуптур, челек жалаган тутулуптур погов. кто айран пил, тот спасся, а кто ведёрко лизал, тот попался (т.е. что ворам с рук сходит, за то воришек бьют);
2. южн. пахта, пахтанье, сколотина;
ат айраны кумыс;
ачыткан айран то же, что жуурат I;
абийири айрандай төгүлдү он вконец опозорен, он обесчещен.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Сүттөн уютулган ачкыл тамак. Айран ичкен кутулуптур, челек жалаган тутулуптур (макал).
Аш айран — талкандын акшагы, таруу сыяктуу дан кошулуп уютулган айран. Бир көнөчөк аш айран жеткирип бербесең, каным катып кетет го? (Сыдыкбеков).
АЙРАН II: айран калуу, айран болуу, айран-таң болуу — таң калуу, аң-таң болуу. Калың эл үч баатырга айран калды (Аалы). Алима эже аябай коркуп, нес болгон немедей айран-таң калды (Абдукаримов).

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
«Азыркы кыргыз тилинде бышырылып уютулган сүт тамак айран делет. Каймагы алынбаган сүттөн уютулганын жуурат айран дейт. Кой жана эчкинин сүтүнөн уютулган айран да жуурат деп аталат. Ал эми каймагы алынбай уютулган жуураттан же жуурат айрандан май бышып алгандан кийин калган суюктукту бышма же койлосун дейт. Байыркы кезде айран сөзү мына ушул бышма же койлосун деген мааниде болгон. Аны айран деген аты айтып турат. Анткени бул сөз айыр+ан деген бөлүктөрдөн турат (Севортян 1974, 111). Айыр деген этишке зат атооч жасоочу –ан мүчөсү жалганып, айран сөзү келип чыккан. Ал «майы бөлүнүп (ажыратылып) алынган суюктук» дегенге жакын маани берген. Кийин бышылбаган болсо деле айран делип аталып кеткен» (Сейдакматов 1988 :16).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы кыргыз тилинде бышырылып уютулган сүт тамак айран делет. Каймагы алынбаган сүттөн уютулганын жуурат айран дейт. Кой жана эчкинин сүтүнөн уютулган айран да жуурат аталат. Ал эми каймагы алынбай уютулган жуураттан же жуурат айрандан май бышып алгандан кийин калган суюктукту бышма же койлосун дейт. Байыркы кезде айран сөзү мына ушул «бышма» же «койлосун» деген мааниде болгон. Аны айран деген аты айтып турат. Анткени бул сөз айыр+ан деген бөлүктөрдөн турат (Севортян, 1874, 111). Айыр деген этишке зат атооч жасоочу -ан мүчөсү жалганып, айран сөзү келип чыккан. Ал «майы бөлүнүп (ажыратылып) алынган суюктук» дегенге жакын маани берген. Кийин бышылбаган болсо деле айран делип аталып кеткен.

Киргизско-русский словарь Юдахина
то, что предназначено для айрана;
бир азыраак айрандык кой
1) небольшое количество дойных овец; количество овец, от которых можно получить немного айрана;
2) закваска (небольшое количество кислого молока для заквашивания айрана).