айран I
ар.
удивлённый, изумлённый; растерявшийся;
айранга кал- или айран кал- изумиться; растеряться;
айран калды или айран-таң калды или айран-азыр калды он растерялся, он опешил.
айран II
1. айран (кислое молоко, слегка разбавленное водой);
аш айран айран с крупой (ячменной или пшённой);
жалама айран небольшое количество айрана (чтобы только лизнуть);
айран ичкен кутулуптур, челек жалаган тутулуптур погов. кто айран пил, тот спасся, а кто ведёрко лизал, тот попался (т.е. что ворам с рук сходит, за то воришек бьют);
2. южн. пахта, пахтанье, сколотина;
ат айраны кумыс;
ачыткан айран то же, что жуурат I;
абийири айрандай төгүлдү он вконец опозорен, он обесчещен.
I зат. Сүттөн уютулган ачкыл тамак. Айран ичкен кутулуптур, челек жалаган тутулуптур (макал).
♦ Аш айран — талкандын акшагы, таруу сыяктуу дан кошулуп уютулган айран. Бир көнөчөк аш айран жеткирип бербесең, каным катып кетет го? (Сыдыкбеков).
АЙРАН II: айран калуу, айран болуу, айран-таң болуу — таң калуу, аң-таң болуу. Калың эл үч баатырга айран калды (Аалы). Алима эже аябай коркуп, нес болгон немедей айран-таң калды (Абдукаримов).
1. hayran, çok beğenilen, hayranlık duyan;
2. yoğurt.
айран (таң калуу)
айран-азыр
айран-таң
айран болуу
айран калуу
«Азыркы кыргыз тилинде бышырылып уютулган сүт тамак айран делет. Каймагы алынбаган сүттөн уютулганын жуурат айран дейт. Кой жана эчкинин сүтүнөн уютулган айран да жуурат деп аталат. Ал эми каймагы алынбай уютулган жуураттан же жуурат айрандан май бышып алгандан кийин калган суюктукту бышма же койлосун дейт.
Байыркы кезде айран сөзү мына ушул бышма же койлосун деген мааниде болгон. Аны айран деген аты айтып турат. Анткени бул сөз айыр+ан деген бөлүктөрдөн турат (Севортян 1974, 111). Айыр деген этишке зат атооч жасоочу –ан мүчөсү жалганып, айран сөзү келип чыккан. Ал «майы бөлүнүп (ажыратылып) алынган суюктук» дегенге жакын маани берген. Кийин бышылбаган болсо деле айран делип аталып кеткен» (Сейдакматов 1988 :16).
Азыркы кыргыз тилинде бышырылып уютулган сүт тамак айран делет. Каймагы алынбаган сүттөн уютулганын жуурат айран дейт. Кой жана эчкинин сүтүнөн уютулган айран да жуурат аталат. Ал эми каймагы алынбай уютулган жуураттан же жуурат айрандан май бышып алгандан кийин калган суюктукту бышма же койлосун дейт.
Байыркы кезде айран сөзү мына ушул «бышма» же «койлосун» деген мааниде болгон. Аны айран деген аты айтып турат. Анткени бул сөз айыр+ан деген бөлүктөрдөн турат (Севортян, 1874, 111). Айыр деген этишке зат атооч жасоочу -ан мүчөсү жалганып, айран сөзү келип чыккан. Ал «майы бөлүнүп (ажыратылып) алынган суюктук» дегенге жакын маани берген. Кийин бышылбаган болсо деле айран делип аталып кеткен.
Сүттөн уютулган ачкыл тамак. Көөрчөккө үйрөнгөн койчулар айран ичмек беле (Токомбаев). Айран сурап келсең, аягыңды жашырба (макал).
Таң калгандык, аң-таң болгон абал. Калың эл үч баатырга айран калды (Токомбаев). Айткан кеби орунсуз Адам айран ишине (Тоголок Молдо). Айран азыр калганы («Манас» С. О.).
Аң-таң, айран-таң. Адам эмес, дөө го деп, айран-азыр калышты («Манас»). Бул сөздү угуп Табылды Айран-азыр калды эми («Эр Табылды»).
: айранда болуу — айран-таң болуу, аң-таң болуу.
приходить в упадок; разрушаться;
чарбасы айрандады его хозяйство пришло в упадок.
ойрондо менен бирдей. Иши айрандап, амалы куруду.
то, что предназначено для айрана;
бир азыраак айрандык кой
1) небольшое количество дойных овец; количество овец, от которых можно получить немного айрана;
2) закваска (небольшое количество кислого молока для заквашивания айрана).
Айран, уютууга арналган, айран болууга жарарлык. Айрандык сүт. Айрандык саан.
Эч нерсени билбей, эч нерсеге түшүнбөй таң калгандык. Акылын баштан качырып, Айран-таң калды ал кезде Жийденин оозу ачылып (Мамеев).