Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Сүттөн уютулган ачкыл тамак. Айран ичкен кутулуптур, челек жалаган тутулуптур (макал).
Аш айран — талкандын акшагы, таруу сыяктуу дан кошулуп уютулган айран. Бир көнөчөк аш айран жеткирип бербесең, каным катып кетет го? (Сыдыкбеков).
АЙРАН II: айран калуу, айран болуу, айран-таң болуу — таң калуу, аң-таң болуу. Калың эл үч баатырга айран калды (Аалы). Алима эже аябай коркуп, нес болгон немедей айран-таң калды (Абдукаримов).