Айран
Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды«Азыркы кыргыз тилинде бышырылып уютулган сүт тамак айран делет. Каймагы алынбаган сүттөн уютулганын жуурат айран дейт. Кой жана эчкинин сүтүнөн уютулган айран да жуурат деп аталат. Ал эми каймагы алынбай уютулган жуураттан же жуурат айрандан май бышып алгандан кийин калган суюктукту бышма же койлосун дейт.
Байыркы кезде айран сөзү мына ушул бышма же койлосун деген мааниде болгон. Аны айран деген аты айтып турат. Анткени бул сөз айыр+ан деген бөлүктөрдөн турат (Севортян 1974, 111). Айыр деген этишке зат атооч жасоочу –ан мүчөсү жалганып, айран сөзү келип чыккан. Ал «майы бөлүнүп (ажыратылып) алынган суюктук» дегенге жакын маани берген. Кийин бышылбаган болсо деле айран делип аталып кеткен» (Сейдакматов 1988 :16).