Киргизско-русский словарь Юдахина
айтыш I
и. д. от айт- III
1. сказывание;
газетанын айтышына караганда по сообщениям газеты;
айтышыңарга түшүнө албайм я не могу понять, что вы говорите;
2. пререкания, препирательства;
кээде тамаша какшык-кекээрге айланып, айтыш-тартыш башталат иногда шутки переходят в издёвку и попрёки, и начинается ссора;
3. поэтическое состязание акынов в импровизации или народных мудрецов (см. чечен I) в словопрении;
айтыштан чыккан чечен көп, адырынан тегиз көп фольк. (там) много мудрецов, победивших в словопрениях, (там) равнин больше, чем холмов.
айтыш- II
взаимн. от айт- III
1. совместно, вместе говорить;
ал катта эне-ата элдеги кыштактардын өзгөргөнүн айтышыптыр в том письме родители рассказывали об изменении кишлаков;
2. препираться, пререкаться; ссориться, спорить;
3. состязаться в импровизации (об акынах), вступать в словопрения (о народных мудрецах; см. абтыш I 3).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат.1. Пикир талашып белгилүү бир теманын айланасында болуучу, сөз жүзүндөгү талаш-тартыш; диспут; дискуссия.
2. Ырчылардын бири-бири менен ырдашып сөз жарыштырышы, көпчүлүк алдында алым сабак айтып, бирин-бири сынап ырдашкан ыры; сөз жарышы. Айтыш жарты сааттай созулду (Элебаев).
АЙТЫШ II этиш. 1. Бири-бирине ой-пикирин билдирүү; өз ара бири-бирине сүйлөп берүү. Айтышып өткөн-кеткен иштин жайын (Токобаев).
2. Сөз кайтарышуу, каяша сөз айтуу, биринин пикирине толук макул болбогон сыяктуу өз пикирин, өз жообун айтуу; кер-мур сүйлөшүп калуу. Анчалык сөздү узартпай, Айтышпай, Бермет, кел мында! («Саринжи — Бөкөй»). Жигит да кабагын түйүп, албууттанып айтыша кетти (Сасыкбаев). Айтышып калган жериңден, Акылың болсо качпагын (Токтогул).
3. Ырчылар бири-бири менен алым сабак иретинде ырдашуу, сөз жарыштыруу. Жыйырма беш жылдык чоң тойдо Айтыштык эле акындар (Осмонкул).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АЙТЫШ — кыргыз элдик оозеки чыгармачылыктагы жанр. А. ырчылар, чечендер, айтуучулар (манасчылар, семетейчилер) арасында чыгармачылык кудуретин, чеберчилигин сыноо үчүн жүргүзүлгөн. Манасчылардын А-ы чоң төкмөлүк өнөрдү талап кылат жана өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ. Мелдештин шарты боюнча «Манас» айтууну бирөө баштап, ал токтогон жерден экинчиси, үчүнчүсү улап кеткен. Кээде белгилүү бир окуяны же үзүндүнү кимиси ары кызык, ары узак жана көркөм аткарганына карап баалашкан. Сөз кудуретин жогору баалаган угуучулардын сынынан айтуучунун аткаруучулук манерасы да куру калбаган. Изилдөөчүлөр А. боюнча элге атагы кеңири тараган манасчылар катары Балык, Найманбай, Назардын ысымдарын аташат. 1917-ж. кыш маалында Какшаалда (азыр КЭРде) жүргөн Сагымбай менен какшаалдык манасчы Жусубакунду «Манас» айттырышат. Сагымбай жети кан колу менен келип, Манастын колу Бээжинге аттангандагы эпизоддон баштап, күнү-түнү тынбай айтат. Анан Сагымбайды токтотуп, Жусубакунга ошол жерден ары айттырышат. Ал да күнү-түнү тынбай улантат. Андан кийин экөөнү айткандарын алмаштырып, кайрадан айттырышып сындашат. Эки манасчыга төрт күнү-түнү «Манас» айттырышып, экөөнө тең жакшы баа беришип, ат тартып, тон кийгизишет (Макелек Өмүрбай, «Жусуп Мамай». «“Кыргызстан Маданияты”», 1988, № 41). Кезегинде Назар манасчы менен А-ынан кийин Тыныбектин даңкы чыга баштаган.
С. Төлөгөнова

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Белгилүү бир маселе боюнча түрдүүчө ойлорун ортого салып, бири-бирине карата айтылган талаш-тартыш; диспут; дискуссия. Бул маселе боюнча далай айтыш-тартыштар болгон. 2. Төкмө ырчылардын бири-бири менен алым сабак айтып, көпчүлүк алдында сынашып ырдагандары; сөз жарышы. Айтыш жарты сааттай созулду (Элебаев). Барпы айтышка түшө баштаган маалда бул өнөрдүн классикалык улуу доору өкүм сүрүп турганы баарыга маалым (Даутов). 3. Сөз кайтарып кагыша түшүү; каяша кылып, өйдө-төмөн дешүү, урушуп калуу. Жигит да кабагын түйүп, албууттанып айтыша кетти (Сасыкбаев). Савельев курбусу менен абдан айтышып, сөз талашып калган (Сасыкбаев). Калбүбү бригадир менен айтыша кетти («Чалкан»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от айтыш- II
1. натравливать друг на друга, вызывать ссору, сеять вражду;
экөөн айтыштырып койдуң ты их двоих стравил, посеял между ними вражду;
2. заставить состязаться в пении;
ырчы айтыштыр- заставить певцов состязаться в пении.

Киргизско-русский словарь Юдахина
и. д. от айтыш- II
1. рассказывание друг другу или состязание в рассказывании;
жомок айтышууга киришишти они принялись (то один, то другой) рассказывать сказки;
2. препирательство, ссора;
катуу айтышуу крупный разговор;
3. состязание акынов в импровизации (см. айтыш I 3);
кайым айтышуу см. кайым III.