АЙТЫШ I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Белгилүү бир маселе боюнча түрдүүчө ойлорун ортого салып, бири-бирине карата айтылган талаш-тартыш; диспут; дискуссия. Бул маселе боюнча далай айтыш-тартыштар болгон. 2. Төкмө ырчылардын бири-бири менен алым сабак айтып, көпчүлүк алдында сынашып ырдагандары; сөз жарышы. Айтыш жарты сааттай созулду (Элебаев). Барпы айтышка түшө баштаган маалда бул өнөрдүн классикалык улуу доору өкүм сүрүп турганы баарыга маалым (Даутов). 3. Сөз кайтарып кагыша түшүү; каяша кылып, өйдө-төмөн дешүү, урушуп калуу. Жигит да кабагын түйүп, албууттанып айтыша кетти (Сасыкбаев). Савельев курбусу менен абдан айтышып, сөз талашып калган (Сасыкбаев). Калбүбү бригадир менен айтыша кетти («Чалкан»).