Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат.1. Пикир талашып белгилүү бир теманын айланасында болуучу, сөз жүзүндөгү талаш-тартыш; диспут; дискуссия.
2. Ырчылардын бири-бири менен ырдашып сөз жарыштырышы, көпчүлүк алдында алым сабак айтып, бирин-бири сынап ырдашкан ыры; сөз жарышы. Айтыш жарты сааттай созулду (Элебаев).
АЙТЫШ II этиш. 1. Бири-бирине ой-пикирин билдирүү; өз ара бири-бирине сүйлөп берүү. Айтышып өткөн-кеткен иштин жайын (Токобаев).
2. Сөз кайтарышуу, каяша сөз айтуу, биринин пикирине толук макул болбогон сыяктуу өз пикирин, өз жообун айтуу; кер-мур сүйлөшүп калуу. Анчалык сөздү узартпай, Айтышпай, Бермет, кел мында! («Саринжи — Бөкөй»). Жигит да кабагын түйүп, албууттанып айтыша кетти (Сасыкбаев). Айтышып калган жериңден, Акылың болсо качпагын (Токтогул).
3. Ырчылар бири-бири менен алым сабак иретинде ырдашуу, сөз жарыштыруу. Жыйырма беш жылдык чоң тойдо Айтыштык эле акындар (Осмонкул).