АЙТА-БУЙТА ДЕГИЧЕ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Бир заматта, көз ачып жумганча, дароо, өтө тез, арыдан бери. Айта-буйта дегиче, Эр бакайдын жанына Чаап чыгып барышты («Манас»). Айта-буйта дегиче, Ачып көздү жумганча, Алып жетип барайын («Эр Төштүк»). Айта-буйта дегиче, Антаңдап шашып Карачач, Айчүрөккө барды эле («Сейтек»).