этиш. Шылдыңдоо, кордоо; шылдыңдоо максатында «айрөк, айрөк» деп кыйкыруу. Ыйлабагын, Малабек, Жолдошторуң айрөктөйт Сени ыйлаак бала деп («Кыргызстан пионери»).
1. то же, что эликте- (но с выкриками);
2. перен. позволять себе вольности в отношении кого-л.; издеваться;
арданбай, байкуш, угуп тур айрөктөп аалам күлгөнүн стих. послушай, несчастный, как издевается над тобой мир.
«Айрөк, айрөк» деп шылдыңдоо, кордоо, мыскылдоо, ардантуу. – Сен сууну бөгөп жата тур! – деп күрөккө таянып Желкикараны айрөктөп турдум (Сыдыкбеков). Арданбай байкуш угуп тур Айрөктөп аалам күлгөнүн (Бөкөнбаев).
айрөктө этишинин кыймыл атоочу.
айрөктө этишинин кыймыл атоочу. Бирөөнү айрөктөөнү сага ким койду экен, сен эле мыкты болуп кетипсиңби? («Ала-Тоо»).
айрөктө этишинин аркылуу мамилеси.