Киргизско-русский словарь Юдахина
доносчик (иногда под этим понимается и наводчик-провокатор: наведёт, а потом сам же донесёт);
уурунун бир бети кара, айгактын эки бети кара погов. у вора одна щека черна, а у доносчика (двурушника) обе;
жаман айгак жанынан тартат погов. плохой доносчик из своего кармана расплачивается;
айгакка алты таяк погов. доносчику шесть палок;
айгактын түбү ууру погов. в доносчике кроется вор;
ууру коркот айгактан погов. вор боится доносчика;
таш айгак южн. молотильный камень.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кандайдыр бир кылмыштуу ишке бирге катышып же аны көрүп-билип, кийин аны айтып берип, айыбын ачып, күнөөнү мойнуна коюп берген кишини айгак дейт. Бул сөз ай+гак деген эки морфемадан турат. Анын ай уңгусу байыркы түрк тилинде азыркы айт сөзүнүн маанисин берген (ДТС, 25). Ошол сөзгө атооч жасоочу -гак мүчөсү уланып, айгак сөзү жаралган. Мындай -гак мүчөсү кускак, туткак сыяктуу учурларда көнүмүшкө айланган сапатты билдирет. Ошону менен бирге баткак, сайгак, таңгак, сойгок деген сыяктуу сөздөрдө этиштен зат атооч сөздөрдү жасайт.