Киргизско-русский словарь Юдахина
~: чапанын айкарасынан жамынып жатты или чапанын айкарадан жамынып жатты он лёг, покрывшись своим чапаном так, что одной полой покрыты его ноги, а другой - голова (как солдат в походе).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кийимдин этегинин бир учу баш жакка, экинчи учу -аяк жакка келгендей кылып салууну же жабууну айкара дейт. Бул сөз айка этишинен жана туюк мамиленин -л мүчөсүнөн куралган. Азыркы кыргыз тилинде айкал этиши «кынала жанашкан абалда болуу» дегенди билдирет (КТТС, 27). Чындыгында ал этиш азыркы айкаш этиши сыяктуу «кайчылаш келүү, бири-бирине карама-каршы келип, анан жанашуу» деген маанини берген. Айкал этишине чакчыл -а мүчөсү жалганган түрү азыркы кыргыз тилинде сейрек айтылат. Бирок ошол алгачкы айкала түрүнөн азыркы айкара деген активдүү колдонулган варианты , келип чыккан. Ал үчүн л тыбышы р тыбышына өткөн: айкала->айкара. Эң алгачкы айкала сөзү «кыйгач, карама-каршы, кайчы» деген мааниде болгон.