АЙКАРА
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаКийимдин этегинин бир учу баш жакка, экинчи учу -аяк жакка келгендей кылып салууну же жабууну айкара дейт. Бул сөз айка этишинен жана туюк мамиленин -л мүчөсүнөн куралган. Азыркы кыргыз тилинде айкал этиши «кынала жанашкан абалда болуу» дегенди билдирет (КТТС, 27). Чындыгында ал этиш азыркы айкаш этиши сыяктуу «кайчылаш келүү, бири-бирине карама-каршы келип, анан жанашуу» деген маанини берген.
Айкал этишине чакчыл -а мүчөсү жалганган түрү азыркы кыргыз тилинде сейрек айтылат. Бирок ошол алгачкы айкала түрүнөн азыркы айкара деген активдүү колдонулган варианты , келип чыккан. Ал үчүн л тыбышы р тыбышына өткөн: айкала->айкара. Эң алгачкы айкала сөзү «кыйгач, карама-каршы, кайчы» деген мааниде болгон.