АЙЫР
Толковый словарь кыргызского языка. 2015(айры) 1. Айрык кылып жыртуу, жыртып алуу (мис., кездемени, кагазды ж.б.) Айырып, жыртып бир канча дептерин да бүлдүрдү (Тоголок Молдо). Тамтыгын койбой айырган, Дамбалы менен чалбарын(Токтогул). 2. Денеге айрык түшүрүү, жаралатуу. Башын айрып, көзүн чыгара чапкысы келген экен да! («Ала-Тоо»). 3. Бирге болтурбай бөлүп салуу, ажыратуу же тытып жок кылуу. Өксүтүп мени боздотуп Өз теңимен айырган (Үсөнбаев). Атадан жалгыз Кайырды Алда ким бизден айырды (Токомбаев). 4. Колдо болгонунан, мал-мүлкүнөн ж.б. ажыратып салуу; мал-мүлк, дүнүйөсүн алып коюу. Жокчулуктун дарты өттү, Жалгыз уйдан айырып Жалдыратып жөнөттү (Калык). Туяктан мени айырып, Көрчү кандай кылышын (Токтогул). 5. Куткаруу, ажыратып аман калтыруу. Аман айырып Айдарды Ажалдан сактап калганы («Манас»). Карган чалдан айырып, Кала көр кыздын сообуна (Осмонкул). 6. Бир нерсенин жөнүн, айырмасын ажырата таануу, айырмалай билүү. Жакшы менен жамандын жөнүн айырып, алды-артына карап жүрүүгө үйрөнүп калган жигит экенсиң («Ала-Тоо»). Ким душман, ким дос – айыра таанып жүр (Сыдыкбеков).