АЙЫП ЭТПЕҢИЗ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Сылыктык, кичи пейилдик иретинде бирөөдон кечирим суроо, өтүнүү маанисинде колдонулат. Айып этпеңиз, Омор аке, азыр сабак учуру (Сыдыкбеков). В.: Айып көрбөңүз. Ак сакал ырдап жатат деп, Айып көрбө келиндер (Токтогул).