АЙКАШ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаБул сөз айка деген уңгудан жана кош мамиленин -ш мүчөсүнөн турат. Сөздүн уңгусу болгон айка этиши азыркы кыргыз тилинде өзүнчө айтылбайт. Андан жаралган айкал жана айкаш деген кийин жасалган формалары гана бар. Болжолу, айка этиши «каршы чыгуу» маанисин берген. Ага кош мамиленин -ш мүчөсү уланган айкаш формасы «бири-бирине каршы чыгып, бетме-бет жакын келүү» деген мааниге ээ болгон. Кийин анын өтмө мааниси жаралып, айкаш этиши жалпы эле «бетме-бет чыгып кармашуу, салгылашуу» дегенди билдирип калган.