Киргизско-русский словарь Юдахина
айкаш I
1. способ связывания лошадей: повод одной к подхвостнику другой;
аттан тушүп алышып, атты айкаш байлашып фольк. с коней сойдя и связав их одного с другим;
2. противник, враг;
айкашка мөрөй бербестен актадың сүтүн эненин стих. врагу ты не поддался, оправдал молоко матери (т.е. выполнил свой долг).
айкаш- II
1. быть сложенным крест-накрест; смыкаться;
2. сочетаться;
уңгу менен мүчө айкашканда при сочетании основы с аффиксом;
3. то же, что айкалыш-II 1;
айкашканың - Акеркеч артына карап жүрөсүң фольк. в обнимку спишь ты с Акеркеч, ради неё ты находишься здесь;
4. то же, что айкалыш- II 2;
көөдөнүнөн аккан кан агып турду көнөктоп, айкашарга алы жок фольк. из тела его кровь текла ручьём (см. көнөктө-), схватиться (с врагом) силы нет у него;
ажалга каршы баскандай, айкаша турган арстандай фольк. (о богатыре) будто выступает против смерти, будто лев, готовый к схватке.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Кез келишкен, беттешкен салгылаш, уруш, согуш; күрөш. Айкашта мөөрөй бербестен, Актадың сүтүн эненин! (Бөкөнбаев).
2. Кайчылашкан абал, кайчы келишкен абал. Аттан түшүп алышып, Атты айкаш байлашып («Манас»).
АЙКАШ II этиш. 1. Кайчылаш келүү, бири-бирине кыналыша жанашуу, кучакташуу, кошулушуу, биригишүү. Мен өзүмдү тааныштырдым, Эки айкашып көрүштүк (Аалы). Зоо жаңырып түркүн үн Бир-бирине айкашты (Жантөшев).
2. Кез келишип беттешүү, беттешип кезигүү, кырчылдашуу. Айкашкан кандуу майданда, Аманын тилейм жаныңдын (Бөкөнбаев). Атышты арбын салалык, Издеген жоом келипсиң, Бир айкашып калалык («Эр Төштүк»).
3. грам. Жалгануу, улануу. Уңгуга мүчө айкашканда.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөз айка деген уңгудан жана кош мамиленин -ш мүчөсүнөн турат. Сөздүн уңгусу болгон айка этиши азыркы кыргыз тилинде өзүнчө айтылбайт. Андан жаралган айкал жана айкаш деген кийин жасалган формалары гана бар. Болжолу, айка этиши «каршы чыгуу» маанисин берген. Ага кош мамиленин -ш мүчөсү уланган айкаш формасы «бири-бирине каршы чыгып, бетме-бет жакын келүү» деген мааниге ээ болгон. Кийин анын өтмө мааниси жаралып, айкаш этиши жалпы эле «бетме-бет чыгып кармашуу, салгылашуу» дегенди билдирип калган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ээр-токумчан аттарды бири-бирине кайчылаштырып байлаштыруу ыгы. Аттан түшүп алышып, Атты айкаш байлашып («Манас»). 2. Эки тараптын бири-бири менен беттешкен кагылышуусу, уруш, салгылаш. Айкашты арбын салалык, Издеген жоом келипсиң, Бир айкашып калалык («Эр Төштүк»). Айкашта мөрөй бербестен, Актадың сүтүн энеңдин (Бөкөнбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
айкалыш менен бирдей. Аттан түшө көрүшүп, Айкашып жатып өбүшүп («Семетей»). Мен өзүмдү тааныштырдым, Эки айкашып көрүштүк (Токомбаев). Анын бардыгы бири-бирине айкашып, турмуштун, эмгектин симфониясын түзгөнсүйт (Байтемиров).