айкаш
Толковый словарь кыргызского языка (1969)I зат. 1. Кез келишкен, беттешкен салгылаш, уруш, согуш; күрөш. Айкашта мөөрөй бербестен, Актадың сүтүн эненин! (Бөкөнбаев).
2. Кайчылашкан абал, кайчы келишкен абал. Аттан түшүп алышып, Атты айкаш байлашып («Манас»).
АЙКАШ II этиш. 1. Кайчылаш келүү, бири-бирине кыналыша жанашуу, кучакташуу, кошулушуу, биригишүү. Мен өзүмдү тааныштырдым, Эки айкашып көрүштүк (Аалы). Зоо жаңырып түркүн үн Бир-бирине айкашты (Жантөшев).
2. Кез келишип беттешүү, беттешип кезигүү, кырчылдашуу. Айкашкан кандуу майданда, Аманын тилейм жаныңдын (Бөкөнбаев). Атышты арбын салалык, Издеген жоом келипсиң, Бир айкашып калалык («Эр Төштүк»).
3. грам. Жалгануу, улануу. Уңгуга мүчө айкашканда.