айдар I уст. 1. волосы, оставляемые на затылке мальчика; 2. чуб, коса (у мужчины); аркасында айдары - тору айгырдын жалындай фольк. сзади у него коса, как грива у гнедого жеребца; айдарын тигип или айдарын салып злобно, зверем (взглянув); маа айдарын тигип турбайбы! да он на меня зверем смотрит!; айдарын тигип, найзасын суна кабыл алышты они встретили злобно, в штыки. айдар II то же, чтоайдарым; айдар кел! айдар кел! повей, ветерок!, повей, ветерок! (призыв ветра на току).
Iзат. Төбөгө коюлган чач. Беш балбанды карасаң, Төбөдө айдар чачы бар («Манас»).
АЙДАРIIзат. Айдарым жел, желаргы. [Чаргын].. жогортон муздак айдар беттерин желпип өтсө, аны да көп сезе бербей туруп кескин сүйлөдү (Сыдыкбеков).
АЙДАР Жаныбек уулу (1888, Алай району, Сабай айылы — 1936, ошол эле жер)— манасчы. А-дын шыгынын ойгонушуна таякеси Чомо түрткү болгон. Замандаштарынын эскерүүсүндө А. Чомо сыяктуу эле «Манас» эпосун 8 муун кылып айткан, бирок, анын айтканы кагаз бетине түшүрүлбөгөн.
«айдар I уст. 1. волосы, оставляемые на затылке мальчика; 2. чуб, коса (у мужчины); аркасында айдары – тору айгырдын жалындай фольк. сзади у него коса, как грива у гнедого жеребца; <> айдарын тигип или айдарын салып злобно, зверем (взглянув); маа айдарын тигип турбайбы! да он на меня зверем смотрит!; айдарын тигип, найзасын суна кабыл алышты они встретили злобно, в штыки» (Юдахин 1965:30).
Эркек кишинин төбөсүнө коюлуп, өрүлгөн узун чачы. Көкүл – айдар чачым бар («Манас» С.О.). Аркасында айдары. («Манас» С.К.). Жеңеси үн дебестен эки айдар кылып өрүп берди. (Абакиров). Коё берген айдары, Далыда жүрөт салпылдап. («Эл адабияты»). Алтын айдар, чок белбоо – Асылдын жалгыз баласы («Эл адабияты»). Алтын айдар, чок бел боо, Арстан тууган Алмамбет («Манас»). Аркасында айдары Тору айгырдын жалындай («Манас»).
< арабизм. hейдар «шер, арстан». Жакыптын уулу жайдарга, Жаш кабылан айдарга, Манаска кабар салыӊар, Чакырып келе калыӊар (Жүсүп Мамай). Жогорудагы «айдарын тигүү» жана «айдарын салуу» деген фразеологизмдер ушул айдар II менен байланыштуу болушу мүмкүн. Мындан тышкары, «Манаста» Алмамбетке гана айтылуучу «алтын айдар» (Алтын айдар, чок белбоо, Азиз кандын жалгызы) калмак тилинен да кездешет. Ошентип, түрк-монгол параллели деп эсептелип жүргөн бул сөздүн теги жогорудагы арабизмге барып такалышы да мүмкүн, анткени буга маанилеш көкүл сөзү да иран тилдеринен алынганы (көкүл < ир. какол) белгилүү.
АЙДАРКАН — каарман, казак каны Көкчөнүн атасы. А-дын башкаруучулук, баатырдык иш-аракети Сагымбай Орозбаковдун вариантында башка варианттарга салыштырганда кенен чагылдырылган. Эпостун алгачкы окуяларында ал жекеме-жеке сайышка түшкөн баатыр гана эмес, кеп-кеңеш берген карылардын катарында да сүрөттөлөт. Манастын төрөлүшүндөгү тойдо кытайдын Күнөс балбаны менен беттешүүсүнүн (Сагымбай Орозбаков, 1. 86, 98) тыянагы белгисиз калган, ал эми Нескара менен болгон урушта Даң-Даңды жеңет. Бирок, андан кийин жекеге чыккан баатыр Күдөңгө каршы баралбай качып берет (Сагымбай Орозбаков, 1. 204). Ал эми карылар кеңешинде ал тайманбас баатыр, кайраттуу акылман абышканын кебин салат:
Кан Жакып баштап карыңар
Кайратты таштап салдыңар
Качууну сүйүп калдыңар...
Туулмак бар, өлмөк бар,
Жакшылык менен жамандык
Туш-тушунда көрмөк бар (Сагымбай Орозбаков, 2. 17—18).
Текес кан менен болгон согушта кол башчы (кан) да болот (Сагымбай Орозбаков, 2. 39). Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Кошойдун Билерик менен Жарманасты бошотуу үчүн Бээжинге жасаган жортуулуна катышып, кайра келаткан жолдо Манас менен Кутубийге жардамга келишип, кытайлар менен согушка да катышканы айтылат (Саякбай Каралаев, 1. 147, 150, 159, 161).
И. Абдувалиев
АЙДАРКУЛОВ Кадыркул (1946, Жаңы-Жол району, Кызыл-Жар айылы) — тарыхчы, «Манас» изилдөөчү. 1969-жылдан КПСС мүчөсү. Кыргыз Мамлекеттик Университетин тарых факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн (1973). 1974-ж-дан Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын тарых институтунда илимий кызматкер. А-дун «Манас» изилдөөдө негизинен «Семетей» бөлүгүнө кайрылып, көптөгөн илимий-популярдуу макалаларды жана «Кылымдар жаңырыгы» (1991) аттуу китебин жазган, к. Кылымдар жаңырыгы.
лёгкий ветерок (чаще утренний и вечерний); айдарым жел жүрүп (или согуп) турат дует лёгкий ветерок; айдарымга чапканда, эки этектен үн чыгат фольк. когда (всадник) скачет в ветерок, полы (его одежды, развеваясь) издают звук (так мчится конь); айдарым какыр талаа безжизненная пустыня.
Жамандык ойлоо, абдан каршыгуу, жамандык кылууга ниеттенүү, артынан түшүү. Айтарын айтып, айдарын тикти (Бейшеналиев). Мага айдарын тигип турбайбы. В.: Кастарын тигүү. Жутаке менен Түнкатар молдонун тукуругу боюнча мага кастарыңды тигип калганыңды билем (Жантөшев).