АЙДАР
Энциклопедия "Манас". ч.1.АЙДАР Жаныбек уулу (1888, Алай району, Сабай айылы — 1936, ошол эле жер)— манасчы. А-дын шыгынын ойгонушуна таякеси Чомо түрткү болгон. Замандаштарынын эскерүүсүндө А. Чомо сыяктуу эле «Манас» эпосун 8 муун кылып айткан, бирок, анын айтканы кагаз бетине түшүрүлбөгөн.