Толковый словарь кыргызского языка (1969)
1. айда этиштеринин аркылуу мамилеси.
2. Токтолбой айта бер, жөнөтө бер деген мааниде шыкак берүү иретинде колдонулуучу сөз. Айдат, Манастан, биз да башты бекер оорутпай жыргай түшөлү (Бейшеналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от айда-
1. заставить гнать;
алтымыш ала жылкыны айдатып берди устага фольк. он заставил пригнать мастеру шестьдесят пегих коней;
кой айдат-
1) заставить гнать овец;
2) ист. вести гуртовую торговлю овцами;
2. (точнее жер айдат- или кош айдат-) заставить пахать;
3. заставить сеять, заставить сажать;
бир нече күн жаан жаап, эгин айдатпай келди несколько дней шёл дождь и не давал производить сев (пахать и сеять).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. айда I этишинин аркылуу мамилеси. Айдата кел бир жолу Тартууга берген малыңды («Курманбек»). Ач көз байды кулакка тартып, Айдатып жатты бир четтен жанчып (Абдыраманов). 2. өт. Такалбай, буйдалбай сүйлөө, ырдоо же бир нерсени машыккандык менен аткара билүү, иштей билүү. Шарипке Иранын орусча, кыргызчасын шакылдап айдатканы укмуштай сезилип турду (Бейшеналиев). Ниязалы сайраткан, Боз жоргодой айдаткан (Үмөталиев). Айдата жаза билген мыкты катчынын колу-колуна тийбейт («Ала-Тоо»). Айдат «Манастан», биз да башты бекер оорутпай жыргай түшөлү (Бейшеналиев).