айры I 1. раздвоенный; развилина; айры сакал 1) раздвоенная борода; 2) человек с раздвоенной бородой; айры жол распутье (дорога, расходящаяся надвое); эки жол айры болсо, иттин башы каңгы болот погов. на распутье собака с толку сбивается; айры баш 1) двуглавый; 2) то же, что айырбаш; башы кара буту айры неме, ага теңелбей эле кой да он такой заурядный (букв. нечто с чёрной головой и раздвоенными ногами), по нему не равняйся; айры калпак см.калпак 1; 2. вилы; темир айры железные вилы; 3. (точнее айры төө или айры өркөч) двугорбый верблюд; айры эмес, нарча төөлөр фольк. не двугорбые, а одногорбые верблюды; карды салык төөсү көп, айры төөдөн нары көп фольк. у него много вислобрюхих верблюдов, одногорбых верблюдов больше, чем двугорбых. айры II то же, чтоаары I. айры- III см.айыр-.
Iзат. Чөп жыйноодо колдонулуучу жыгач сабы бар бир нече ачалуу курал. Темир айры. Жыгач айры. АЙРЫIIтуурасы:аары.
АЙРЫIII Ача, эки ача; ачаланып, эки башы жогору көтөрүлүп турган. Жол айры болсо, иттин башы каңгы болот (макал). Айдап барып мал берем, Айры өркөчтүү нар берем («Манас»). Асканын көркүн чыгарган, Айры кезең бел болот (Осмонкул).
АЙРЫIVайыр менен бирдей.
Чөп, саман же башка нерселерди сузуп көтөрүү, чачуу, чогултуу үчүн колдонулуучу бир нече ачалуу, узун сабы бар айыл чарба шайманы. Темир айры. Жыгач айры. Акман айрыны колуна кармай басып көчөнүн боюнан чыкты (Сыдыкбеков).
Эки ача, эки айрык болуп турган, ачаланган. Жол айры болсо, иттин башы каңгы болот (макал). Көрүндү бир түп айры шыбак, жүгүрүп келди эки улак (Борбугулов). Алтымыш айры бугудай Шаңкайып турат сыягы («Манас»).
1. раздел, разделение; расщелина; раздвоенный; разодранный; 2. горная ложбина; место слияния двух горных рек; айыл-айыл жылда жайлачу айрыктардан конуш алышкан расположились аулами по горным ложбинам, где обычно летовали каждый год.
зат.1. Кийимдин айрылып калган жери. Наташа чапандын айрыгын ыпыйта кармап тиге баштады (Жантөшев).
2. Бир нерсе тийип, теринин тилинип же тытылып кеткен жери. Ал турмак, колунда сынык тагы бар, Башынын айрык тагы бар («Эр Табылды»).
3. Кийимдин, чүпүрөктүн айрылып, бөлүнүп калган бир бөлүгү, айрындысы.
4. Суунун, жолдун, коктунун ж. б. бөлүнүп кеткен жери, бөлүнүп кеткен бир тармагы, салаасы. Ошол үч айрыктан кечип алып, тиги көрүнгөн белди ары эңкейсеңер, Кең-Суудагы элге жетерсиңер (Жантөшев). Орто жерде арылдап агып Нура суусунун бир айрыгы жатат (Жантөшев). [Төр].. улам өйдөлөгөн сайын бир нече айрыктарга бөлүнөт (Сыдыкбеков).
1. Кийимдин же башка нерсенин айрылып калган жери. Наташа чапандын айрыгын ыпыйта кармап тиге баштады (Жантөшев). Баштыктын айрыгы чоңоюп, талкан чубура турган болду («Жаш ленинчи»). 2. Бир нерсе тийип, дененин айрылып, зыяндап калган жери. Ал турмак, колунда сынык тагы бар, Башында айрык тагы бар («Эр Табылды»). 3. Кийимдин, чүпүрөктүн айрылып, бөлүнүп калган бөлүгү, айрындысы. Этектин айрыгы. Жоолуктун айрыгы. 4. Коктунун, капчыгайдын же суунун бөлүнгөн салаасы. Төр улам өйдөлөгөн сайын бир нече айрыктарга бөлүнөт (Сыдыкбеков). Орто жерде арылдап, Нура суусунун бир айрыгы жатат (Жантөшев).
особенно, в особенности; особый, особенный; айрыкча көңүл бер- обратить особое внимание; проявить особые заботы; айрыкча күч менен с особой силой; с исключительными усилиями.
такт. Башкаларга караганда, өзгөчө, бөтөнчө, артыкча. Бүбүштүн сөзү чындыкка жакындай сезилип, отургандардын көңүлүн айрыкча бурду (Таштемиров). Партия менен өкмөтүбүз азыр агартуу ишине айрыкча назарын бурду (Сыдыкбеков).
Өзгөчө, бөтөнчө. Айрыкча Калдар каршы чыгып, талашканы көз алдында турду (Жантөшев). Жарашпайт экен ичкилик, Айрыкча көк ала сакал карыга (Шүкүрбеков).
возвр.-страд. отайыр- 1. разрываться; разделяться; разлучаться; жорго минген жолдошунан айрылат, көп жашаган курдашынан айрылат погов. тот, кто на иноходца сел, со своими спутниками разлучится, тот, кто долго живёт, со своими сверстниками расстанется; айрылбаган баш калбай, алжайбаган каш калбай фольк. (так сражались, что) не осталось головы нераздвоенной, не осталось брови неразверзнутой; баш айрылса - бөрк ичинде, кол сынса - жең ичинде погов. сора из избы не выносить (букв. если голова рассечена - под шапкой, рука сломалась - в рукаве); жүрөгүм чочуп айрылып, жүдөдүм жаман кайгырып фольк.южн. от испуга сердце моё разрывается, я весь истомился в печали; корккондон жүрөк айрылбайт, кубангандан маңдай жарылбайт погов. от страха сердце не разрывается, от радости лоб не треснет; 2. лишаться; малынан айрылды он лишился своего скота; аттан айрылсаң, айрыл, токумдан айрылба погов. коня лишиться можешь, но сбруи не лишайся (т.е. не теряй надежды опять завести коня; не отчаивайся при неудаче); ынтымактан айрыл- терять сплочённость, утрачивать взаимопонимание; ынтымактан айрылсаң, колуңдан, журтум, иш кетти фольк. если ты, народ, потеряешь сплочённость, дело на лад у тебя не пойдёт; токол эчки мүйүз сураймын деп, кулагынан айрылды погов. комолая коза думала испросить рога, да и ушей лишилась; погнался за большим, да малое потерял; остался у разбитого корыта; Аккуладан айрылсаң, сенин айлаң не болот? фольк. если лишишься Светло-саврасого (коня), что ты будешь делать (какой у тебя будет выход) ?
понуд. отайрыл- раздваивать, раздирать; разлучать; айрылтмакка Көкчөдөн, ар нерсе алып санаага фольк. они всё передумали, как бы разлучить его с Кокче; ата-энеден айрылтып, зыркыратып кыз алган фольк. разлучив с отцом-матерью, он забрал истошно кричавшую дочь; старчын келди, буйламды чойду, жайытымдан, ээмден айрылтып койду стих. пришёл аульный старшина, потянул меня за повод, разлучил меня с хозяином моим и с пастбищем (говорит верблюд); жер айрылта макта- превозносить; рассыпаться в похвалах; Желмаянга аттанып, жер айрылтып мактанып фольк. сев на быстроногого верблюда (см.Желмаян) и сверх меры похваляясь.
айрылыш I и. д. отайрыл- раздвоение; разделение; айрылыш жол то же, чтоайры жол (см.айры I 1). айрылыш- II взаимн. отайрыл-; достуктан айрылыштык мы раздружились.
зат. Жолдун, суунун бир нече тармакка бөлүнгөн, ажыраган жери. Эки жолдун айрылышына келди (Баялинов). Жолой атам айткан үч айрылыш жогору болсо керек деп, Каныбек улам суунун жогору жагынан карайт (Жантөшев).
Суунун же жолдун бир нече тармакка айрылган, бөлүнгөн жери. Бышты жолдун айрылышында чөп жалмалап туруптур (Касымбеков). Бир кезде Тойчубек эки жолдун айрылышына келди (Баялинов).
отдельный, особый; айрым бригадалар боюнча по отдельным бригадам; айрым кишилер отдельные лица; айрымдардын пикирине караганда судя по мнению отдельных лиц; ачык-айрым открыто, явно; откровенно; ясно; ачык-айрым сүйлөш- беседовать откровенно, говорить по душам; ачык-айрым түшүндүр- растолковать точно и ясно.
Iтакт. Кээ бир, кайсы бир. Айрым сабактарды эки кайталап окуду (Сыдыкбеков). Айрым жумушчулар жеңиш вахтасында турушту (Сасыкбаев).
АЙРЫМII: бирайрым — айрып алынган, бөлүнүп алынган, бир чарчы. Бир айрым жоолук. АЙРЫМIII : ачык-айрымк.ачык.
Кээ бир, кайсы бир. Жылдызкан айрым кемчиликтерди оңдоо маселелерин козгогон (Байтемиров). Айрым адамдар бул кептин түйүнүн чече алгыдай эмес («Ала-Тоо»).
айырмач менен бирдей. Айры өркөчтүү нарга артып Айрымач токуп малга артып («Олжобай менен Кишимжан»). Айрымач ээрлүү жорго тай минген жаш бала демитип, камчы менен түртүп коюп, ак тайлактын жинине тийип ойноп келет (Касымбеков).
зат. Кездеменин же башка нерселердин айрып алынган же айрылып калган бөлүгү, айрыгы. [Сыдык].. маңдайына лампа коюп, анын үстүн газетанын айрындысы менен калкалады (Жантешев).
Кездеменин же башка нерсенин айрып алынган же айрылып калган бөлүгү, айрыгы. Малиновский кагаз айрындыларын термелеп чогулта баштады (Сасыкбаев). Афишанын айрындысы.
Адам, киши. Айры төш бирде мырза, бирде кул (Даникеев). Балбанга түшүп байге да алдым. Мен ушул күнгө чейин айры төштүн алдында калганым жок (Токомбаев).
айрыш I и. д. отайыр- 1. раздваивание; разделение; 2. различение. айрыш- II взаимн. отайыр-; капты айрышып кой возьмись за край мешка и помоги держать его открытым (чтобы можно было в него сыпать что-л.); кап берсем, айрышып салыптыр дал я им мешок, а они его разодрали; баш айрышкан төбөлөш болду такая была драка, что головы трещали.
АЙРЫШТЫН САРЫ КАЙКАҢЫ — топоним. Кыргыздардын жылкысына тиймек болгон Домабил баштаган алтайлык калмактар Манастан сокку жеп качышат. Ошондо Жакып жоону кууп бараткан Манасты А. С. К-нан токтотот (Сагымбай Орозбаков, 1. 167).