Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I такт. Кээ бир, кайсы бир. Айрым сабактарды эки кайталап окуду (Сыдыкбеков). Айрым жумушчулар жеңиш вахтасында турушту (Сасыкбаев).
АЙРЫМ I I: бир айрым — айрып алынган, бөлүнүп алынган, бир чарчы. Бир айрым жоолук.
АЙРЫМ I I I : ачык-айрым к. ачык.