АЙРЫК
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Кийимдин же башка нерсенин айрылып калган жери. Наташа чапандын айрыгын ыпыйта кармап тиге баштады (Жантөшев). Баштыктын айрыгы чоңоюп, талкан чубура турган болду («Жаш ленинчи»). 2. Бир нерсе тийип, дененин айрылып, зыяндап калган жери. Ал турмак, колунда сынык тагы бар, Башында айрык тагы бар («Эр Табылды»). 3. Кийимдин, чүпүрөктүн айрылып, бөлүнүп калган бөлүгү, айрындысы. Этектин айрыгы. Жоолуктун айрыгы. 4. Коктунун, капчыгайдын же суунун бөлүнгөн салаасы. Төр улам өйдөлөгөн сайын бир нече айрыктарга бөлүнөт (Сыдыкбеков). Орто жерде арылдап, Нура суусунун бир айрыгы жатат (Жантөшев).