Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Чөп жыйноодо колдонулуучу жыгач сабы бар бир нече ачалуу курал. Темир айры. Жыгач айры.
АЙРЫ II туурасы: аары.
АЙРЫ III Ача, эки ача; ачаланып, эки башы жогору көтөрүлүп турган. Жол айры болсо, иттин башы каңгы болот (макал). Айдап барып мал берем, Айры өркөчтүү нар берем («Манас»). Асканын көркүн чыгарган, Айры кезең бел болот (Осмонкул).
АЙРЫ IV айыр менен бирдей.