АЙРЫЛЫШ Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Суунун же жолдун бир нече тармакка айрылган, бөлүнгөн жери. Бышты жолдун айрылышында чөп жалмалап туруптур (Касымбеков). Бир кезде Тойчубек эки жолдун айрылышына келди (Баялинов).