Киргизско-русский словарь Юдахина
ясный; конкретный;
айкын жолбашчылык конкретное руководство;
айкын көрсөт- ясно показать;
айкын көрүнүп турат ясно видно;
айкын зоо отчётливо выступающая скала;
айкын-ачык или ачык-айкын ясный, чёткий, определённый;
айкын-ачык чаралар белгиленди намечены чёткие мероприятия.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Даана, ачык; анык, так; белгилүү. Алыстан айкын көрүнөт, Желбиреп желге кызыл туу (Нуркамал). Тактап, ойлоп, айкын жообун бериңиз (Аалы). [Кардыгач].. айкын бөксө жол менен абасынын алдын тосуп жөнөп бара жатты («Эр Табылды»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Даана, бүдөмүк эмес, ачык, так, белгилүү. Алыстан айкын көрүнөт, Желбиреп желге кызыл туу (Нуркамал). Элдин моокуму кангандыгы алардын ажарлуу жүздөрүнөн айкын көрүнүп турду (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Айкын кылуу, айкын-ачык болгудай абалга жеткирүү. Закирдин эрдигин төшүндөгү  өкмөттүк  сыйлык  айкындайт (Бөкөнбаев). Карыянын бул акылдуу сөздөрү Айкындады тереңинен чыкканын (Токомбаев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙКЫНДУУЛУК – тигил же бул коомдук маанилүү окуялар менен кубулуштардын (аткаруу жана өкүлчүлүктүү бийлик органдарынын, соттордун, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын иштеринин, тийиштүү органдардын түзүлүшүнүн жана шайлануусунун, мыйзам долбоорлорунун талкууланышынын, талаш-тартыш маселелерди чечүүнүн, коомдук бирикмелердин иштөө тартибин ж. б.) мүмкүн болушунча айкындыгын жана алар тууралуу жарандарды кеңири кабарландырууну билдирүүчү жалпы укуктук аталгы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙКЫН (РЕАЛДУУ) БҮТҮМДӨР – тек гана макулдашуу жетишсиз, ал эми буюмдарды өткөрүп берүү зарыл болгон бүтүмдөр (ошондон улам кийинки лат. realis – буюмдата деп аталган). Мүлктү менчикке өткөрүү же башка айрым бир буюмдук укуктар (м.: зайым), ошондой эле буюмдарды убактылуу берүү боюнча бүтүмдөр А. б. болуп саналдат. Бул буюмдарды берүүсүз карыз берүү тууралуу убадалар эчкандай укуктук натыйжаларга алып келбейт дегенди билдирет. Мунун карама-каршы түрү – консенсуалдык бүтүмдөр.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙКЫН ТОВАР БИРЖАСЫ – накалай товарлар менен гана келишимдер түзүлчү товардык биржанын адепки таризи. А. т. б. соода өндүрүүчү менен керектөөчүнүн (экспортер) ортосундагы байланышты калыптандырат. А. т. б. эреже катары, жергиликтүү маанидеги товарларды дүңүнөн соодалоонун бир таризи болуп саналат же өнүгүп келаткан өлкөлөрдө улуттук кызыкчылыктарды коргоо үчүн уюштурулат. Азыркы учурда айрым гана өлкөлөрдө сакталып калган жана анча чоң эмес жүгүртүмгө ээ.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Режим реального времени (Real-time mode) —Режим обработки платежных документов, информации, обеспечивающий немедленное взаимодействие системы обработки платежных документов, информации с внешними процессами в темпе, соизмеримом со скоростью протекания этих процессов.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Межбанковская гроссовая система расчетов в режиме реального времени (Interbank real-time gross settlement system) —Тип платежной системы, в которой осуществляются переводы по денежным обязательствам участников финансовых рынков (национального денежного, валютного рынков и рынка капитала и ценных бумаг), а также переводы, связанные с применением инструментов денежно-кредитной политики.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Гроссовая система расчетов в режиме реального времени (Real-time gross settlement system) —Совокупность процедур, правил, технологий и технической инфраструктуры, обеспечивающая проведение межбанковских срочных и крупных платежей и осуществление окончательного расчета по каждому платежу на индивидуальной основе в режиме реального времени.