1. окрик при окарауливании стада;
2. охот. ату!;
3. то же, что айдакчы;
айдактын ити
1) собака загонщика;
сен айдактын ити эмей, ким айдактын ити? если не ты, так кто же собака загонщика?
2) перен. угодливый и ревностный исполнитель чужой воли;
4. охот. гон;
көрүп-көрбөй чуркаса, иттин көркү айдакта стих. красота (охотничьей) собаки в том, что она гонит (зверя), видя или не видя (его);
5. перен. окрик (напр. погонщика, конвоира); понукание;
...коркконунан айдакка көнүп жүргөн андан көп фольк. ... а ещё больше таких, кто из боязни привык к понуканиям.
сырд. 1. Итти тукурууда колдонулуучу сөз. Ой-тоону бузуп жапырып: Айдак, айдак, айдак—деп, Куу түлкүнү шаштырып («Семетей»).
2. өт. Тукурук, тукуруу.
Кыргыз тилинде итти тукуруу үчүн айдак, туайт, айт сөздөрү колдонулат. Булардын алдыңкы экөө жалаң гана итти тукурууда айтылса, акыркысы малды кайрууда жана башка жаныбарларды тукурууда да жумшалат.
Бул сөздүн тыбыштарында айырмачылык болгон менен, составында бирдейлик бардыгы оңой баамда-лат: айд+ак, ту+айт, айт. Баарына орток болгон айт уңгусу итти тукуруучу сөздөргө негиз болгон.
Ошол айт уңгусу эмне деген маанидеги сөз экендигине мындайча жооп берүүгө болот. Азыркы кыргызча ит деген сөз казак тилинде ыйт болуп айтылат, бирок ит түрүндө жазылат. А. М. Щербак ыйт түрүндөгүсү эң байыркы формасы деп эсептейт (Щербак, 970, 194). Ушул пикирге кошулуп, байыркы мезгилде ыйт жана айт деген сөздөр а жана ы тыбыштарын алмаштырып, варианттуу айтылган деген болжолго келебиз. Ал варианттар ит деген маани берген.
Итти тукуруу үчүн байыркы кыргыздар ит деген сөздүн өзүн айткан, антпесе ит башка жаныбарга айтып жаткан экен деп, тукурганды «түшүнбөй» калышы мүмкүн деп билишкен. Айдак сөзү айт+ак деген бөлүктөрдөн турат. Мунун айт деген уңгусу — жогор-ку ит деген маанидеги сөз: ит<ыйт>айт. Ага -ак мүчөсү уланганда, эки үндүүнүн ортосундагы т тыбышы д тыбышына өзгөрүп кеткен. Мындай кубулуш азыркы кыргыз тилинин фонетикасында жок, бирок этимологиялык талдоолордун негизинде айрым сөздөргө бул сыяктуу кубулуштар сейрек болсо да учурайт. Жогорку -ак мүчөсүнүн маанисин так айтуу азырынча кыйын. Ошондой болсо да анын маанисин болжолдоого болот. Азербайжанча кешөк, кара калпакча кешек сөзү «бото» маанисин берет. Кыргыз тилинде көш-көш! деген сөз аркылуу жалпы эле төөлөрдү чакырат. Буларды өз ара салыштырганда -ак мүчөсү уңгуга эч кандай жаңы маани бербей турганы аныкталат, ал бирде жаныбардын атын билдирген сөзгө уланса, бирде ал жаныбарды чакырган сөзгө кошулат.
1. Итти бирөөгө же бир нерсеге тукуруп, «кубала», «ал», «тиште» деген мааниде кыйкырып айтылуучу сөз. Ой-тоону бузуп жапырып, Айдак, айдак, айдак деп, Куу түлкүнү шаштырып («Семетей»). 2. Короо кайтарганда ит-кушка, ууру-бөрүгө дабыш салып, сес кылуу үчүн колдонулуучу кыйкырык. 3. өтм. Бирөөгө каршы көкүтүү, тукурук. Бирөөнүн айдагына көнбөө. Акындардын чабалы Билгенин айкын айта албай, Айдактап койсо бирөөгө Ээлигет, сөзүн кайтарбайт (Токомбаев). Сейитти бирөө айдактабай койду дейсиңби! (Сасыкбаев).
этиш. 1. Итти тукуруу. [Алыбек] анда-санда иттерин айдактап коёт (Жантөшев).
2. өт. Башка бирөөгө тукуруу, өчөгүштүрүү, кайраштыруу. [Сейитти.].. бирөө айдактабай койду дейсиңби (Сасыкбаев).
1. (о пастухах, караулящих стадо) окрикивать;
2. охот. кричать "ату!";
3. перен. грубо окрикивать.
айдакта этишинин туюк мамилеси.
айдакта этишинин аркылуу мамилеси.
айдакта этишинин аркылуу мамилеси.
айдакта этишинин кыймыл атоочу.
айдакта этишинин кыймыл атоочу.
охот.
загонщик (тот, кто гонит зверя, крича собакам "ату!").
1. Байгеге кошулган аттарды жандап, жарышка айдап барып кошуучу киши. 2. Мергенчи киши аң уулаганда ага аң айдап, кыйкырык-сүрөөн салып туруучу киши. 3. Кийик уулаганда кийикти тосотто, камакта отурган мергенчиге айдап берүүчү анын жолдошу. 4. өт. Бакырып, кыйкырып сүйлөгөн адам. Айдакча адам экен. 5. Чакмак таш оюнунда «үйгө» айдап киргизиле турганы.