Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз тилинде итти тукуруу үчүн айдак, туайт, айт сөздөрү колдонулат. Булардын алдыңкы экөө жалаң гана итти тукурууда айтылса, акыркысы малды кайрууда жана башка жаныбарларды тукурууда да жумшалат. Бул сөздүн тыбыштарында айырмачылык болгон менен, составында бирдейлик бардыгы оңой баамда-лат: айд+ак, ту+айт, айт. Баарына орток болгон айт уңгусу итти тукуруучу сөздөргө негиз болгон. Ошол айт уңгусу эмне деген маанидеги сөз экендигине мындайча жооп берүүгө болот. Азыркы кыргызча ит деген сөз казак тилинде ыйт болуп айтылат, бирок ит түрүндө жазылат. А. М. Щербак ыйт түрүндөгүсү эң байыркы формасы деп эсептейт (Щербак, 970, 194). Ушул пикирге кошулуп, байыркы мезгилде ыйт жана айт деген сөздөр а жана ы тыбыштарын алмаштырып, варианттуу айтылган деген болжолго келебиз. Ал варианттар ит деген маани берген. Итти тукуруу үчүн байыркы кыргыздар ит деген сөздүн өзүн айткан, антпесе ит башка жаныбарга айтып жаткан экен деп, тукурганды «түшүнбөй» калышы мүмкүн деп билишкен. Айдак сөзү айт+ак деген бөлүктөрдөн турат. Мунун айт деген уңгусу — жогор-ку ит деген маанидеги сөз: ит<ыйт>айт. Ага -ак мүчөсү уланганда, эки үндүүнүн ортосундагы т тыбышы д тыбышына өзгөрүп кеткен. Мындай кубулуш азыркы кыргыз тилинин фонетикасында жок, бирок этимологиялык талдоолордун негизинде айрым сөздөргө бул сыяктуу кубулуштар сейрек болсо да учурайт. Жогорку -ак мүчөсүнүн маанисин так айтуу азырынча кыйын. Ошондой болсо да анын маанисин болжолдоого болот. Азербайжанча кешөк, кара калпакча кешек сөзү «бото» маанисин берет. Кыргыз тилинде көш-көш! деген сөз аркылуу жалпы эле төөлөрдү чакырат. Буларды өз ара салыштырганда -ак мүчөсү уңгуга эч кандай жаңы маани бербей турганы аныкталат, ал бирде жаныбардын атын билдирген сөзгө уланса, бирде ал жаныбарды чакырган сөзгө кошулат.