Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Итти бирөөгө же бир нерсеге тукуруп, «кубала», «ал», «тиште» деген мааниде кыйкырып айтылуучу сөз. Ой-тоону бузуп жапырып, Айдак, айдак, айдак деп, Куу түлкүнү шаштырып («Семетей»). 2. Короо кайтарганда ит-кушка, ууру-бөрүгө дабыш салып, сес кылуу үчүн колдонулуучу кыйкырык. 3. өтм. Бирөөгө каршы көкүтүү, тукурук. Бирөөнүн айдагына көнбөө. Акындардын чабалы Билгенин айкын айта албай, Айдактап койсо бирөөгө Ээлигет, сөзүн кайтарбайт (Токомбаев). Сейитти бирөө айдактабай койду дейсиңби! (Сасыкбаев).