АЙ-КҮНҮНӨ ЖЕТҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Төрөй турган мезгили келүү, төрөрүнө жакын калуу. Ай-күнүнө жетип турган келинчеги Айганыш, тигине, кыз-келиндердин катарында тамылжып отурат (Сыдыкбеков). Ошол тапта Асылкандын ай-күнүнө жетип калган учуру эле (Өмүрбаев). Хандын катынынын боюна бүтүп, ай-күнүнө жетип, толгоо кирди (жомок).